ИГНАТЬЕВ Александр Илларионович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

08:42, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ИГНА́ТЬЕВ Александр Илларионович (23. 4. 1906, азыркы Россия Федерациясы, Белгород облусу, Валуйки шаары – 12. 3. 1998, Бишкек) – сүрөтчү-живописчи, Кыр­гыз ССР эл сүрөтчүсү (1966). 1934-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

А. И. Игнатьев. « Ж ы л к ы ч ы л а р » . 1960. Кыргыз мамле­кеттик сүрөт өнөр му­зейи.

1930-жылы Воронеж педагогикалык тех­никумун бүткөндөн кийин Фрунзедеги педагогикалык техникум­да сабак берген (1930–1933). Кыргыз драма театрында сүрөтчү (1933–1934) болуп иш­теген. Кыргызстан сүрөтчүлөр союзун жана биринчи республикалык сүрөт көргөзмөсүн (1934) уюштурууга катышкан. Не­гизги сүрөттөрү: «Айлуу кеч» (1942), «Орто-То­койдогу кеч» (1954), «Тянь-Шань тоолорундагы жаз» (1955), «Жылкычылар» жана башкалар. Портрет (М. Күрөңкөевдин, Ч. Жаманованын жана башкалар) да тарткан.

«Токтогул ГЭСинин оозунда» (1970), «Ас­качылар» (1971), «Нарын көпүрөлөрү» (1972) сүрөттөрү үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын алган (1974). Игнатьев кыргыз живопи­сине, асыресе тематикалык картинанын өнүгү­шүнө чоң салым кошкон. Игнатьевдин чыгармалары Третьяков галереясында, Г. Айтиев атындагы Кыр­гыз улуттук көркөм сүрөт музейинде, башка көргөзмө жайларда сакталууда. «Ардак Белги­си» ордени, медалдар менен сыйланган.