БЕТОН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЕТО́Н''' ( | '''БЕТО́Н''' (французча betоп, латынча hitumеп – тоо чайыры), к у й м а т а ш – батташтыргычтар (суулуу же суусуз), толтургучтар, кээде атайын кошулма­лардын тыгыздалган аралашмаларынан каты­рып алынуучу жасалма таш материал; негизги курулуш материалынын бири. Калыптоого че­йин аталган аралашма бетон аралашмасы деп ата­лат. Ал батташтыргычына жараша органикалык эмес бат­таштыргычтан (цемент-, гипс-, силикат-, ысык­ка чыдамдуу бетон жана башка атайын даярдалган бетон) жана органикалык батташтыргычтан (асфальт-, пласт-бетон) даярдалган бетон болуп бөлүнөт. Цемент-бетон орточо тыгыздыгы (көлөмдүк ''кг/м''<sup>3</sup>) боюнча өтө оор (2500дөн жогору), оор (800дөн 2500гө чейин), жеңил (500дөн 1800гө чейин), керамзит-бетон, шлак-бетон жана башкалар), өтө жеңил (500дөн аз) болуп айырмаланат. Маанилүү касиети анын бекемди­ги, ал өз кезегинде батташтыргыч заттын түрүнө ж-а сапатына, бетондун орточо тыгыздыгына көз-каранды. Бекемдиги анын маркасы менен мү­нөздөлөт (кысууга, чоюлууга жана ийилүүгө бе­кемдик чеги). Көпчүлүк бетондун чоюлууга турук­туулугу анын кысууга болгон бекемдигинен 5– 10 эсеге аз болот. | ||
[[Category: 2-том, 146-225 бб]] |
10:38, 16 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
БЕТО́Н (французча betоп, латынча hitumеп – тоо чайыры), к у й м а т а ш – батташтыргычтар (суулуу же суусуз), толтургучтар, кээде атайын кошулмалардын тыгыздалган аралашмаларынан катырып алынуучу жасалма таш материал; негизги курулуш материалынын бири. Калыптоого чейин аталган аралашма бетон аралашмасы деп аталат. Ал батташтыргычына жараша органикалык эмес батташтыргычтан (цемент-, гипс-, силикат-, ысыкка чыдамдуу бетон жана башка атайын даярдалган бетон) жана органикалык батташтыргычтан (асфальт-, пласт-бетон) даярдалган бетон болуп бөлүнөт. Цемент-бетон орточо тыгыздыгы (көлөмдүк кг/м3) боюнча өтө оор (2500дөн жогору), оор (800дөн 2500гө чейин), жеңил (500дөн 1800гө чейин), керамзит-бетон, шлак-бетон жана башкалар), өтө жеңил (500дөн аз) болуп айырмаланат. Маанилүү касиети анын бекемдиги, ал өз кезегинде батташтыргыч заттын түрүнө ж-а сапатына, бетондун орточо тыгыздыгына көз-каранды. Бекемдиги анын маркасы менен мүнөздөлөт (кысууга, чоюлууга жана ийилүүгө бекемдик чеги). Көпчүлүк бетондун чоюлууга туруктуулугу анын кысууга болгон бекемдигинен 5– 10 эсеге аз болот.