ЖЕТИГЕН (уруу): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (Temirkan moved page ЖЕТИГЕН 1 to ЖЕТИГЕН (уруу))
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖЕТИГЕН</b> – кыргыздардын сол канат тобунун курамындагы сегиз уруунун бири. Генеал. ула&shy;мыштар б-ча Ж-дер сол канат уруу бирикмеси&shy;не сырттан келип кирген уруу катары түшүн&shy;дүрүлөт. Анда бул уруунун түпкү атасы Молдо Ыбрайым (Нусуп) өз туугандары м-н башка эл&shy;ден качып чыгып, жолдон кээ бир туугандары&shy;нан айрылып, сол канаттагы кушчу уруусуна келип, ал уруунун курамына кошулуп калыш&shy;кан. Ал эми анын айрым бир туугандары казак урууларына барып аралашат. Алардын ичинен Эшенкарек (чакыр) деген тууганы кыргыздын саяк уруусуна кошулуп, анын ичиндеги «чекир саяк» бутагынын түпкү атасына айланган. Ж. уруусу ж-дөгү тарыхый булактар маалыматтарга
<b type='title'>ЖЕТИГЕН</b> – кыргыздардын сол канат тобунун курамындагы сегиз уруунун бири. Генеалогиялык ула&shy;мыштар боюнча Жетигендер сол канат уруу бирикмеси&shy;не сырттан келип кирген уруу катары түшүн&shy;дүрүлөт. Анда бул уруунун түпкү атасы Молдо Ыбрайым (Нусуп) өз туугандары м-н башка эл&shy;ден качып чыгып, жолдон кээ бир туугандары&shy;нан айрылып, сол канаттагы кушчу уруусуна келип, ал уруунун курамына кошулуп калыш&shy;кан. Ал эми анын айрым бир туугандары казак урууларына барып аралашат. Алардын ичинен Эшенкарек (чакыр) деген тууганы кыргыздын саяк уруусуна кошулуп, анын ичиндеги «чекир саяк» бутагынын түпкү атасына айланган. Жетиген уруусу жөнүндөгү тарыхый булактар маалыматтарга өтө жарды. Ошондуктан, бул уруунун генезиси&shy;не арналган атайы эмгектер жокко эсе. Бирок, санжыраларда айтылып жүргөн маалыматтар&shy;га таянып, Жетиген уруусу м-н чекир саяктардын ба&shy;йыркы теги бир жерден чыкканын, ошондой эле бул уруулардын бир бөлүгү тектеш, кошуна элдер&shy;дин курамына сиңип кеткен деп божомолдоого болот. Жетиген  уруусу ич ара кыргый, кыбал деген уруктарга ажырайт. Этнограф С. М. Абрамзон&shy;дун иликтөөлөрү боюнча бул урууга дагы бир «дер&shy;биш» деп аталган урук кирет. 19-кылымдын бирин&shy;чи жарымында канатташ кушчу уруусу м-н жайыт талашуудан келип чыккан чатактын натыйжасында Жетигендер жеңилип, бир бөлүгү жер которууга мажбур болгон. Ошондуктан, азыр&shy;кы Жетиген уруусу чачкын жайгашкан. Жетигендердин кыбал уругунун тукуму негизинен Талас өрөө&shy;нүнүн жогорку аймагын (Талас району) ж-а ага чектеш жаткан Чүй өрөөнүнүн төмөнкү чөлкө&shy;мүн (Панфилов району) мекендешет. Ал эми кыргый ж-а дербиш уругунун өкүлдөрүнүн көбү са&shy;рыбагыш, солто арасында болуп, Нарын облусу&shy;нун Нарын, Кочкор, Чүй облусунун Кемин, Чүй, Сокулук райондорунда турушат.
өтө жарды. Ошондуктан, бул уруунун генезиси&shy;не арналган атайы эмгектер жокко эсе. Бирок, санжыраларда айтылып жүргөн маалыматтар&shy;га таянып, Ж. уруусу м-н чекир саяктардын ба&shy;йыркы теги бир жерден чыкканын, о. эле бул уруулардын бир бөлүгү тектеш, кошуна элдер&shy;дин курамына сиңип кеткен деп божомолдоого болот. Ж. уруусу ич ара кыргый, кыбал деген уруктарга ажырайт. Этнограф С. М. Абрамзон&shy;дун иликтөөлөрү б-ча бул урууга дагы бир «дер&shy;биш» деп аталган урук кирет. 19-к-дын бирин&shy;чи жарымында канатташ кушчу уруусу м-н
жайыт талашуудан келип чыккан чатактын натыйжасында Ж-дер жеңилип, бир бөлүгү жер которууга мажбур болгон. Ошондуктан, азыр&shy;кы Ж. уруусу чачкын жайгашкан. Ж-дердин кыбал уругунун тукуму негизинен Талас өрөө&shy;нүнүн жогорку аймагын (Талас р-ну) ж-а ага
чектеш жаткан Чүй өрөөнүнүн төмөнкү чөлкө&shy;мүн (Панфилов р-ну) мекендешет. Ал эми кыр-
 
