ДЕЛИБ Клеман Филибер Лео: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page ДЕЛИБ to ДЕЛИБ Клеман Филибер Лео) |
(Айырма жок)
|
04:15, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ДЕЛИ́Б Клеман Филибер Лео (21. 2. 1836, Сен- Жермен-дю-Валь – 16. 1. 1891, Париж) – француз композитору, Париж консерваториясынын профессору (1881). Франция институтунун мүчөсү (1884).


Париж консерваториясында окуган. 1853–1872-жылдары опера театрында аккомпаниатор, чиркөөдө органист, 1865–1872-жылдары «Гранд-Опера» театрында экинчи хормейстер. «Булак» (Л.Минкус менен бирдикте, 1866) жана Адандын «Корсар» балетиндеги (1867) дивертисменттин музыкасы менен белгилүү болгон. Делибдин «Коппелия» (1870), «Сильвия» (1876) жана башка балеттери коомчулукка кеӊири таанымал. Композитордун опералык чыгармаларынын эӊ көрүнүктүүсү – «Лакме» (1883). Делибдин Кыргыз улуттук опера жана балет театрында «Корсар», «Коппелия» балеттери, «Лакме» операсы коюлган.