БОЛГАРИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
82 сап: | 82 сап: | ||
==Маданияты== | ==Маданияты== | ||
<br/>Билим берүү жана агартуу сфер<font color='green'>а</font>сындагы мамлекеттик саясат Билим берүү жана илим Министрлиги тарабынан жана билим берүү жана илим комиссиясы өлкөнүн Улуттук чогулушу тарабынан көзөмөлдөнөт. Мектепке чейинки мекемелер, мектептеги окутуунун бардык түрү жергиликтүү. бийлик менен регионалдык билим берүү и<font color='green'>н</font>спекциясы жетектейт. Ал эми жогорку окуу жайларын ректорлор кеӊеши башкарат. Неги<font color='green'>з</font>ги регламенттик документ болуп, 1991-жылы к<font color='green'>а</font>был алынган билим берүү, 1995-жылкы жого<font color='green'>р</font>ку билим, 1999-жылкы кесиптик билим жөнүндөгү мыйзамдар эсептелет. | <br/>Билим берүү жана агартуу сфер<font color='green'>а</font>сындагы мамлекеттик саясат Билим берүү жана илим Министрлиги тарабынан жана билим берүү жана илим комиссиясы өлкөнүн Улуттук чогулушу тарабынан көзөмөлдөнөт. Мектепке чейинки мекемелер, мектептеги окутуунун бардык түрү жергиликтүү. бийлик менен регионалдык билим берүү и<font color='green'>н</font>спекциясы жетектейт. Ал эми жогорку окуу жайларын ректорлор кеӊеши башкарат. Неги<font color='green'>з</font>ги регламенттик документ болуп, 1991-жылы к<font color='green'>а</font>был алынган билим берүү, 1995-жылкы жого<font color='green'>р</font>ку билим, 1999-жылкы кесиптик билим жөнүндөгү мыйзамдар эсептелет. Болгарияда эл аралык билим берүүнүн стандарттык классификациясы ISСED– 97 кабыл алынган. Билим берүү системасы ме<font color='green'>к</font>тепке чейинки мекеме (3–7 жаш), негизги ме<font color='green'>к</font>теп [башталгыч билим (1–4-класс), гимнази<font color='green'>я</font>лык билимден (5–8-класс)] турат. Жаштар 16 жашка чейин акысыз жана милдеттүү түрдө б<font color='green'>и</font>лим алышат. Ошондой эле орто билим (9–12-класс) алуу да киргизилген. Орто адистештирилген окуу жайлары 6–8-класстын жана орто мекте<font color='green'>п</font>тин билим базасында жүргүзүлөт. Болгарияда 42 университет жана 9 коллеж бар. Ири университеттери: Климент Ори<font color='green'>д</font>ский атындагы (1888-жылы негизделген София), Паисия Хиландарский атындагы (1961, Пловдив), Ыйык К<font color='green'>и</font>рилл жана Мефодий атындагы (1971, Велико-Тырн<font color='green'>о</font>во), Аскер Академиясы, улуттук жана дүйнөлүк чарбалар унивеситети, жогорку медициналык институт. Болгария илимдер академиясы и<font color='green'>ш</font>тейт. Өлкөдө 400дөн ашык китепкана (анын ичинде 49 ири), 220дан ашык музей (анын ичинде «Шипка-Бузл<font color="green">у</font>жа» улуттук музейи, Несебыр, Копривштица, Арбанаси жана башка шаар-музейлер) бар. | ||
чарбалар унивеситети, жогорку медициналык институт. | |||
