ЖАМАНОВА Чолпон: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Lera moved page ЖАМАНОВА to ЖАМАНОВА Чолпон) |
(Айырма жок)
|
05:16, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖАМАНОВА Чолпон (1927-жылы туулган‚ азыркы Нарын облусу, Жумгал району‚ Чаек айылы) – алгачкы балерина‚ Кыргыз CCРинин эмгек сиңирген артисти (1954). 1937-жылы Ленинград хореографиялык окуу жайында окуган.

Cогуш мезгилинде окуусун Фрунзеде улантып‚ аны 1947-жылы бүткөндөн кийин Кыргыз опера жана балет театрында солист, 1965-жылдан Фрунзедеги М. Күрөңкөев атындагы музыкалык- хореографиялык окуу жайында педагог болуп иштеген. И. Морозовдун «Доктор Айболитинде» Танянын‚ М. Раухвергердин «Чолпонунда» Чолпондун‚ «Ала-Тоо жазында» Cалтанаттын‚ ошондой эле «Cалтанат» кино тасмасында Шайырбүбүнүн жана башка ролдорду аткарган. Медалдар менен сыйланган.