ЖЕТИ-СУУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕТИ-СУУ</b> – Казакстандын | <b type='title'>ЖЕТИ-СУУ</b> – Казакстандын түштүк-чыгыш бөлүгү, түндүгүнөн Балкаш көлү, түндүк-чыгышынан Са­сык-Көл ж-а Ала-Көл, түштүк-чыгышынан Жуң­гар Ала-Тоосу, түштүгүнөн Түндүк Теңир-Тоо м-н чектешкен тарыхый-географиялык аймак. Тарыхый нускалар ж-а илимий изилдөөлөр боюнча Жети-Суунун аталышы жети өзөнгө байланышкан. Ай­рым илимпоздор Лепси, Баскан, Саркант, Ак- Суу, Бойон, Кара-Тал ж-а Кел-Суу дарыяларын атаса, кээ бирлери Баскан, Саркант дарыяларынын ордуна Аягөз м-н Илени атаган. В. В. <i>Бартольд</i> Иле д-нын түндүк-чыгышындагы Көк-Суу, Кара-Тал, Кызыл- Агач, Бөйөн, Ак-Суу, Баскан, Лепси сууларын эсептесе, А. К. Гейнс Кызыл-Агачтын ордуна Саркант суусун киргизген. 1867-жылы Түркстан ге­нерал-губернаторлугунун алдында Жети-Суу (Се­миречье) облусу түзүлүп, ага Ысык-Көл (кийин Ка­ракол), Токмок (кийин Пишпек) уезддери ка­рап, чек арасы Кургаты ж-а Чүй суусунун оң жак жээги м-н өткөндүктөн, бул облуска кир­ген аймактар жалпысынан Жети-Суу деген түшүнүк алган. <i>Улуу Жибек жолунда</i> жайгашкандык­тан, байыртадан өнүккөн маданиятка ээ болуп, Жети-Сууда б. з. ч. 7–4-кылымдарда сак урууларына (кытай­ча сэ) караган тайпалар жашап келишкен. Б. з. ч. 2-кылымда аларды <i>юечжилер</i> сүрүп чыгып, <i>Кушан</i> державасын түзүшкөн. Б. з. ч. 1-кылымдан б. з. 4-к­ылымынын башына чейин <i>усундар</i>; 4–6-кылымдарда <i>жу­жаңдар</i> мекендешкен. 6-кылымда <i>Түрк кагандыгы</i> (581-жылы Батыш ж-а Чыгыш Түрк кагандыктары болуп бөлүнгөн) ж-а 8-кылымдын башында <i>Түргөш кагандыгынын</i>, 766-жылы карлуктардын Суябды басып алышы м-н алардын ээлигинде калат (к. <i>Карлук кагандыгы</i>). 9–10-кылымдарда <i>жикил­дер</i> ж-а кыргыздар (хырхыс) Жети-Сууда жаша­ганы перс тилиндеги эмгектерде эскерилген (к. <i>«Худуд-ал-алам»</i>). 10–11-кылымдарда Караханиддер мам­лекетинин курамына кирип, 1129–30-жылдарда кидан­дар каратып алган. 1218-жылы Жети-Сууну <i>Чыңгыз­хан</i> басып алып, көп өтпөй <i>Чагатай улусунун,</i> 14-кылымда Хайду негиздеген мамлекеттин, 15-кылымда <i>Моголстандын</i> курамына кирген. Султан Са­йид (1514–33) ж-а Абд ар-Рашид (1533–65) хан­дардын тушунда кыргыздар м-н казактар бир­гелешип моголдорду Жети-Суудан сүрүп чыгышкан. 16-кылымдын 60–70-жылдарында анын толук эмес бөлүгү жаңы түптөлүп жаткан Казак хандыгы­нын курамына кирген. 17-кылымдын аягы – 18-к­ылымдын 50-жылдарына чейин <i>Жуңгар хандыгынын (1635–1758)</i> кол алдында калган. Жуңгар хан­дыгы талкалангандан кийин Олуя-Атадан Илеге чейин солто, чекир саяк, сарыбагыш уруулары көчүп келген (к. <i>Кыргыздардын Чүйгө келиши</i>). 19-кылымдын башында Иленин оң жээгине чейинки аймак Кокон хандыгынын ээлигине өтүп, чеп­терди курдурткан. 1860-жылдардагы Узун-Агач согушунда кокондуктардын жеңилиши м-н Жети-Суу акырындап Россия мамлекетинин коло­ниясына айланган. 1924–25-жылдарда Орто Азиядагы советтик республикаларда жүргүзүлгөн улуттук-мамлекеттик чек ара­ларды бөлүштүрүүдөн кийин Жети-Суу Кыргызстан м-н Казакстандын курамында калган.<br>Ад: <i>Бартольд В. В</i>. Очерк истории Семиречья / Соч., т. II (1). М., 1963; <i>Румянцев П. П.</i> Уезды Джетысу. А., 2000; <i>Мырза Мухаммед Хайдар Дулати.</i> Тарих-и Рашиди. А., 1999; Алымбектин санжырасы. Б., 2007. | ||
чектешкен тарыхый- | |||
<i>«Худуд-ал-алам»</i>). 10–11- | |||
чейин солто, чекир саяк, сарыбагыш уруулары көчүп келген (к. <i>Кыргыздардын Чүйгө келиши</i>). 19- | |||