М а с с а л ы к м а а л ы м а т к а р а ж а <font color='green'>т</font>т а р ы да жакшы өнүккөн. Негизи гезиттери: «24 саат», «Эмгек», «Дума», «Народна младеж», «Стандарт», «Монитор», «Демокрация». Ради<font color='green'>о</font> уктуруу 1929-жылдан (белгилүү каналдары: «Х<font color='green'>о</font>ризонт», «Христо Ботев», «Радио Нэт», «Дарик Радио»), телекөрсөтүү 1959-жылдан жүргүзүлөт. 1999-жылдан менчик канал К 2, Б. телеграф агентчилиги (Българска телеграфна агенция – БТА, 1898-жылы негизделген) иштейт. Болгариянын м<font color='green'>е</font>диарыногу чет элдик капиталга (Германия, Швейцария) көзкаранды. Болгариянын а д а б и я т ы славян адабияттарынын ичинен эӊ байыркы адабият. Өлкө христианчылы<font color='green'>к</font>ты кабыл алгандан кийин iX кылымдын 2-жарымы<font color='green'>н</font>да пайда болгон. Алгачкы диний текстерди ага<font color='green'>р</font>туучулар Кирилл жана Мефодий түзгөн. Байы<font color='green'>р</font>кы адабияты Болгариянын 1-падышасы Б. Симеондун (893– 927) тушунда өсүп өнгөн. Бул мезгилде Климент Охридскийдин жыйнактары (сыйынуу, ыйы<font color='green'>к</font>тардын панегириктери), Константин Пресла<font color='green'>в</font>скийдин (ыр менен жазылган сыйынуу), Иоанна Экзарханын, Черноризца Храбранын (тракта<font color='green'>т</font>тары) жарык көргөн. 1018–1186-жылдары (Византия бийлик кылган мезгилде) адабият өсүшүн токто<font color='green'>т</font>кон. XIV кылымда жаӊы өсүш башталып, Евфимий жана анын окуучулары Григорий Цамблак жана Константин Костенеческийлер адабиятка чоӊ салым кошушкан. Адабияттын жаӊы этабы улуттук ка<font color='green'>й</font>ра жаралуу менен байланыштуу. Поэзия ургалдуу өнүгүп, 1-болгар журналы «Любословие» (1844) чыккан. Болгариянын адабиятынын өнүгүшүнө орус адабияты чоӊ таасир тийгизген. 1917–1923-жылдардагы ревалюция а<font color='green'>дабия</font>тка чоӊ таасир эткен. Экинчи дүйнөлүк согу<font color='green'>ш</font>тан коммунисттик режим кулаганга чейин (198<font color='green'>9</font>жылдын аягы) Болгария адабияты, социалисттик талаптын бас<font color='green'>ы</font>мы астында келген, бирок көптөгөн жазууч<font color='green'>у</font>лар жасалма шаблонго каршы турушкан. Учурда адабиятынын негизги темасы улуттук каада-салт жана акыл-ой байлыгы болууда. XXI кылымдын ба<font color='green'>ш</font>талышында адабияттагы кризисти жоюу тенденци<font color='green'>я</font>сы байкалууда. Прозасында коррупцияга, кы<font color='green'>л</font>мыштуулукка жана башкаларга анализ берүү колдонулууда. «Аялдар» адабияты активдүү өнүгүүдө. Өлкөнүн аймагындагы байыркы эстеликтер (карапа, кооз буюмдар жана башкалар) неолит дооруна (биздин заманга чейинки 6-миӊ жылдык чен) таандык. Коло жана темир доорундагы курулуштар дольмендер т<font color='green'>а</font>рабынан курулган. Фракия маданиятынын кур<font color='green'>у</font>луштарынан өтө сейрек кездешүүчү эстеликтери (Казанлык аймагында) сакталган. Фракия м<font color='green'>у</font>расын Вылчитрына, Рогозена алтын, Панаг<font color='green'>ю</font>риштен казыналары (биздин заманга чейинк IV кылымдын аягы – III кылымдын башы) толуктайт. Казанлыктан анча алыс эмес жерден Одрис падышалыгынын борбору Севтополистин (биздин заманга чейинки IV–III-кылымдар) калдыгы сакталган. Анда суу куурлары, цитадель с<font color='green'>а</font>райы менен табылган. Археологиялык табылгалар (кар<font color='green'>а</font>па, монета, коло жана баалуу металлдардан ж<font color='green'>а</font>салган буюмдар) Фракия менен Грекия тыгыз ба<font color='green'>й</font>ланышта экенин күбөлөндүрөт. Коргонуу үчүн курулган курулуштардын калдыктары Софи<font color='green'>я</font>да, Пловдивде, Варнада, Ивойловградка жакын жана башка жерлерде сакталган. Булар курулуш те<font color='green'>х</font>никасынын