ВЕРОНЕЗЕ Паоло: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
(6 intermediate revisions by 5 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЕРОН́ЕЗЕ''' (өз аты-жөнү – Кальяри) Паоло (1528, Верона – 19.4.1588, Венеция) – италян сүрөтчүсү, соӊку ''Кайра жаралуу'' доорунун реалист сүрөтчүлөрүнүн бири. Көбүнчө Венецияда (1553-жылдан), о. эле Верона, Виченца, Мантуя ж-а Падуя ш-нда иштеген. Алгачкы чыгармаларын (1540–50) ''Микеланжело, Рафаэль, Кор-''
'''ВЕРОНЕ&#769;ЗЕ ''' (өз аты-жөнү – Кальяри) '''Паоло''' (1528, Верона – 19.4.1588, Венеция) – италян сүрөтчүсү, соӊку ''Кайра жаралуу'' доорунун реалист сүрөтчүлөрүнүн бири. Көбүнчө Венецияда (1553-жылдан), ошондой эле Верона, Виченца, Мантуя жана Падуя шаарларында иштеген. Алгачкы чыгармаларын (1540–1550) ''Микеланжело, Рафаэль, Коррежо, Тициандын'' сүрөттөрүнүн таасиринде жараткан. Венеция республикасынын даражасын, согуштук ийгиликтерин даӊазалаган май боёк менен тарткан сүрөттөрү табынуу имараттарынын дубалдарына жана плафондоруна кадалган. Веронезе тарткан образдар алибеттүү, кыймылдары гармониялуу, шаӊдуу («Карылык жана жаштык», 1553; «Диалектика», 1575–1577; «Венеция салтанаты», 1578–1585; Венеция, Сан-Себастьяно чиркөөсү).<br/>Веронезенин фрескаларынын (Соранцо вилласы, 1551, Кастельфранко соборундагы фреска фрагменттери; Тревизого жакын Мазерадагы Барбаро Вольпи вилласы) миф композициялары каймана фигуралар менен пейзаждарга айкалышып кетет. Станоктук сүрөттөрүндө («Кандагы никелешүү», 1563, Париждеги Лувр; «Дарийдин үй-бүлөсүнүн Александрга баш ийиши», 1565-жылдан кийин, Лондон, Улуттук галерея) адам менен тышкы коомдук чөйрөнүн карым-катышы чагылдырылат. Айрым портреттери («Белла Нани», 1550, Париж, Лувр; «Граф да Порто уулу Адриано менен», 1556, Флоренция, Контини – Бонакоссини жыйнаган сүрөт) лиризмге каныккан. Веронезеге Кайра жаралуу өкүлдөрүнүн дүйнөгө болгон көз карашындагы кризистин таасири тийип, соӊку чыгармаларында кургак салтанаттуулук, патетика күч алып кеткен («Европаны уурдоо», 1580; Венеция, Дождор сарайы; «Агарь менен Исмаил чөлдө», 1580, Тарыхый-көркөм музей). Веронезенин шакирттери: бир тууганы Бенедетто, уулдары Карло менен Габриеле.
 
