ВИЦИН Георгий Михайлович: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page ВИЦИН to ВИЦИН Георгий Михайлович) |
||
(4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИ́ЦИН '''Георгий Михайлович (23.4.1918, Пет­роград – 22.10.2001, Москва) – орус актёру, СССР эл артисти. (1990). Вахтангов атындагы театр окуу жа­йында, | '''ВИ́ЦИН''' Георгий Михайлович (23.4.1918, Пет­роград – 22.10.2001, Москва) – орус актёру, СССР эл артисти. (1990). Вахтангов атындагы театр окуу жа­йында, Москва көркөм академиялык театрынын (МХАТ) алдындагы студияда окуган. | ||
[[File:ВИЦИН35.png | thumb | «Кавказ тутку­ну» | [[File:ВИЦИН35.png | thumb | «Кавказ тутку­ну» тасмасында. 1967.]] | ||
<br>Г. М . Вицин 1937-жылдан Ермолова атындагы театрда, 1969-жыл­дан | <br>Г. М . Вицин 1937-жылдан Ермолова атындагы театрда, 1969-жыл­дан кино актёрлор театр-студиясында иштеген. Вицин – комедиялык жана курч мүнөздөгү актёр. 1945-жылдан киного тартылган. «Көлөкө», «Жа­зындагы жомок» (экөө тең 1972-жылы) телетасмаларында чебер ойногон. Режиссёр Л. И. Гайдайдын «Эң олуттуу» (1961), «Самогончулар» (1962), «Операция “Ы” жана Шуриктин башка жорук­тары» (1965), «Кавказ туткуну» (1967) киноко­медиясында коркоктун образын өтө чыгармачылык менен түзгөн. Кинодогу башка ролдору: Н. В. Го­голь («Композитор Глинка», 1952; «Белинский», 1953), Эндрю сэр («Он экинчи түн», 1955), Кар­расио («Дон Кихот», 1957), Сэм («Ишкер адам­дар», 1963), Бальзаминов («Бальзаминовдун үйлөнүүсү», 1965), Хмырь («Жолдуу сыпайы», 1972), Сахар («Көк чымчык», 1976, советтик-америкалык), Тахво Кекконен («Ширеңке издеп», 1980, советтик-финдик), Фонди-Монди («Колуңду көтөр!», 1981) жана башка 80ден ашуун анимациялык тасмаларга үн кошкон. | ||
[[Файл:Вицин.jpg|center|thumb|275x275px|Вицин жана Варлей]] | |||
''А. Пазылов.'' | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
13:11, 21 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ВИ́ЦИН Георгий Михайлович (23.4.1918, Петроград – 22.10.2001, Москва) – орус актёру, СССР эл артисти. (1990). Вахтангов атындагы театр окуу жайында, Москва көркөм академиялык театрынын (МХАТ) алдындагы студияда окуган.

Г. М . Вицин 1937-жылдан Ермолова атындагы театрда, 1969-жылдан кино актёрлор театр-студиясында иштеген. Вицин – комедиялык жана курч мүнөздөгү актёр. 1945-жылдан киного тартылган. «Көлөкө», «Жазындагы жомок» (экөө тең 1972-жылы) телетасмаларында чебер ойногон. Режиссёр Л. И. Гайдайдын «Эң олуттуу» (1961), «Самогончулар» (1962), «Операция “Ы” жана Шуриктин башка жоруктары» (1965), «Кавказ туткуну» (1967) кинокомедиясында коркоктун образын өтө чыгармачылык менен түзгөн. Кинодогу башка ролдору: Н. В. Гоголь («Композитор Глинка», 1952; «Белинский», 1953), Эндрю сэр («Он экинчи түн», 1955), Каррасио («Дон Кихот», 1957), Сэм («Ишкер адамдар», 1963), Бальзаминов («Бальзаминовдун үйлөнүүсү», 1965), Хмырь («Жолдуу сыпайы», 1972), Сахар («Көк чымчык», 1976, советтик-америкалык), Тахво Кекконен («Ширеңке издеп», 1980, советтик-финдик), Фонди-Монди («Колуңду көтөр!», 1981) жана башка 80ден ашуун анимациялык тасмаларга үн кошкон.

А. Пазылов.