КАБАЕВ Акбаралы Саринжиевич: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Lera moved page КАБАЕВ to КАБАЕВ Акбаралы Саринжиевич) |
(Айырма жок)
|
09:16, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАБАЕВ Акбаралы Саринжиевич (1951-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кызыл-Туу айылы) – куруучу, Кыргыз Республикасынын Баатыры (2000), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу (2000).

1970-жылы кесиптик-техникалык окуу жайын бүткөн. 1972–1974-жылдары шахтада жумушчу, 1974-жылдан «Нарын суу энергокурулуш» ишканасында жумушчу, бригадир. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (2007–2010). 3-даражадагы Эмгек Даңкы ордени менен сыйланган.