 
гый ж-а дербиш уругунун өкүлдөрүнүн көбү са&shy;рыбагыш, солто арасында болуп, Нарын обл&shy;нун Нарын, Кочкор, Чүй обл-нун Кемин, Чүй, Сокулук р-ндорунда турушат. <i>Р. Жолдошов.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]]


<i>Р. Жолдошов.</i>
[[Категория:3-том, 327-448 бб]]

05:00, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖЕТИГЕН – кыргыздардын сол канат тобунун курамындагы сегиз уруунун бири. Генеалогиялык ула­мыштар боюнча Жетигендер сол канат уруу бирикмеси­не сырттан келип кирген уруу катары түшүн­дүрүлөт. Анда бул уруунун түпкү атасы Молдо Ыбрайым (Нусуп) өз туугандары м-н башка эл­ден качып чыгып, жолдон кээ бир туугандары­нан айрылып, сол канаттагы кушчу уруусуна келип, ал уруунун курамына кошулуп калыш­кан. Ал эми анын айрым бир туугандары казак урууларына барып аралашат. Алардын ичинен Эшенкарек (чакыр) деген тууганы кыргыздын саяк уруусуна кошулуп, анын ичиндеги «чекир саяк» бутагынын түпкү атасына айланган. Жетиген уруусу жөнүндөгү тарыхый булактар маалыматтарга өтө жарды. Ошондуктан, бул уруунун генезиси­не арналган атайы эмгектер жокко эсе. Бирок, санжыраларда айтылып жүргөн маалыматтар­га таянып, Жетиген уруусу м-н чекир саяктардын ба­йыркы теги бир жерден чыкканын, ошондой эле бул уруулардын бир бөлүгү тектеш, кошуна элдер­дин курамына сиңип кеткен деп божомолдоого болот. Жетиген уруусу ич ара кыргый, кыбал деген уруктарга ажырайт. Этнограф С. М. Абрамзон­дун иликтөөлөрү боюнча бул урууга дагы бир «дер­биш» деп аталган урук кирет. 19-кылымдын бирин­чи жарымында канатташ кушчу уруусу м-н жайыт талашуудан келип чыккан чатактын натыйжасында Жетигендер жеңилип, бир бөлүгү жер которууга мажбур болгон. Ошондуктан, азыр­кы Жетиген уруусу чачкын жайгашкан. Жетигендердин кыбал уругунун тукуму негизинен Талас өрөө­нүнүн жогорку аймагын (Талас району) ж-а ага чектеш жаткан Чүй өрөөнүнүн төмөнкү чөлкө­мүн (Панфилов району) мекендешет. Ал эми кыргый ж-а дербиш уругунун өкүлдөрүнүн көбү са­рыбагыш, солто арасында болуп, Нарын облусу­нун Нарын, Кочкор, Чүй облусунун Кемин, Чүй, Сокулук райондорунда турушат.

Р. Жолдошов.