ЖУМАГУЛОВ Олжобай: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖУМАГУЛОВ 4 to ЖУМАГУЛОВ Олжобай) |
(Айырма жок)
|
07:49, 24 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖУМАГУЛОВ Олжобай Жумакадырович (20. 6. 1954-жылы туулган, Фрунзе) – медицина илимдеринин доктору (1996), профессор (2000). КММИни (1978), ошол эле жерде аспирантураны (1986), докторантураны (1993) бүтүргөн. Ленинградда көз микрохирургиясы боюнча клиникалык ординатурада окуган (1978–80). 1997-жылдан КММАда көз оорулары кафедрасынын башчысы. Көз микрохирургиясы, социалдык офтальмология, лазердик көз хирургиясы боюнча адис. 80ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 ойлоп табуусу бар. Бүткүл дүйнөлүк интелектуалдык менчик уюмунун алтын медалы м-н сыйланган (2008, Женева).
Эмг.: Контузия глаз. Ф., 1989; Амбулаторная микрохирургия вторичной катаракты. Б., 1992; Организация неотложной офтальмологической помощи в отдаленных районах Кыргызстана. Б., 1992.