ЖЕТИ-ӨГҮЗ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЕТИ-ӨГҮЗ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ</b> – Ысык-Көл | <b type='title'>ЖЕТИ-ӨГҮЗ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ</b> – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы дарылык касие­ти бар минералдуу жылуу суу булактары. Ка­ракол шаарынан 28 <i>км</i> түш.-батыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Жети-Өгүз суусу­нун боюнда, деңиз деңгээлинен 2200–2400 <i>м</i> бийиктик­те. Ысык булактар жергиликтүү элге илгертен белгилүү. Булактар чыккан аймакта протерозойдун мета­морфизмделген сланецтери ж-а аны жиреп чык­кан гранит интрузиясы, карбондун акиташ теги, кумдук, алевролит, юранын конгломераттары ж-а палеоген-неогендин кум-чополуу тоо текте­ри жатат. Жылуу суулар акиташ тектериндеги тектоникалык жаракалардан агып чыгат. Ошондой эле 150 <i>м</i> тереңдиктен бургулаганда да суу чыккан. Деби­ти 2,7 <i>л/сек</i>. Химиялык курамы, физикалык касиети боюнча радондуу, хлорид-натрий-кальцийлүү, чала же­гичтүү (рН 7,3–7,6) арашан сууларына кирет. Температурасы 25–42°С. Жалпы минералданышы 0,9 дан 13 <i>г/л</i>ге чейин. Түссүз, жытсыз, даам­сыз. Курамында бром, йод, бор, марганец, жез, никель, коргошун, цинк, алюминий бар. Биологиялык активдүү компоненти радон, анын өлчөмү 18– 400 <i>Махе</i> бирдигине же 127,4Ч10<sup>–8 </sup><i>кюри/л</i>ге че­йин. Эсептелген запасы суткасына 0,4452 миң <i>м</i><sup>3 </sup>(1965). Муун, нерв, гинекологиялык ж. б. ооруларга шы­баа берет. Суунун базасында <i>Жети-Өгүз курор­ту</i> иштейт. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
10:19, 16 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЕТИ-ӨГҮЗ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы дарылык касиети бар минералдуу жылуу суу булактары. Каракол шаарынан 28 км түш.-батыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Жети-Өгүз суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2200–2400 м бийиктикте. Ысык булактар жергиликтүү элге илгертен белгилүү. Булактар чыккан аймакта протерозойдун метаморфизмделген сланецтери ж-а аны жиреп чыккан гранит интрузиясы, карбондун акиташ теги, кумдук, алевролит, юранын конгломераттары ж-а палеоген-неогендин кум-чополуу тоо тектери жатат. Жылуу суулар акиташ тектериндеги тектоникалык жаракалардан агып чыгат. Ошондой эле 150 м тереңдиктен бургулаганда да суу чыккан. Дебити 2,7 л/сек. Химиялык курамы, физикалык касиети боюнча радондуу, хлорид-натрий-кальцийлүү, чала жегичтүү (рН 7,3–7,6) арашан сууларына кирет. Температурасы 25–42°С. Жалпы минералданышы 0,9 дан 13 г/лге чейин. Түссүз, жытсыз, даамсыз. Курамында бром, йод, бор, марганец, жез, никель, коргошун, цинк, алюминий бар. Биологиялык активдүү компоненти радон, анын өлчөмү 18– 400 Махе бирдигине же 127,4Ч10–8 кюри/лге чейин. Эсептелген запасы суткасына 0,4452 миң м3 (1965). Муун, нерв, гинекологиялык ж. б. ооруларга шыбаа берет. Суунун базасында Жети-Өгүз курорту иштейт.