ВАРЛАМОВ Александр Егорович: нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
м (Lera moved page ВАРЛАМОВ to ВАРЛАМОВ Александр Егорович) |
||
(8 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ВАРЛА́МОВ ''' Александр Егорович [15(27). 11. 1801‚ Москва – 15(27). 10. 1848‚ Cанкт-Петербург] – орус композитору‚ ырчы (тенор)‚ педагог‚ дирижёр. Cанкт-Петербургдагы Ак сарай ыр капелласында окуган. 1819-жылдан педагог‚ 1832–1843-жылдары Москвадагы Император театрынын жардамчысы жана капельмейстер. Чоӊ театрдын сахнасында анын «Cултандын эрмеги же кулдарды сатуучу» (1834)‚ «Амалкөй бала жана мыкаачы» (1837‚ Гурьянов менен бирге) балеттери коюлган. Драма спектаклдерине‚ анын ичинде | ||
[[File:ВАРЛАМОВ40.png | thumb | none]] | |||
У. Шекспирдин «Гамлет» трагедиясына (1837) музыка жазган. 1833-жылы романстарынын жана ырларынын биринчи жыйнагы жарык көргөн‚ 1834–1835-жылдары «Эол арфасы» журналын чыгарып‚ ага өзүнүкүнөн тышкары М. Глинканын‚ А. Верстовскийдин чыгармаларын жарыялаган. Анын концерттери да ийгиликке жетишкен‚ 200гө жакын ыр-романстарды («Кызыл сарафан»‚ «Таӊзаардан аны ойготпо»‚ «Cайрабачы‚ булбул»‚ «Бүлбүлдөйт жалгыз желкайык» жана башкалар) жараткан. 1845-жылдан Cанкт-Петербургда жашаган. <br/>Ад.: ''Листова Н. А.'' А. Варламов. М., 1968. | |||
Ад.: ''Листова Н. А.'' А. Варламов. М., 1968. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:14, 21 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ВАРЛА́МОВ Александр Егорович [15(27). 11. 1801‚ Москва – 15(27). 10. 1848‚ Cанкт-Петербург] – орус композитору‚ ырчы (тенор)‚ педагог‚ дирижёр. Cанкт-Петербургдагы Ак сарай ыр капелласында окуган. 1819-жылдан педагог‚ 1832–1843-жылдары Москвадагы Император театрынын жардамчысы жана капельмейстер. Чоӊ театрдын сахнасында анын «Cултандын эрмеги же кулдарды сатуучу» (1834)‚ «Амалкөй бала жана мыкаачы» (1837‚ Гурьянов менен бирге) балеттери коюлган. Драма спектаклдерине‚ анын ичинде

У. Шекспирдин «Гамлет» трагедиясына (1837) музыка жазган. 1833-жылы романстарынын жана ырларынын биринчи жыйнагы жарык көргөн‚ 1834–1835-жылдары «Эол арфасы» журналын чыгарып‚ ага өзүнүкүнөн тышкары М. Глинканын‚ А. Верстовскийдин чыгармаларын жарыялаган. Анын концерттери да ийгиликке жетишкен‚ 200гө жакын ыр-романстарды («Кызыл сарафан»‚ «Таӊзаардан аны ойготпо»‚ «Cайрабачы‚ булбул»‚ «Бүлбүлдөйт жалгыз желкайык» жана башкалар) жараткан. 1845-жылдан Cанкт-Петербургда жашаган.
Ад.: Листова Н. А. А. Варламов. М., 1968.