ЖЕТИ АТА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖЕТИ АТА</b> – кыргыздардагы ата текти билүүгө байланышкан генеал. түшүнүк. Ж. а-нын эл&shy;дик генеал. түшүнүк катары кабыл алынышы патриархалдык-көчмөн салтка байланышкан. Ж. а. кыргыз коомунда социалдык маанилүү роль ойногон. Салтка ылайык кыргыз коомун&shy;дагы ар бир адам өзүнүн Ж. а-сын билүүгө ти&shy;йиш болгон. Ж. а-сын билбеген адам кул ката&shy;ры кабыл алынган. 19-к-дын аягында Кырг-нга келген орус адамы мындай деп жазган: «Бейтаа&shy;ныш адам ж-дө бир нерсе билүү максатын&shy;да: “Сенин жети атаң ким болгон”,– деп сура&shy;шат. Бул суроого абдан так жооп беришке кыр&shy;гыздын ар бир баласынын кудурети жетет».
<b type='title'>ЖЕТИ АТА</b> – кыргыздардагы ата текти билүүгө байланышкан генеалогиялык түшүнүк. Жети атанын эл&shy;дик генеалогиялык түшүнүк катары кабыл алынышы патриархалдык-көчмөн салтка байланышкан. Жети ата кыргыз коомунда социалдык маанилүү роль ойногон. Салтка ылайык кыргыз коомун&shy;дагы ар бир адам өзүнүн жети атасын билүүгө ти&shy;йиш болгон. Жети атасын билбеген адам кул ката&shy;ры кабыл алынган. 19-кылымдын аягында Кыргызстанга келген орус адамы мындай деп жазган: «Бейтаа&shy;ныш адам жөнүндө бир нерсе билүү максатын&shy;да: “Сенин жети атаң ким болгон”,– деп сура&shy;шат. Бул суроого абдан так жооп беришке кыр&shy;гыздын ар бир баласынын кудурети жетет». «Ким өзүнүн жети атасын билбесе, эл безери»,– деп окутат кыргыздын адеп кодекси. Жети ата өзүнө тиешелүү төмөнкүдөй терминдер м-н аталып, эл&shy;дин аң-сезимине абдан терең сиңген: ата, чоң ата, баба, буба, кубаар, жото, жете. Элдин эсин&shy;де сакталып калган «кубаарыңдын куу чокусу, мадериңдин баш териси» (мадер түштүк диалекти&shy;де эне), «кудай кылса кубаарыңдын акысы бар&shy;бы?», «жото-жетесиз кул», «жетеге жетчү кек», «жети атасынан бери жиликтеп сура» деген сыяктуу көөнө түшүнүктөр мындай салттын байыркылыгын ырастайт. Жети атаны сүрүштүрүү салты уруу ичиндеги никелик мамилелерди жөнгө салып, элдин генеалогиялык тазалыгын сактап калуу ж-а биологиялык популяциясына, өсүп-өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзгөн. «Ал кезде жети атасын сурап кыз бермек ырасим болгон», – деп айты&shy;лат. Кыргыздар байыртадан бийик тоо шар&shy;тында бири биринен обочолонуп жашагандык&shy;тан, тукумдун тазалыгын сакташ үчүн нике мамилелерин жөнгө салуу зарыл болгон. Бул адат боюнча жети муун өтмөйүнчө никеге турууга тыюу салынган. Муну илим жети муундук эк&shy;зогамия деп аташат. Бул отурукташкан элдер&shy;ден айырмаланып, кыргыздарда никенин ж-а урпак-тукумду өстүрүүнүн өзүнчө маданияты иште&shy;лип чыккандыгын айгинелейт. Ушундан улам жети атасын сүрүштүрүү салты келип чыккан. Анын баштапкы негиздери урук ичиндеги экзогамия&shy;лык талаптарга байланышса, кийин коомдо мыйзам сыяктуу турмуштук кодекске айланган. Анткени, патриархалдык коомдогу уруктун ар бир адамы жети атасын так билгенде гана кайсы урукка таандык экендигин далилдей алган.
«Ким өзүнүн жети атасын билбесе, эл безери»,–
деп окутат кыргыздын адеп кодекси. Ж. а. өзүнө тиешелүү төмөнкүдөй терминдер м-н аталып, эл&shy;дин аң-сезимине абдан терең сиңген: ата, чоң ата, баба, буба, кубаар, жото, жете. Элдин эсин&shy;де сакталып калган «кубаарыңдын куу чокусу, мадериңдин баш териси» (мадер түш. диалекти&shy;де эне), «кудай кылса кубаарыңдын акысы бар&shy;бы?», «жото-жетесиз кул», «жетеге жетчү кек»,
«жети атасынан бери жиликтеп сура» деген сыяктуу көөнө түшүнүктөр мындай салттын байыркылыгын ырастайт. Ж. а-ны сүрүштүрүү салты уруу ичиндеги никелик мамилелерди жөнгө салып, элдин генеал. тазалыгын сактап
калуу ж-а биол. популяциясына, өсүп-өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзгөн. «Ал кезде жети атасын сурап кыз бермек ырасим болгон», – деп айты&shy;лат. Кыргыздар байыртадан бийик тоо шар&shy;тында бири биринен обочолонуп жашагандык&shy;тан, тукумдун тазалыгын сакташ үчүн нике мамилелерин жөнгө салуу зарыл болгон. Бул адат б-ча жети муун өтмөйүнчө никеге турууга тыюу салынган. Муну илим жети муундук эк&shy;зогамия деп аташат. Бул отурукташкан элдер&shy;ден айырмаланып, кыргыздарда никенин ж-а урпак-тукумду өстүрүүнүн өзүнчө мад-ты иште&shy;лип чыккандыгын айгинелейт. Ушундан улам Ж. а-сын сүрүштүрүү салты келип чыккан. Анын баштапкы негиздери урук ичиндеги экзогамия&shy;лык талаптарга байланышса, кийин коомдо мыйзам сыяктуу турмуштук кодекске айланган. Анткени, патриархалдык коомдогу уруктун ар бир адамы Ж. а-сын так билгенде гана кайсы урукка таандык экендигин далилдей алган.


