ВИОЛОНЧЕЛЬ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИОЛОНЧЕ́ЛЬ '''( | '''ВИОЛОНЧЕ́ЛЬ '''(италянча violencello – кичирейтүү, violonе – контрабас) – ''скрипка'' түркүмүнө кир­ген бас-тенор регистриндеги жаалуу тартма, 4 кылдуу музыкалык аспап. Жалпы узундугу 1550–1560 ''мм,'' турпатынын узундугу 760 ''мм.'' Кылдары квинтага күүлөнөт.<br> | ||
[[File:ВИОЛОНЧЕЛЬ23.png | thumb | А. Страдиваринин виолончели. Үстүңкү дека; баш жагы (кап­талынан көрүнүшү). 1733. Музыкалык инстру­менттердин мамлекеттик коллекциясы (Моск­ва).]] | [[File:ВИОЛОНЧЕЛЬ23.png | thumb | А. Страдиваринин виолончели. Үстүңкү дека; баш жагы (кап­талынан көрүнүшү). 1733. Музыкалык инстру­менттердин мамлекеттик коллекциясы (Моск­ва).]] |
12:58, 21 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ВИОЛОНЧЕ́ЛЬ (италянча violencello – кичирейтүү, violonе – контрабас) – скрипка түркүмүнө кирген бас-тенор регистриндеги жаалуу тартма, 4 кылдуу музыкалык аспап. Жалпы узундугу 1550–1560 мм, турпатынын узундугу 760 мм. Кылдары квинтага күүлөнөт.

Диапазону 5 октавага жетет. Ансамблде, оркестрде (айрыкча симфониялык оркестрде 12ге чейин) жана жеке номерлерди аткарууга колдонулат. XVI кылымдын башында пайда болгон. XVII–XVII кылымда италиялык усталар
А. Амати, Ж. Гварнери, орус усталары И. А. Батов, Е. Ф. Витачек, Т. Ф. Подгорный жана башкалар виолончелдин мыкты үлгүлөрүн жасашкан. Композиторлор И. С. Бах, Л. Бетховен, Э. Григ, Ф. Шопен, П. И. Чайковский, Д. Д. Шостакович жана башкалар виолончель үчүн концерттерди, сюиталарды, сонаталарды жазышкан.