ВИДЕО ЖАЗУУ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
м (Lera moved page ВИДЕОЖАЗУУ to ВИДЕО ЖАЗУУ) |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ВИДЕО ЖАЗУУ '''(''видео''... жана ''жазуу'') – сү­рөттөлүштү, радиолокациялык жана башка сигналдар­ды видео магнитофондун жардамы менен телеви­зордун экранынан, компьютердин мониторунан кайрадан көрсөтүү үчүн магнит тасмасына же кинопленкага жазып алуу. Сигналдар дискке термопластикалык жана механикалык ыкма менен жазы­лат. Телекөрсөтүүдөгү видео жазуу – даректүү жана көркөм программаларды көпкө сактоонун негизги жол­дорунун бири. Сигналдарды киноплёнкага жа­зып, ал плёнканы өңүнө чыгарып, көбөйтүп басып чыгарганга жана монтаждаганга караган­да видеомагнитофонго видеожазуу программадагы берүү­лөрдү бүтүндөй же анын айрым бөлүгүн көрсө­түүгө мүмкүндүк берет. Магниттик плёнкадагы жазылган сүрөттөлүштөрдү бир нече жолу өчүрүп, кайрадан жаңы сигналдарды жазууга болот. Видео жазуу спектри телеберүүлөр системасында 50 ''Гц''— 6,5 ''МГц'', фототелеграфтык түзүлүштө 80 ''Гц''— 6 ''кГц'', радиолокациялык системаларда 50 ''Гц'' — 10 ''Мгц''. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
12:02, 21 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ВИДЕО ЖАЗУУ (видео... жана жазуу) – сүрөттөлүштү, радиолокациялык жана башка сигналдарды видео магнитофондун жардамы менен телевизордун экранынан, компьютердин мониторунан кайрадан көрсөтүү үчүн магнит тасмасына же кинопленкага жазып алуу. Сигналдар дискке термопластикалык жана механикалык ыкма менен жазылат. Телекөрсөтүүдөгү видео жазуу – даректүү жана көркөм программаларды көпкө сактоонун негизги жолдорунун бири. Сигналдарды киноплёнкага жазып, ал плёнканы өңүнө чыгарып, көбөйтүп басып чыгарганга жана монтаждаганга караганда видеомагнитофонго видеожазуу программадагы берүүлөрдү бүтүндөй же анын айрым бөлүгүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Магниттик плёнкадагы жазылган сүрөттөлүштөрдү бир нече жолу өчүрүп, кайрадан жаңы сигналдарды жазууга болот. Видео жазуу спектри телеберүүлөр системасында 50 Гц— 6,5 МГц, фототелеграфтык түзүлүштө 80 Гц— 6 кГц, радиолокациялык системаларда 50 Гц — 10 Мгц.