ЖУМАГУЛОВ Алымкул: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page ЖУМАГУЛОВ 1 to ЖУМАГУЛОВ Алымкул) |
||
(One intermediate revision by the same user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖУМАГУЛОВ</b> Алымкул (1893, азыркы Чүй | <b type='title'>ЖУМАГУЛОВ</b> '''Алымкул''' (1893, азыркы Чүй облусу, Панфилов району, Кум-Арык айылы – 1937, ?) – партиялык ж-а мамлекеттик ишмер. Чалдыбар орус­тузем мектебин, Олуя-Ата шаарындагы жогорку ­башталгыч окуу жайын бүтүргөн. 1915–17-жылдарда Олуя-Ата уездинин начальнигине тилмеч ж-а катчы болуп иштеген. 1917-жылы Олуя-Ата уезд­дик-шаардык депутаттар советинин аткомуна, солчул эсерлер партиясына, 1919-жылы больше­виктер фракциясына мүчө болгон. Т. Рыску­лов, Б. Кашкынбаев ж. б. м-н бирге Советтер­дин бүткүл өлкөлүк 8-съездине делегаттыкка шайланган (1919). 1918–24-жылдарда Олуя-Ата, Пиш­пек уезддик жер бөлүмүнүн башчысы, жер ре­формасы боюнча «өзгөчө тройканын» төрагасы, Олуя-Ата уезддик аткомдун төрагасынын орун басары, 1924-жылы Кокон шаарындагы Түркстан КП Фергана облустук комитетинин чарба бөлүмүндө, Таш­кенттеги Бүткүл Россиялык кооперациялык банкта инструктор болуп иштеп, Ж. Абдрахма­нов, М. Каменский, Р. Кудайкуловдор м-н бирге­лешип, Кыргызстандагы алгачкы айыл чарба кооператив­дерин уюштурган. 1924–26-жылдарда Кыргыз автоно­миялуу облусунун дыйканчылык башкармалы­гынын начальниги, начальниктин жардамчы­сы, 1927–37-жылдарда Жалал-Абад кантондук, Ош ок­ругдук, Талас райондук жер бөлүмүнүн башчысы, Кызыл-Кыя шаардык пахта өндүрүү кооперати­винин башчысы, Кыргызпахтасоюздун төрага­сынын орун басары, Мирзоян райондук аткому­нун иш башкаруучусу болуп иштеген. 1937-жылы Социал-Туран партиясынын активдүү мүчөсү де­ген жалаа м-н камакка алынып, атууга өкүм кылынган. 1957-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе облустук соту тарабынан толук акталган. Ысымы Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү Кара- Ой орто мектебине ж-а бир көчөгө ыйгарылган. | ||
?) – | |||
Фергана | |||
<i>С. Тоялиев.</i> | |||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
10:28, 23 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖУМАГУЛОВ Алымкул (1893, азыркы Чүй облусу, Панфилов району, Кум-Арык айылы – 1937, ?) – партиялык ж-а мамлекеттик ишмер. Чалдыбар орустузем мектебин, Олуя-Ата шаарындагы жогорку башталгыч окуу жайын бүтүргөн. 1915–17-жылдарда Олуя-Ата уездинин начальнигине тилмеч ж-а катчы болуп иштеген. 1917-жылы Олуя-Ата уезддик-шаардык депутаттар советинин аткомуна, солчул эсерлер партиясына, 1919-жылы большевиктер фракциясына мүчө болгон. Т. Рыскулов, Б. Кашкынбаев ж. б. м-н бирге Советтердин бүткүл өлкөлүк 8-съездине делегаттыкка шайланган (1919). 1918–24-жылдарда Олуя-Ата, Пишпек уезддик жер бөлүмүнүн башчысы, жер реформасы боюнча «өзгөчө тройканын» төрагасы, Олуя-Ата уезддик аткомдун төрагасынын орун басары, 1924-жылы Кокон шаарындагы Түркстан КП Фергана облустук комитетинин чарба бөлүмүндө, Ташкенттеги Бүткүл Россиялык кооперациялык банкта инструктор болуп иштеп, Ж. Абдрахманов, М. Каменский, Р. Кудайкуловдор м-н биргелешип, Кыргызстандагы алгачкы айыл чарба кооперативдерин уюштурган. 1924–26-жылдарда Кыргыз автономиялуу облусунун дыйканчылык башкармалыгынын начальниги, начальниктин жардамчысы, 1927–37-жылдарда Жалал-Абад кантондук, Ош округдук, Талас райондук жер бөлүмүнүн башчысы, Кызыл-Кыя шаардык пахта өндүрүү кооперативинин башчысы, Кыргызпахтасоюздун төрагасынын орун басары, Мирзоян райондук аткомунун иш башкаруучусу болуп иштеген. 1937-жылы Социал-Туран партиясынын активдүү мүчөсү деген жалаа м-н камакка алынып, атууга өкүм кылынган. 1957-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе облустук соту тарабынан толук акталган. Ысымы Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү Кара- Ой орто мектебине ж-а бир көчөгө ыйгарылган.
С. Тоялиев.