КАЗАКОВ Вячеслав Фёдорович: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page КАЗАКОВ 2 to КАЗАКОВ Вячеслав Фёдорович) |
(Айырма жок)
|
09:34, 17 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАЗАКО́В Вячеслав Фёдорович (23. 2. 1913, Киев –19. 10. 1979, Фрунзе) – драма артисти. Кыргыз ССР эл артисти (1950). 1931–1935-жылдары ГИТИСтин драма факультетинде окуган. 1935-жылдан Москва театрларында иштеген. 1956-жылы Фрунзеге (азыркы Бишкек) келип, Н. К. Крупская атындагы Орус драма театрын (азыркы Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры) уюштурууга активдүү катышкан.


1946-жылы Улуу Ата Мекендик согуштан кайтып келгенден ушул театрда үзүрлүү эмгектенген. В. И. Лениндин («Унутулгус 19-», 1952; «Үй-бүлө», 1950; «Кремль куранттары», 1957; «Мылтыкчан киши», 1970), А. С. Пушкиндин («Пушкин», 1949), Фёдор Иоановичтин («Падыша Фёдор Иоанович», 1946), Саринжинин (К. Эшмамбетов, «Саринжи», 1939), Ромеонун, Гамлеттин (В. Шекспир, «Ромео менен Жульетта», «Гамлет», 1948, 1957) жана башкалардын образын түзгөн. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (7–8-шайланышынын) депутаты. Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.