ИСАБАЕВ Чалагыз: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

09:00, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ИСАБАЕВ Чалагыз (4. 3. 1937‚ Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району‚ Темир айылы – 17. 5. 1991‚ Биш­кек) – комузчу‚ кыл кыякчы‚ педагог‚ Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1973). Фрунзедеги (азыркы Бишкек ш.) М. Күрөңкөев атындагы музыкалык.-хореографиялык окуу жайын бүткөндөн (1957) Кыргыз мамлекеттик филармониясынын К. Орозов атындагы кыргыз эл аспаптар оркестринде иштеген. 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусст­восунун он күндүгүнө катышкан.

1972-жылы Б. Бей­шеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүткөн. 1983-жылы ошол институтта комуз классын ачып‚ анда өмүрүнүн акы­рына чейин иштеген. Токтогул‚ Карамолдо‚ Ыбырай‚ Атай‚ Ныязалы‚ Айдаралы‚ Шекербек жана башка залкар комузчулардын күүлөрүн комузчу­лар ансамбли үчүн иштеп чыккан. Кыргыздын байыркы музыкалык аспаптары: чоор‚ чопо чоор‚ жы­гач ооз комуз‚ кыл кыяк‚ аса таяк‚ коңгуроо‚ доол‚ сыбызгы жана башкаларды уста О. Кенчинбаевге жасатып‚ «Камбаркан» этнография-фольклордук ан­самблди уюштурган (1987). Өзүнүн сөзүнө жа­зылган «Жаштык кезге»‚ «Биздин сүйүү»‚ «Кыз­дын үнү»‚ «Фрунзенин оттору» жана башка ырлардын автору. Жаш комузчулар жана студенттер үчүн «Комуздун тандалма күүлөрү» аттуу туңгуч хрес­томатияны түзгөн. Комузчулар ансамбли‚ «Кам­баркан» тобу менен дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон.