ЖЕРДЕШТИРҮҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕРДЕШТИРҮҮ</b> (з а з е м л е н и е) – машина, | <b type='title'>ЖЕРДЕШТИРҮҮ</b> (з а з е м л е н и е) – машина, | ||
аппарат, приборлорду ж. у. с. шаймандарды жер м-н электрдик туташтыруу. Арналышына жа­раша коргоочу | аппарат, приборлорду ж. у. с. шаймандарды жер м-н электрдик туташтыруу. Арналышына жа­раша коргоочу жердештирүү (мисалы, электр машиналары­нын корпустарын, аппараттарды электр тогу­нан коргойт), жумушчу жердештирүү (мисалы, трансформа­торлордун нейтралдуу чынжырларын же радио­техникалык антенналарын жердештирүү) ж-а чагылгандан сак­тагыч болуп айырмаланат. Коргоочу жердештирүү. бирин­чи иретте адамды электр тогунан сактайт. Эгерде кокусунан түзүлүштө кыска туташуу болсо, электр тогу жердештирүүчү өткөргүч аркылуу адамга зыян келтирбей өтүп кетет (себеби, жер туруктуу нөл потенциалына ээ), ошондой эле электр чынжыр­ларын коргоо үчүн (мисалы, жогорку жыштыктуу же начар электр сигналдарын өткөрүүчү кабел­дерди тышкы тоскоолдуктардан) колдонулат. Жердештиргичтер жерге көмүлгөн тик кагыл­ган темир түтүктөн, рельстен, жез тилкелерден же өткөргүчтөн турат. Жердештирүү каршылыгын азай­туу үчүн жердештиргичтер жер кыртышындагы суунун деңгээлинде жайгаштырылат. Мачта ан­тенналуу радио берүү станцияларында жердеш­тиргичтер 15–20 <i>см</i> тереңдикке көмүлгөн, тол­кун узундугунун 0,35тен 0,5 бөлүгүн түзгөн тор зымдан жасалат. Кээде жердештиргич катары темир трос же чынжыр колдонулат. Чагылган­дан сактагыч жердештирүү чагылган учурунда пайда бол­гон токтон электр жабдууларын сактоого арна­лып, 200 <i>кА</i> ток күчүнө эсептелет. | ||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
03:50, 16 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕРДЕШТИРҮҮ (з а з е м л е н и е) – машина, аппарат, приборлорду ж. у. с. шаймандарды жер м-н электрдик туташтыруу. Арналышына жараша коргоочу жердештирүү (мисалы, электр машиналарынын корпустарын, аппараттарды электр тогунан коргойт), жумушчу жердештирүү (мисалы, трансформаторлордун нейтралдуу чынжырларын же радиотехникалык антенналарын жердештирүү) ж-а чагылгандан сактагыч болуп айырмаланат. Коргоочу жердештирүү. биринчи иретте адамды электр тогунан сактайт. Эгерде кокусунан түзүлүштө кыска туташуу болсо, электр тогу жердештирүүчү өткөргүч аркылуу адамга зыян келтирбей өтүп кетет (себеби, жер туруктуу нөл потенциалына ээ), ошондой эле электр чынжырларын коргоо үчүн (мисалы, жогорку жыштыктуу же начар электр сигналдарын өткөрүүчү кабелдерди тышкы тоскоолдуктардан) колдонулат. Жердештиргичтер жерге көмүлгөн тик кагылган темир түтүктөн, рельстен, жез тилкелерден же өткөргүчтөн турат. Жердештирүү каршылыгын азайтуу үчүн жердештиргичтер жер кыртышындагы суунун деңгээлинде жайгаштырылат. Мачта антенналуу радио берүү станцияларында жердештиргичтер 15–20 см тереңдикке көмүлгөн, толкун узундугунун 0,35тен 0,5 бөлүгүн түзгөн тор зымдан жасалат. Кээде жердештиргич катары темир трос же чынжыр колдонулат. Чагылгандан сактагыч жердештирүү чагылган учурунда пайда болгон токтон электр жабдууларын сактоого арналып, 200 кА ток күчүнө эсептелет.