Ад.: <i>Абрамзон С. М</i>. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; <i>Аса&shy;нов Т. И</i>. Кыргыздардын этносаясий түзүлүшүнүн жана тарыхый байланыштарынын санжырада чагыл&shy;дырылышы. Б., 1999.


 
<i>Т. И. Асанов.</i>  
Ад.: <i>Абрамзон С. М</i>. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; <i>Аса&shy;нов Т. И</i>. Кыргыздардын этносаясий түзүлүшүнүн жана тарыхый байланыштарынын санжырада чагыл&shy;дырылышы. Б., 1999. <i>Т. И. Асанов.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]]
[[Категория:3-том, 327-448 бб]]
 

09:09, 16 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕТИ АТА – кыргыздардагы ата текти билүүгө байланышкан генеалогиялык түшүнүк. Жети атанын эл­дик генеалогиялык түшүнүк катары кабыл алынышы патриархалдык-көчмөн салтка байланышкан. Жети ата кыргыз коомунда социалдык маанилүү роль ойногон. Салтка ылайык кыргыз коомун­дагы ар бир адам өзүнүн жети атасын билүүгө ти­йиш болгон. Жети атасын билбеген адам кул ката­ры кабыл алынган. 19-кылымдын аягында Кыргызстанга келген орус адамы мындай деп жазган: «Бейтаа­ныш адам жөнүндө бир нерсе билүү максатын­да: “Сенин жети атаң ким болгон”,– деп сура­шат. Бул суроого абдан так жооп беришке кыр­гыздын ар бир баласынын кудурети жетет». «Ким өзүнүн жети атасын билбесе, эл безери»,– деп окутат кыргыздын адеп кодекси. Жети ата өзүнө тиешелүү төмөнкүдөй терминдер м-н аталып, эл­дин аң-сезимине абдан терең сиңген: ата, чоң ата, баба, буба, кубаар, жото, жете. Элдин эсин­де сакталып калган «кубаарыңдын куу чокусу, мадериңдин баш териси» (мадер түштүк диалекти­де эне), «кудай кылса кубаарыңдын акысы бар­бы?», «жото-жетесиз кул», «жетеге жетчү кек», «жети атасынан бери жиликтеп сура» деген сыяктуу көөнө түшүнүктөр мындай салттын байыркылыгын ырастайт. Жети атаны сүрүштүрүү салты уруу ичиндеги никелик мамилелерди жөнгө салып, элдин генеалогиялык тазалыгын сактап калуу ж-а биологиялык популяциясына, өсүп-өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзгөн. «Ал кезде жети атасын сурап кыз бермек ырасим болгон», – деп айты­лат. Кыргыздар байыртадан бийик тоо шар­тында бири биринен обочолонуп жашагандык­тан, тукумдун тазалыгын сакташ үчүн нике мамилелерин жөнгө салуу зарыл болгон. Бул адат боюнча жети муун өтмөйүнчө никеге турууга тыюу салынган. Муну илим жети муундук эк­зогамия деп аташат. Бул отурукташкан элдер­ден айырмаланып, кыргыздарда никенин ж-а урпак-тукумду өстүрүүнүн өзүнчө маданияты иште­лип чыккандыгын айгинелейт. Ушундан улам жети атасын сүрүштүрүү салты келип чыккан. Анын баштапкы негиздери урук ичиндеги экзогамия­лык талаптарга байланышса, кийин коомдо мыйзам сыяктуу турмуштук кодекске айланган. Анткени, патриархалдык коомдогу уруктун ар бир адамы жети атасын так билгенде гана кайсы урукка таандык экендигин далилдей алган.

Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Аса­нов Т. И. Кыргыздардын этносаясий түзүлүшүнүн жана тарыхый байланыштарынын санжырада чагыл­дырылышы. Б., 1999.

Т. И. Асанов.