ИЛЬИНА Лидия Александровна: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (Lera moved page ИЛЬИНА to ИЛЬИНА Лидия Александровна) |
||
(3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИЛЬИНА́</b> Лидия Александровна [14 (27). 2. 1915, азыркы Рязань | <b type='title'>ИЛЬИНА́</b> Лидия Александровна [14 (27). 2. 1915, азыркы Рязань облусу, Михайлов шаары – 1994, Биш­кек] – график, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү (1963). Москва көркөм сүрөт институтун бүткөн (1939). Кыргызстанда 1939-жылдан иш­теген. Ильина – китеп жана ста­ноктук графика боюнча чет өл­көлөргө чейин маалым эмгек­тердин автору. Ал чыгармачылы­гында түрдүү техниканы, ай­рыкча линогравюраны жана ксилографияны пайдалан­ган. 1950–1960-жылдары Т.Сы­дыкбековдун «Биздин за­мандын кишилери», Б. Кер­бабаевдин «Чечүүчү кадам», М. Ауэзовдун «Абай» романдарын, Токтогул­дун чыгармаларын, У. Шекспирдин сонеттерин, Ч. Айтматовдун «Тоолор жана талаалар повест­тери» аттуу китептерин көркөмдөгөн. 1950-жыл­дардын ортосунда тарткан «Кыргыз аялдары жөнүндө сөз» линогравюра сериясы, «Бир туу­ган край» аттуу ксилография сериясы Ильинаны көрүнүктүү графиктердин катарына кошкон. Сүйүктүү темасы – аял, анын коомдогу ролу жана алдыңкы идеал үчүн күрөштөгү орду. Чыгармачылы­гында жарандык жана ыймандуулук маселесин көтөрүү максатын көздөгөн. Буга анын «Дүйнө аялдары», «Катаал жылдар», «Бүгүнкү Кыргыз­стан», «Кыргызстан жаштары», «Энелик сезим» жана башка сүрөттөрү ачык далил. Мыкты графика чыгармалары Америка, Жапония, Австралия, Ан­глия, Франция, Канада, Югославия, Польша, ГДР, Мексика, Чехословакия, Финляндия ж-а Африка өлкөлөрүндө көргөзмөгө коюлган. | ||
[[File:ИЛЬИНА100.png | thumb | none]] | [[File:ИЛЬИНА100.png | thumb | none]][[File:ИЛЬИНА102.png | thumb | Л. А. Ильина. «Өзүм». Линогравюра. 1967.|395x395px]]Иьинанын чыгармалары Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музе­йинде, Мамлекеттик орус музейинде, Третьяков га­лереясында, Чыгыш элдеринин сүрөт музейин­де, А. С. Пушкин атындагы Мамлекеттик сүрөт музейинде, М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунда, Будапешттеги Улуттук галереяда, Ильинанын Бишкек­теги үй-музейинде коюлган. 1971-жылы Ильинага СССР мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Кыргыз ССР Жогор­ку Советинин (6–7-шайлоо) депутаты. Эмгек Кы­зыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. | ||
[[File: | |||
чыгармалары Кыргыз | |||
Ад.: <i>Ганкин Э.</i> Лидия Ильина. М., 1961; <i>Попова О.</i> Изобразительное искусство Киргизской ССР. Л., 1972; <i>Прыткова Л.</i> Художники киргизской книги. Ф., 1972; <i>её же.</i> Лидия Ильина. Л., 1973. | Ад.: <i>Ганкин Э.</i> Лидия Ильина. М., 1961; <i>Попова О.</i> Изобразительное искусство Киргизской ССР. Л., 1972; <i>Прыткова Л.</i> Художники киргизской книги. Ф., 1972; <i>её же.</i> Лидия Ильина. Л., 1973. | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
08:46, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ИЛЬИНА́ Лидия Александровна [14 (27). 2. 1915, азыркы Рязань облусу, Михайлов шаары – 1994, Бишкек] – график, Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү (1963). Москва көркөм сүрөт институтун бүткөн (1939). Кыргызстанда 1939-жылдан иштеген. Ильина – китеп жана станоктук графика боюнча чет өлкөлөргө чейин маалым эмгектердин автору. Ал чыгармачылыгында түрдүү техниканы, айрыкча линогравюраны жана ксилографияны пайдаланган. 1950–1960-жылдары Т.Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери», Б. Кербабаевдин «Чечүүчү кадам», М. Ауэзовдун «Абай» романдарын, Токтогулдун чыгармаларын, У. Шекспирдин сонеттерин, Ч. Айтматовдун «Тоолор жана талаалар повесттери» аттуу китептерин көркөмдөгөн. 1950-жылдардын ортосунда тарткан «Кыргыз аялдары жөнүндө сөз» линогравюра сериясы, «Бир тууган край» аттуу ксилография сериясы Ильинаны көрүнүктүү графиктердин катарына кошкон. Сүйүктүү темасы – аял, анын коомдогу ролу жана алдыңкы идеал үчүн күрөштөгү орду. Чыгармачылыгында жарандык жана ыймандуулук маселесин көтөрүү максатын көздөгөн. Буга анын «Дүйнө аялдары», «Катаал жылдар», «Бүгүнкү Кыргызстан», «Кыргызстан жаштары», «Энелик сезим» жана башка сүрөттөрү ачык далил. Мыкты графика чыгармалары Америка, Жапония, Австралия, Англия, Франция, Канада, Югославия, Польша, ГДР, Мексика, Чехословакия, Финляндия ж-а Африка өлкөлөрүндө көргөзмөгө коюлган.


Иьинанын чыгармалары Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде, Мамлекеттик орус музейинде, Третьяков галереясында, Чыгыш элдеринин сүрөт музейинде, А. С. Пушкин атындагы Мамлекеттик сүрөт музейинде, М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунда, Будапешттеги Улуттук галереяда, Ильинанын Бишкектеги үй-музейинде коюлган. 1971-жылы Ильинага СССР мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (6–7-шайлоо) депутаты. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.
Ад.: Ганкин Э. Лидия Ильина. М., 1961; Попова О. Изобразительное искусство Киргизской ССР. Л., 1972; Прыткова Л. Художники киргизской книги. Ф., 1972; её же. Лидия Ильина. Л., 1973.