БИДСТРУП Херлуф: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Lera moved page БИДСТРУП to БИДСТРУП Херлуф) |
(Айырма жок)
|
11:03, 16 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
БИ́ДСТРУП Херлуф (10. 9. 1912, Берлин–1988) – даниялык сүрөтчү-карикатурист. Копенгагендеги сүрөтчүлөр академиясында окуган (1931–1935).

Адегенде турмуш-тиричилик темасындагы юмордук жана сатиралуу сүрөттөрдү, 1940-жылдан саясий карикатураларды тарта баштаган. Анын сүрөттөрүнүн сериялары Данияда, чет өлкөлөрдө, ошондой эле СССРде да бир нече жолу өз алдынча альбом болуп басылып чыккан.

Кыргызстанга келип, көп кызыктуу сүрөттөрдү тартып кеткен. Бидструп – «Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдагандыгы үчүн» эл аралык Лениндик сыйлыктын лауреаты (1964). СССР сүрөтчүлөр академиясынын ардактуу мүчөсү (1973).