<br>Ад: <i>Бартольд В. В</i>. Очерк истории Семиречья / Соч., т. II (1). М., 1963; <i>Румянцев П. П.</i> Уезды Джетысу. А., 2000; <i>Мырза Мухаммед Хайдар Дулати.</i> Тарих-и Рашиди. А., 1999; Алымбектин санжырасы. Б., 2007. | |||
<i>Э. Турганбаев.</i> | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
09:28, 16 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕТИ-СУУ – Казакстандын түштүк-чыгыш бөлүгү, түндүгүнөн Балкаш көлү, түндүк-чыгышынан Сасык-Көл ж-а Ала-Көл, түштүк-чыгышынан Жуңгар Ала-Тоосу, түштүгүнөн Түндүк Теңир-Тоо м-н чектешкен тарыхый-географиялык аймак. Тарыхый нускалар ж-а илимий изилдөөлөр боюнча Жети-Суунун аталышы жети өзөнгө байланышкан. Айрым илимпоздор Лепси, Баскан, Саркант, Ак- Суу, Бойон, Кара-Тал ж-а Кел-Суу дарыяларын атаса, кээ бирлери Баскан, Саркант дарыяларынын ордуна Аягөз м-н Илени атаган. В. В. Бартольд Иле д-нын түндүк-чыгышындагы Көк-Суу, Кара-Тал, Кызыл- Агач, Бөйөн, Ак-Суу, Баскан, Лепси сууларын эсептесе, А. К. Гейнс Кызыл-Агачтын ордуна Саркант суусун киргизген. 1867-жылы Түркстан генерал-губернаторлугунун алдында Жети-Суу (Семиречье) облусу түзүлүп, ага Ысык-Көл (кийин Каракол), Токмок (кийин Пишпек) уезддери карап, чек арасы Кургаты ж-а Чүй суусунун оң жак жээги м-н өткөндүктөн, бул облуска кирген аймактар жалпысынан Жети-Суу деген түшүнүк алган. Улуу Жибек жолунда жайгашкандыктан, байыртадан өнүккөн маданиятка ээ болуп, Жети-Сууда б. з. ч. 7–4-кылымдарда сак урууларына (кытайча сэ) караган тайпалар жашап келишкен. Б. з. ч. 2-кылымда аларды юечжилер сүрүп чыгып, Кушан державасын түзүшкөн. Б. з. ч. 1-кылымдан б. з. 4-кылымынын башына чейин усундар; 4–6-кылымдарда жужаңдар мекендешкен. 6-кылымда Түрк кагандыгы (581-жылы Батыш ж-а Чыгыш Түрк кагандыктары болуп бөлүнгөн) ж-а 8-кылымдын башында Түргөш кагандыгынын, 766-жылы карлуктардын Суябды басып алышы м-н алардын ээлигинде калат (к. Карлук кагандыгы). 9–10-кылымдарда жикилдер ж-а кыргыздар (хырхыс) Жети-Сууда жашаганы перс тилиндеги эмгектерде эскерилген (к. «Худуд-ал-алам»). 10–11-кылымдарда Караханиддер мамлекетинин курамына кирип, 1129–30-жылдарда кидандар каратып алган. 1218-жылы Жети-Сууну Чыңгызхан басып алып, көп өтпөй Чагатай улусунун, 14-кылымда Хайду негиздеген мамлекеттин, 15-кылымда Моголстандын курамына кирген. Султан Сайид (1514–33) ж-а Абд ар-Рашид (1533–65) хандардын тушунда кыргыздар м-н казактар биргелешип моголдорду Жети-Суудан сүрүп чыгышкан. 16-кылымдын 60–70-жылдарында анын толук эмес бөлүгү жаңы түптөлүп жаткан Казак хандыгынын курамына кирген. 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын 50-жылдарына чейин Жуңгар хандыгынын (1635–1758) кол алдында калган. Жуңгар хандыгы талкалангандан кийин Олуя-Атадан Илеге чейин солто, чекир саяк, сарыбагыш уруулары көчүп келген (к. Кыргыздардын Чүйгө келиши). 19-кылымдын башында Иленин оң жээгине чейинки аймак Кокон хандыгынын ээлигине өтүп, чептерди курдурткан. 1860-жылдардагы Узун-Агач согушунда кокондуктардын жеңилиши м-н Жети-Суу акырындап Россия мамлекетинин колониясына айланган. 1924–25-жылдарда Орто Азиядагы советтик республикаларда жүргүзүлгөн улуттук-мамлекеттик чек араларды бөлүштүрүүдөн кийин Жети-Суу Кыргызстан м-н Казакстандын курамында калган.
Ад: Бартольд В. В. Очерк истории Семиречья / Соч., т. II (1). М., 1963; Румянцев П. П. Уезды Джетысу. А., 2000; Мырза Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999; Алымбектин санжырасы. Б., 2007.
Э. Турганбаев.