ГИДРОТЕХНИКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГИДРОТЕ́ХНИКА ''' (''гидро''... ж-а ''техника'') – илим ж-а техниканын суу ресурстарын (дарыя, көл, деӊиз, жер астындагы суу) эл чарбасында пайдалануу ж-а гидротех. курулмалардын жардамы м-н суу кырсыгынан сактануу маселелерин камтыган тармагы. Г. колдонмо илим катары гидравлика, гидромеханика, гидрология, гидрогеология, кыртыш механикасы, курулуш механикасы, инж. геология ж. б. илимдерге таянат ж-а суу чарбасын тейлөөчү инж. илимдердин татаал комплекси болуп эсептелет. Гидротех. курулмаларды долбоорлоо ж-а констр-лоо, куруу ж-а пайдалануу ыкмаларын иштеп чыгат. Г. энергетика, ирригация муктаждыктары, о. эле суу м-н камсыз кылуу үчүн плотина м-н шлюздун, суу шилендисине каршы курулманын жаӊы типтерин, дарыя агымын жөнгө салуу ыкмаларын, ГЭСтин оригиналдуу констр-сын иштеп чыгат; курама-бетон курулмаларынын жаӊы констр-сын түзөт. Г. ''гидрология, гидромеханика, гидравлика'' сыяктуу суу ж-дөгү илимдерге таянат.
'''ГИДРОТЕ́ХНИКА ''' (''гидро''... жана ''техника'') – илим жана техниканын суу ресурстарын (дарыя, көл, деӊиз, жер астындагы суу) эл чарбасында пайдалануу жана гидротехникалык курулмалардын жардамы менен суу кырсыгынан сактануу маселелерин камтыган тармагы. Гидротехника колдонмо илим катары гидравлика, гидромеханика, гидрология, гидрогеология, кыртыш механикасы, курулуш механикасы, инженердик геология жана башка илимдерге таянат жана суу чарбасын тейлөөчү инженердик илимдердин татаал комплекси болуп эсептелет. Гидротехникалык курулмаларды долбоорлоо жана конструкциялоо, куруу жана пайдалануу ыкмаларын иштеп чыгат. Гидротехника энергетика, ирригация муктаждыктары, ошондой эле суу менен камсыз кылуу үчүн плотина менен шлюздун, суу шилендисине каршы курулманын жаӊы типтерин, дарыя агымын жөнгө салуу ыкмаларын, гидроэлектр станциясынын оригиналдуу конструкциясын иштеп чыгат; курама-бетон курулмаларынын жаӊы конструкциясын түзөт. Гидротехника ''гидрология, гидромеханика, гидравлика'' сыяктуу суу жөнүндөгү илимдерге таянат.
<br/>Ад.: ''Берг В. А.'' Основы гидротехники. Л., 1963; Гидротехнические сооружения/Под ред. Н. П. Розанова. М., 1978.
 
<br />Ад.: ''Берг В. А.'' Основы гидротехники. Л., 1963; Гидротехнические сооружения/Под ред. Н. П. Розанова. М., 1978.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:39, 24 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ГИДРОТЕ́ХНИКА (гидро... жана техника) – илим жана техниканын суу ресурстарын (дарыя, көл, деӊиз, жер астындагы суу) эл чарбасында пайдалануу жана гидротехникалык курулмалардын жардамы менен суу кырсыгынан сактануу маселелерин камтыган тармагы. Гидротехника колдонмо илим катары гидравлика, гидромеханика, гидрология, гидрогеология, кыртыш механикасы, курулуш механикасы, инженердик геология жана башка илимдерге таянат жана суу чарбасын тейлөөчү инженердик илимдердин татаал комплекси болуп эсептелет. Гидротехникалык курулмаларды долбоорлоо жана конструкциялоо, куруу жана пайдалануу ыкмаларын иштеп чыгат. Гидротехника энергетика, ирригация муктаждыктары, ошондой эле суу менен камсыз кылуу үчүн плотина менен шлюздун, суу шилендисине каршы курулманын жаӊы типтерин, дарыя агымын жөнгө салуу ыкмаларын, гидроэлектр станциясынын оригиналдуу конструкциясын иштеп чыгат; курама-бетон курулмаларынын жаӊы конструкциясын түзөт. Гидротехника гидрология, гидромеханика, гидравлика сыяктуу суу жөнүндөгү илимдерге таянат.


Ад.: Берг В. А. Основы гидротехники. Л., 1963; Гидротехнические сооружения/Под ред. Н. П. Розанова. М., 1978.