жогорку деӊгээлде өнүккөнүн д<font color='green'>а</font>лилдейт. Эрте византия доорунда христиан хра<font color='green'>м</font>дары пайда болуп, живопись менен кооздолгон. Биринчи болгар падышалыгы (680–1018) пайда болгондон баштап Болгариянын искусствосу калыптана баштайт. Ал доордун алгачкы архитектура эстеликтери таш чептеринин калдыктары жана Плиска менен Преславдагы сарайлар (IX–X-кылымдар). Экинчи болгар падышалыгы мезгилинде (1187–1396), Тырново көркөм искуствонун негизги борборуна айланган. Тырноводогу бул көркөм мектеп IX–X кылымдардагы архитектурага караганда курулуштардын чакандыгы жана декорациясы менен айырмаланат. XIII–XIV кылымдарда болгар живописи менен миниатюрасы гүлдөп өн<font color='green'>ү</font>гөт. Осмон түрктөрү басып алгандан кийин му<font color='green'>р</font>дагы маданий мурастардын көпчүлүгү жок к<font color='green'>ы</font>лынган. XVIII–XIX кылымдарда болгар улуттук искусствосу өнүгө баштаган. Ал доордо Риль монастыр<font color='green'>ы</font>нын 3 корпусу (1816–1819; Алекси Рилец), чиркөө, кербен сарайлар тургузулган. Сүрөт өнөрүнүн алгачкы өкүлдөрү жерг. көркөм мектептерден таасирленишип, икона тартышса, XIX кылымда д<font color='green'>и</font>ний сүрөт канондорунан бошоно башташкан. Белгилүү сүрөтчүсү Захарий Зограф заманда<font color='green'>ш</font>тарынын портретин тартып, реалдуу турмушту чагылдырган. Экинчи болгар падышачылыгы мезгилинде биротоло Византияга көз каранды эмес өз алдынча искусство калыптанат. Тырноводо (учурда Велико-Тырново) таштан падыша с<font color='green'>а</font>райы, көптөгөн храмдар, чиркөөлөр, «Баба Вида» (XII–XIV кылымдар; Видинда) капкасы салынган. Осмон түрктөрүнүн эзүүсүнөн бошонгондон (1878) кийин, искусствосуна, архитектурасына акырындап е<font color='green'>в</font>ропалык көркөм сүрөт процесси кире баштаган. Өлкөнүн жаӊы борбору Софиянын хан сарай, улуттук театр, Александр-Невскийдин хра<font color='green'>м</font> эстелиги пайда болуп, аянттары жана парктары монументтер менен кооздолгон. Архитектурасында эк<font color='green'>л</font>лектизм, неоклассицизм, улуттук романтизм те<font color='green'>н</font>денциялары пайда болуп, функционализм өнүгөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин шаар куруу башталып, шаарлары реконструкциял<font color='green'>а</font>нып, жаӊы өнөр жайлуу шаарлар (Димитровград, Мадан жана башкалар) өсүп чыкты. XX кылымдын 2-жарым<font color='green'>ы</font>нан искусство улуттук каада-салт жана жаӊы тенде<font color='green'>н</font>циялар менен коштолуп өнүгүүдө. XXI кылымдын көр<font color='green'>ү</font>нүктүү живописчилери: Д. Казаков, И.Кирков, С. Русев, графикчилери: Р. Скорчев П. Чуклев, С. Стоилов, скульпторлор: Л. Далчев, В. Мин<font color='green'>е</font>ков, В. Старчев, Г. Чапкынов. М у з ы к а с ы н д а улуттук музыка чоӊ роль ойнойт. IX кылымдан чиркөө ырлары өнүгүп кел | |||
М а с с а л ы к м а а л ы м а т к а р а ж а <font color='green'>т</font>т а р ы да жакшы өнүккөн. Негизи гезиттери: | ген (Византиянын таасиринде). Ионна Кукуз<font color='green'>е</font>лянын аты менен чиркөө ыры өтө байланыштуу. XXI кылымдын башталышына чейин чиркөө-ыр ме<font color='green'>к</font>теби сакталган. Учурдагы музыкасы XIX кылымдын 3-жарымынан өнүккөн. Алгач чет элдик муз<font color='green'>ы</font>канттардан (негизинен чехтер) таасирленишкен. 1880-жылы Софияда 1-өз алдынча оркестр (Гвардия) түзүлгөн. 1890–1892-жылдары опера труппаларын түзүүгө аракеттенишкени менен хор коллективдери па<font color='green'>й</font>да болгон. Улуттук композиторлор мектебин Э. Маналов (1-болгар «Кайырчы» операсынын а<font color='green'>в</font>тору), А. Букорештлиев, А. Морфов, П. Пи<font color='green'>п</font>ков, Н. Атанасов (1-болгар симфониясынын автору, 1912) негиздешкен. Д. Христов фоль<font color='green'>к</font>лор музыкасын негиздесе, Г. Атанасов операны («Гергана», «Цвета») уюштурса, 1908-жылы труппа түзүлгөн. Болгар вокалдык мектеби дүйнөгө та<font color='green'>а</font>нымал. Болгарияда опера театрлары (София улуттук, Стара-Загорадагы мамлекеттик, Пловдивде мамлекеттик), к<font color='green'>а</font>мералык опера (Благоевградда), опера театрл<font color='green'>а</font>ры (Бургас, Русе), музыкалык-драма театрлары (Вел<font color='green'>и</font>ко-Тырново), Болгариянын радио жана телекөрсөтүүс<font color='green'>ү</font>нүн симфониялык оркестри, С. Обретенов атындагы хор капелласы жана коллективдери иштейт. 1946-жылы болгар композиторлор, 1965-жылы болгар музыкалык ишмерлер союздары, 1921-жылы Болгария мамлекеттик музыкалык академиясы, 1948-жылы Болгария илимдер академиясынын астында музыка институту ачылган. Б. Христов атындагы жаш опера ырчылар, Г. Димитров атындагы май хор, «А<font color='green'>л</font>тын Орфей» эстрада ырчылар конкурстары, Ва<font color='green'>р</font>на жайы (1926), Руседеги март музыка күндөрү (1961), София музыкалык аптасы (жыл сайын, 1970) фестивалдары өткөрүлөт. Улуттук т е а т р өнөрү XIX кылымдын ортосунан өнүгө баштаган. 1840-жылы улуттук мектептерде болгар тилинде драмалык диологдор коюлуп келген. 1856-жылы театрлаштырылган оюндар Л<font color='green'>о</font>ме жана Шуменде көрсөтүлгөн. 1881-жылы алгачкы профессионалдык (Пловдивде), 1888-жылы «Осн<font color='green'>о</font>ва» Болгар улуттук театры, 1892-жылы драма тру<font color='green'>п</font>палары (учурда «Иван Вазов» театры), Улуттук актёрлор мектеби жана драматургия түзүлгөн. 1897–1905-жылдары көчүп жүрүүчү театрлар (Роза П<font color='green'>о</font>пова жана башкалар) пайда болгон. Москва көркөм теа<font color='green'>т</font>рынын актёру Н.О.Массалитинов (Улуттук театрда 1925–1961-жылдары иштеп 1944-жылга чейин көркөм жетекчи, студия мектебин түзгөн), жазуучулар И. Йовков, С. Л. Костов, Р. Стояновдор менен бирдикте иштеп, болгария драматургиясынын өсүшүнө зор салым кошкон. 1945-жылы Софияда Улуттук жаштар театры, 1946-жылы коллективдүү куурчак театр, 1948-жылы мамлекеттик жогорку театр окуу жайы (учурда театр жана кино искусство улу<font color='green'>т</font>тук академиясы), 1950–1960-жылдары бир нече театрлар («Болгар армиясы», «Апостол Карамитев», с<font color='green'>а</font>тира театры жана башкалар) ачылган. Белгилүү актерл<font color='green'>о</font>ру: М. Дупаринова, А. Карамитева, И. Кондов, Т. Массалитинова, С. Славова жана башкалар. «Сфумато» театр мектеби, «За каналом» шаардык кичи, «La Strada», «Ателье 313» театрлары (баары Софияда) иштейт. Режиссёрлору – И.Добчев, М. Мл<font color="green">а</font>денова, С. Камбарев, А. Морфов, С. Москов. Софияда, Пловдивде, Варна жана башка шаарларда театр фестивалдары өткөрүлөт. Алгачкы к и н о с у эл алдында 1897-жылы эле көрсөтүлгөн. 