ВАГНЕР Рихард: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВА́ГНЕР | '''ВА́ГНЕР ''' Рихард (22.5.1813, Лейпциг – 13. 2. 1883, Венеция, сөөгү Байрёйтко коюлган) – немец композитору, дирижёр, театр ишмери. 1833-жылдан хормейстер, Магдебург, Кёнигсберг, Рига театрларында музыкалык бөлүм башчы, дирижёр, 1842–1849-жылдары Дрезден театрында капельмейстер болгон. 1849-жылы Дрездендеги май көтөрүлүшүнө катышкандыгы үчүн куугунтук жеп, 13 жыл чет өлкөдө жашаган. 1876-жылы менчик Байрёйт театрын уюштурган. Вагнер – опера өнөрүнө жаӊылык киргизген улуу композитор. Буга анын 1840-жылдары жараткан «Жер кезген голланддык», «Тангейзер», «Лоэнгрин» опералары далил. «Нибелунг шакеги» аттуу опера тетралогиясы, «Нюрнберг мейстерзингерлери» реалисттик операсы композитордун чыгармачылыгында өзгөчө мааниге ээ. Өзү жараткан жаӊы опера жанрындагы чыгармаларында (музыкалык драмаларында) Вагнер музыканын, тексттин, сахналык кыймылдын өз ара айкалышын камсыз кылган; операны симфониялаштыруу жагынан чыгармачылык ийгиликтерге жетишкен. | ||
[[File:ВАГНЕР6.png | thumb | Р. Вагнер. Ф. Фон Ленбах тарткан портрет.|left]] | [[File:ВАГНЕР6.png | thumb | Р. Вагнер. Ф. Фон Ленбах тарткан портрет.|left]] | ||
<br/>Ад.: ''Друскин М.'' Рихард Вагнер. М., 1958. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
09:53, 21 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ВА́ГНЕР Рихард (22.5.1813, Лейпциг – 13. 2. 1883, Венеция, сөөгү Байрёйтко коюлган) – немец композитору, дирижёр, театр ишмери. 1833-жылдан хормейстер, Магдебург, Кёнигсберг, Рига театрларында музыкалык бөлүм башчы, дирижёр, 1842–1849-жылдары Дрезден театрында капельмейстер болгон. 1849-жылы Дрездендеги май көтөрүлүшүнө катышкандыгы үчүн куугунтук жеп, 13 жыл чет өлкөдө жашаган. 1876-жылы менчик Байрёйт театрын уюштурган. Вагнер – опера өнөрүнө жаӊылык киргизген улуу композитор. Буга анын 1840-жылдары жараткан «Жер кезген голланддык», «Тангейзер», «Лоэнгрин» опералары далил. «Нибелунг шакеги» аттуу опера тетралогиясы, «Нюрнберг мейстерзингерлери» реалисттик операсы композитордун чыгармачылыгында өзгөчө мааниге ээ. Өзү жараткан жаӊы опера жанрындагы чыгармаларында (музыкалык драмаларында) Вагнер музыканын, тексттин, сахналык кыймылдын өз ара айкалышын камсыз кылган; операны симфониялаштыруу жагынан чыгармачылык ийгиликтерге жетишкен.

Ад.: Друскин М. Рихард Вагнер. М., 1958.