ЖЫЛГЫН (: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
м (Dilde moved page ЖЫЛГЫН 1 to ЖЫЛГЫН ()
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
(Айырма жок)

03:22, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖЫЛГЫН (Myricaria) – жылгындар тукумун­дагы өсүмдүк уруусу. Анча бийик эмес бадал, кээде даракча. Бийикт. 1,5–6 мге жетет. Жал­бырагы майда, учтуу, түрпүчөдөй, кезектешип жайгашкан. Топ гүлү чачыдай же машактай. Гүлү кооз, желекчелери ак, мала кызыл же кө­гүш. Мөмөсү – кутуча. Ж-дын Кырг-нда 3 түрү – көрктүү Ж., түлкү куйрук ж-а түрпүлүү Ж. кез­дешет. Өзөндүн шагылдуу жээгинде, сайда өсөт. Айрым түрүнөн боёк заттар алынат. Жаш бу­тактары малга тоют. Жалбырагы С витаминине бай. Кабыгы өңдөөчү зат катары колдонулат.