ВЕРОНЕЗЕ Паоло: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (Lera moved page ВЕРОНЕЗЕ to ВЕРОНЕЗЕ Паоло) |
||
(3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВЕРОНЕ́ЗЕ ''' (өз аты-жөнү – Кальяри) Паоло (1528, Верона – 19.4.1588, Венеция) – италян сүрөтчүсү, соӊку ''Кайра жаралуу'' доорунун реалист сүрөтчүлөрүнүн бири. Көбүнчө Венецияда (1553-жылдан), | '''ВЕРОНЕ́ЗЕ ''' (өз аты-жөнү – Кальяри) '''Паоло''' (1528, Верона – 19.4.1588, Венеция) – италян сүрөтчүсү, соӊку ''Кайра жаралуу'' доорунун реалист сүрөтчүлөрүнүн бири. Көбүнчө Венецияда (1553-жылдан), ошондой эле Верона, Виченца, Мантуя жана Падуя шаарларында иштеген. Алгачкы чыгармаларын (1540–1550) ''Микеланжело, Рафаэль, Коррежо, Тициандын'' сүрөттөрүнүн таасиринде жараткан. Венеция республикасынын даражасын, согуштук ийгиликтерин даӊазалаган май боёк менен тарткан сүрөттөрү табынуу имараттарынын дубалдарына жана плафондоруна кадалган. Веронезе тарткан образдар алибеттүү, кыймылдары гармониялуу, шаӊдуу («Карылык жана жаштык», 1553; «Диалектика», 1575–1577; «Венеция салтанаты», 1578–1585; Венеция, Сан-Себастьяно чиркөөсү).<br/>Веронезенин фрескаларынын (Соранцо вилласы, 1551, Кастельфранко соборундагы фреска фрагменттери; Тревизого жакын Мазерадагы Барбаро Вольпи вилласы) миф композициялары каймана фигуралар менен пейзаждарга айкалышып кетет. Станоктук сүрөттөрүндө («Кандагы никелешүү», 1563, Париждеги Лувр; «Дарийдин үй-бүлөсүнүн Александрга баш ийиши», 1565-жылдан кийин, Лондон, Улуттук галерея) адам менен тышкы коомдук чөйрөнүн карым-катышы чагылдырылат. Айрым портреттери («Белла Нани», 1550, Париж, Лувр; «Граф да Порто уулу Адриано менен», 1556, Флоренция, Контини – Бонакоссини жыйнаган сүрөт) лиризмге каныккан. Веронезеге Кайра жаралуу өкүлдөрүнүн дүйнөгө болгон көз карашындагы кризистин таасири тийип, соӊку чыгармаларында кургак салтанаттуулук, патетика күч алып кеткен («Европаны уурдоо», 1580; Венеция, Дождор сарайы; «Агарь менен Исмаил чөлдө», 1580, Тарыхый-көркөм музей). Веронезенин шакирттери: бир тууганы Бенедетто, уулдары Карло менен Габриеле. | ||
<br/> | |||
[[File:ВЕРОНЕЗЕ111.png | thumb | П. Веронезе. «Левия үйүндөгү той». 1573. Академия галереясы (Венеция).]] | [[File:ВЕРОНЕЗЕ111.png | thumb | П. Веронезе. «Левия үйүндөгү той». 1573. Академия галереясы (Венеция).]] | ||
<br/>Ад.: ''Антонова И. А.'' Веронезе. М., 1957; ''Фомичева Т. Д.'' Веронезе. М., 1973. | <br/>Ад.: ''Антонова И. А.'' Веронезе. М., 1957; ''Фомичева Т. Д.'' Веронезе. М., 1973. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
11:46, 21 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ВЕРОНЕ́ЗЕ (өз аты-жөнү – Кальяри) Паоло (1528, Верона – 19.4.1588, Венеция) – италян сүрөтчүсү, соӊку Кайра жаралуу доорунун реалист сүрөтчүлөрүнүн бири. Көбүнчө Венецияда (1553-жылдан), ошондой эле Верона, Виченца, Мантуя жана Падуя шаарларында иштеген. Алгачкы чыгармаларын (1540–1550) Микеланжело, Рафаэль, Коррежо, Тициандын сүрөттөрүнүн таасиринде жараткан. Венеция республикасынын даражасын, согуштук ийгиликтерин даӊазалаган май боёк менен тарткан сүрөттөрү табынуу имараттарынын дубалдарына жана плафондоруна кадалган. Веронезе тарткан образдар алибеттүү, кыймылдары гармониялуу, шаӊдуу («Карылык жана жаштык», 1553; «Диалектика», 1575–1577; «Венеция салтанаты», 1578–1585; Венеция, Сан-Себастьяно чиркөөсү).
Веронезенин фрескаларынын (Соранцо вилласы, 1551, Кастельфранко соборундагы фреска фрагменттери; Тревизого жакын Мазерадагы Барбаро Вольпи вилласы) миф композициялары каймана фигуралар менен пейзаждарга айкалышып кетет. Станоктук сүрөттөрүндө («Кандагы никелешүү», 1563, Париждеги Лувр; «Дарийдин үй-бүлөсүнүн Александрга баш ийиши», 1565-жылдан кийин, Лондон, Улуттук галерея) адам менен тышкы коомдук чөйрөнүн карым-катышы чагылдырылат. Айрым портреттери («Белла Нани», 1550, Париж, Лувр; «Граф да Порто уулу Адриано менен», 1556, Флоренция, Контини – Бонакоссини жыйнаган сүрөт) лиризмге каныккан. Веронезеге Кайра жаралуу өкүлдөрүнүн дүйнөгө болгон көз карашындагы кризистин таасири тийип, соӊку чыгармаларында кургак салтанаттуулук, патетика күч алып кеткен («Европаны уурдоо», 1580; Венеция, Дождор сарайы; «Агарь менен Исмаил чөлдө», 1580, Тарыхый-көркөм музей). Веронезенин шакирттери: бир тууганы Бенедетто, уулдары Карло менен Габриеле.

Ад.: Антонова И. А. Веронезе. М., 1957; Фомичева Т. Д. Веронезе. М., 1973.