[[File:ВЕРОНЕЗЕ111.png | thumb | П. Веронезе. «Левия үйүндөгү той». 1573. Академия галереясы (Венеция).]]
П. Веронезе. «Левия үйүндөгү той». 1573. Академия галереясы (Венеция).
<br/>Ад.: ''Антонова И. А.'' Веронезе. М., 1957; ''Фомичева Т. Д.'' Веронезе. М., 1973.
''режо, Тициандын'' сүрөттөрүнүн таасиринде жараткан. Венеция респ-нын даражасын, согуштук ийгиликтерин даӊазалаган май боёк м-н тарткан сүрөттөрү табынуу имараттарынын дубалдарына ж-а плафондоруна кадалган. В. тарткан образдар алибеттүү, кыймылдары гармониялуу, шаӊдуу («Карылык жана жаштык», 1553; «Диалектика», 1575–77; «Венеция салтанаты», 1578–85; Венеция, Сан-Себастьяно чиркөөсү). В-нин фрескаларынын (Соранцо вилласы, 1551, Кастельфранко соборундагы фреска фрагменттери; Тревизого жакын Мазерадагы Барбаро Вольпи вилласы) миф композициялары каймана фигуралар м-н пейзаждарга айкалышып кетет. Станоктук сүрөттөрүндө («Кандагы никелешүү», 1563, Париждеги Лувр; «Дарийдин үй-бүлөсүнүн Александрга баш ийиши», 1565-жылдан кийин, Лондон, Улуттук гал.) адам м-н тышкы коомдук чөйрөнүн карым-катышы чагылдырылат. Айрым портреттери («Белла Нани», 1550, Париж, Лувр; «Граф да Порто уулу Адриано менен», 1556, Флоренция, Контини – Бонакоссини жыйнаган сүрөт) лиризмге каныккан. В-ге Кайра жаралуу өкүлдөрүнүн дүйнөгө болгон көз карашындагы кризистин таасири тийип, соӊку чыгармаларында кургак салтанаттуулук, патетика күч алып кеткен («Европаны уурдоо», 1580; Венеция, Дождор сарайы; «Агарь менен Исмаил чөлдө», 1580, Тарыхый-көркөм музей). В-нин шакирттери: бир тууганы Бенедетто, уулдары Карло м-н Габриеле.
Ад.: ''Антонова И. А.'' Веронезе. М., 1957; ''Фомичева Т. Д.'' Веронезе. М., 1973.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

11:46, 21 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ВЕРОНЕ́ЗЕ (өз аты-жөнү – Кальяри) Паоло (1528, Верона – 19.4.1588, Венеция) – италян сүрөтчүсү, соӊку Кайра жаралуу доорунун реалист сүрөтчүлөрүнүн бири. Көбүнчө Венецияда (1553-жылдан), ошондой эле Верона, Виченца, Мантуя жана Падуя шаарларында иштеген. Алгачкы чыгармаларын (1540–1550) Микеланжело, Рафаэль, Коррежо, Тициандын сүрөттөрүнүн таасиринде жараткан. Венеция республикасынын даражасын, согуштук ийгиликтерин даӊазалаган май боёк менен тарткан сүрөттөрү табынуу имараттарынын дубалдарына жана плафондоруна кадалган. Веронезе тарткан образдар алибеттүү, кыймылдары гармониялуу, шаӊдуу («Карылык жана жаштык», 1553; «Диалектика», 1575–1577; «Венеция салтанаты», 1578–1585; Венеция, Сан-Себастьяно чиркөөсү).
Веронезенин фрескаларынын (Соранцо вилласы, 1551, Кастельфранко соборундагы фреска фрагменттери; Тревизого жакын Мазерадагы Барбаро Вольпи вилласы) миф композициялары каймана фигуралар менен пейзаждарга айкалышып кетет. Станоктук сүрөттөрүндө («Кандагы никелешүү», 1563, Париждеги Лувр; «Дарийдин үй-бүлөсүнүн Александрга баш ийиши», 1565-жылдан кийин, Лондон, Улуттук галерея) адам менен тышкы коомдук чөйрөнүн карым-катышы чагылдырылат. Айрым портреттери («Белла Нани», 1550, Париж, Лувр; «Граф да Порто уулу Адриано менен», 1556, Флоренция, Контини – Бонакоссини жыйнаган сүрөт) лиризмге каныккан. Веронезеге Кайра жаралуу өкүлдөрүнүн дүйнөгө болгон көз карашындагы кризистин таасири тийип, соӊку чыгармаларында кургак салтанаттуулук, патетика күч алып кеткен («Европаны уурдоо», 1580; Венеция, Дождор сарайы; «Агарь менен Исмаил чөлдө», 1580, Тарыхый-көркөм музей). Веронезенин шакирттери: бир тууганы Бенедетто, уулдары Карло менен Габриеле.

П. Веронезе. «Левия үйүндөгү той». 1573. Академия галереясы (Венеция).


Ад.: Антонова И. А. Веронезе. М., 1957; Фомичева Т. Д. Веронезе. М., 1973.