ЖОЛ БЕЛГИЛЕРИ ЖАНА КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖОЛ БЕЛГИЛЕРИ ЖАНА КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ</b> – | <b type='title'>ЖОЛ БЕЛГИЛЕРИ ЖАНА КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ</b> – жолдо жүрүүчүлөргө (унаа айдоочу ж-а жөө жүрүүчүлөр) жолдо жүрүү шарты, жүрүү марш­руту жөнүндө маалымат берүүчү белгилер ж-а жа­зуулар. Алар белгилүү түстө, формада ж-а чоң­дукта жасалып, көчөнүн, жолдун, магистрал­дардын боюна, жүрүү багытынын оң жагына ор­нотулат. Автомобиль кыймылы б-ча Париж конвенциясында (1909) төрт (жолдун кесилиши, темир жол кесилиши, ийри-муйру жол, өңгүл-дөңгүл жол) эскертүүчү белгиси бар алгачкы жол белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндө макулдашуу кабыл алынган. Кийинки кон­венцияларда улам толукталып, Венадагы жол белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндө конвенциянын (1968), Женевадагы Европалык макулдашуунун (1971) талабына ыла­йык мамлекеттик стандарт иштелип чыккан ж-а ага ылайык 4 топко бириктирилет: эскертүүчү, тыюу салуучу, милдеттендирүүчү, нускоочу белгилер, кээде кошумча кабарлоочу белгилер орнотулу­шу мүмкүн. Эл аралык концепциялардын жол кыймылы, белгилери ж-а көрсөткүчтөрү жөнүндөгү нормаларын, мамлекеттик стандарттын та­лаптарын эске алуу м-н КРдин Өкмөтүнүн 2009- жылдын 3-мартындагы токтомунун редакция­сына ылайык КРдин жол белгилери жана көрсөткүчтөрү 7 топко бө­лүнгөн. Э с к е р т к и ч белгилер: кызыл жээк­түү сары үч бурчтук – алдыдагы жолдун опур­талдуулугун ж-а ага карата чара көрүү зарыл­дыгын унаа айдоочуга эскертет. Т ы ю у с а ­л у у ч у белгилер: жердиги ак, кызыл жээктүү сары тегерек – транспорттун айрым түрлөрүнүн жүрүшүнө тыюу салат же белгилүү чектөө м-н жүрүү керектигин эскертет. М и л д е т т е н д и ­р ү ү ч ү белгилер: жалпы белгиси көк тегерек – белгилүү жакты көздөй, белгилүү ылдамдыкта ж-а транспорттун тийиштүү түрүнүн гана жүрүүсүнө уруксат кылынат. М а а л ы м а т к ө р с ө т к ү ч белгилер: көк, сары түстөгү чарчы – жолдун аралыгын, калктуу жерлерди, транспорт токтоочу жайды, кыймылдын урук­сат берилген багытын ж. б. көрсөтөт. С е р в и с б е л г и л е р и – тийиштүү объектилердин жайгашуусу жөнүндө маалымдайт. К о ш у м ч а м а а л ы м а т б е л г и л е р и (табличкалар) – белгилердин колдонулушун тактайт же чектейт. Булардан сырткары транспортту айрып таануу­чу белгилер өзүнчө топко бириктирилген. Бар­дык белгилерге түнкүсүн жарык берилет же жарык чагылтуучу материалдан жасалат ж-а 100 <i>м</i> аралыктан көрүнүшү керек. | ||
жолдо жүрүүчүлөргө (унаа айдоочу ж-а жөө жүрүүчүлөр) жолдо жүрүү шарты, жүрүү марш­руту | |||
ылайык 4 топко бириктирилет: эскертүүчү, тыюу | |||
чарчы – жолдун аралыгын, калктуу жерлерди, транспорт токтоочу жайды, кыймылдын урук­сат берилген багытын ж. б. көрсөтөт. С е р в и с б е л г и л е р и – тийиштүү объектилердин жайгашуусу | |||
[[File:ЖОЛ БЕЛГИЛЕРИ ЖАНА КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ36.png | thumb | none]] | [[File:ЖОЛ БЕЛГИЛЕРИ ЖАНА КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ36.png | thumb | none]] | ||
15 сап: | 12 сап: | ||
<i>Т. Абдылдаев, К. Бутешов.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | <i>Т. Абдылдаев, К. Бутешов.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
03:50, 21 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖОЛ БЕЛГИЛЕРИ ЖАНА КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ – жолдо жүрүүчүлөргө (унаа айдоочу ж-а жөө жүрүүчүлөр) жолдо жүрүү шарты, жүрүү маршруту жөнүндө маалымат берүүчү белгилер ж-а жазуулар. Алар белгилүү түстө, формада ж-а чоңдукта жасалып, көчөнүн, жолдун, магистралдардын боюна, жүрүү багытынын оң жагына орнотулат. Автомобиль кыймылы б-ча Париж конвенциясында (1909) төрт (жолдун кесилиши, темир жол кесилиши, ийри-муйру жол, өңгүл-дөңгүл жол) эскертүүчү белгиси бар алгачкы жол белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндө макулдашуу кабыл алынган. Кийинки конвенцияларда улам толукталып, Венадагы жол белгилери жана көрсөткүчтөрү жөнүндө конвенциянын (1968), Женевадагы Европалык макулдашуунун (1971) талабына ылайык мамлекеттик стандарт иштелип чыккан ж-а ага ылайык 4 топко бириктирилет: эскертүүчү, тыюу салуучу, милдеттендирүүчү, нускоочу белгилер, кээде кошумча кабарлоочу белгилер орнотулушу мүмкүн. Эл аралык концепциялардын жол кыймылы, белгилери ж-а көрсөткүчтөрү жөнүндөгү нормаларын, мамлекеттик стандарттын талаптарын эске алуу м-н КРдин Өкмөтүнүн 2009- жылдын 3-мартындагы токтомунун редакциясына ылайык КРдин жол белгилери жана көрсөткүчтөрү 7 топко бөлүнгөн. Э с к е р т к и ч белгилер: кызыл жээктүү сары үч бурчтук – алдыдагы жолдун опурталдуулугун ж-а ага карата чара көрүү зарылдыгын унаа айдоочуга эскертет. Т ы ю у с а л у у ч у белгилер: жердиги ак, кызыл жээктүү сары тегерек – транспорттун айрым түрлөрүнүн жүрүшүнө тыюу салат же белгилүү чектөө м-н жүрүү керектигин эскертет. М и л д е т т е н д и р ү ү ч ү белгилер: жалпы белгиси көк тегерек – белгилүү жакты көздөй, белгилүү ылдамдыкта ж-а транспорттун тийиштүү түрүнүн гана жүрүүсүнө уруксат кылынат. М а а л ы м а т к ө р с ө т к ү ч белгилер: көк, сары түстөгү чарчы – жолдун аралыгын, калктуу жерлерди, транспорт токтоочу жайды, кыймылдын уруксат берилген багытын ж. б. көрсөтөт. С е р в и с б е л г и л е р и – тийиштүү объектилердин жайгашуусу жөнүндө маалымдайт. К о ш у м ч а м а а л ы м а т б е л г и л е р и (табличкалар) – белгилердин колдонулушун тактайт же чектейт. Булардан сырткары транспортту айрып таануучу белгилер өзүнчө топко бириктирилген. Бардык белгилерге түнкүсүн жарык берилет же жарык чагылтуучу материалдан жасалат ж-а 100 м аралыктан көрүнүшү керек.





Т. Абдылдаев, К. Бутешов.