1900–1910-жылдары даректүү картиналары жаралган. 1915-жылы театр актёру В. Гендов «С<font color="green">ы</font>пайы болгарин» комедиясын тарткан. 1919-жылы «Лунафильм» акционердик коому, 1939-жылы 1-мамлекеттик кино ишканасы «Болгария иши» түзүлгөн. Экинчи дүйн<font color="green">ө</font>лүк согуштан кийин, 1950-жылы толук метраждуу тасмалар «Бүркүт Калин», «Тревога», «Сентябрь баатырлары», «Эзүү алдында» жана башкалар тартылган. 1972-жылы «Дөшү же балка» (СССР жана Германия менен бирдикте), 1979-жылы «Барьер» тасмалары Москвада өткөн кинофестивалда байгелүү ору<font color="green">н</font>дарга жетишсе, «Сүйүү» тасмасы (1972) баш байгеге ээ болгон. 1990-жылы чет өлкөнүн жард<font color="green">а</font>мы менен И. Ничев («Иван жана Александра», «Бай Ганьо Европада жүрөт» жана башкалар), Л. Тодоров («Жүгүргөн иттер», «Бир шалпаӊ кулактын сүйүү жайы», «Эмилинин достору»), Дюлгеров («Кара чабалекей») кино жаратышкан. А. Кулев 2002-жылы «Госпожа Динозавр», К. Бонев «Кечээки тама<font color="green">к</font>ты ысытуу керек» (Македония менен бирдикте), 2003-жылы «Кудай бизди көрүш үчүн көктөн тү<font color="green">ш</font>тү» тасмалары (Франция менен бирдикте) тарты<font color="green">л</font>ган. 1961-жылдан Варнада кинонун улуттук фестивалы, 1979-жылдан анимация киносунун эл аралык фестивалы жана башкалар өткөрүлөт. Софияда Улуттук кино борбор жана синематика иштейт. Байыртадан эле Болгарияда спорт мелдештери, ат үстүндө ойноо, оор нерсе көтөргөн, акробатик<font color="green">а</font>ны, аркан менен басканды, пантомима, куурчак оюндарын көрсөткөн труппалар болгон. Бул у л у т т у к ц и рк көркөм өнөрүнүн пайда болушуна алып келди. 1886-жылы Софияга жапон труппасы келип, 1-жыгач циркти курган. 1910-жылы Панай<font color="green">о</font>тов цирк мектебин түзүп, анда Я. Георгиев, Е. жана А. Пырвановдор, П. жана Г. Пенчевдер, Т. Пиронков, А. Димитров билим алышып, к<font color="green">и</font>йинчерээк өз труппаларын түзүшкөн. 1920-жылы Л. Добрич дүйнөлүк атакка «Өлүм трапециясы» номери менен жеткен. 1957-жылы цирктин туруктуу имараты курулуп, 1990-жылдан мамлекеттик цирк и<font color="green">ш</font>тейт. Белгилүү цирк артисттери: клоун В. Коз<font color="green">а</font>ров, жонглёр А. Божилов, гимнасттар Пановдор, акробаттар Пырвановдор, эквилибрист А. Ба<font color="green">л</font>канский, иллюзианист Х. Евстатнев. 1990-жы<font color="green">л</font>дан менчик цирк-шапито иштейт. | ||
«24 саат», «Эмгек», «Дума», «Народна младеж», | |||
«Стандарт», «Монитор», «Демокрация». Ради<font color='green'>о</font>уктуруу 1929-жылдан (белгилүү каналдары: «Х<font color='green'>о</font>ризонт», «Христо Ботев», «Радио Нэт», «Дарик Радио»), телекөрсөтүү 1959-жылдан жүргүзүлөт. 1999-жылдан менчик канал К 2, Б. телеграф агентчилиги (Българска телеграфна агенция – БТА, 1898- | |||
өнүгүп, 1-болгар журналы «Любословие» (1844) | |||
чыккан. | |||
чоӊ таасир тийгизген. | |||
«Аялдар» адабияты активдүү өнүгүүдө. | |||
Өлкөнүн аймагындагы байыркы эстеликтер (карапа, кооз буюмдар | |||
өнүгө баштаган. Ал доордо Риль монастыр<font color='green'>ы</font>нын 3 корпусу ( | |||
чагылдырган. Экинчи болгар падышачылыгы мезгилинде биротоло Византияга | |||
Өлкөнүн жаӊы борбору Софиянын хан сарай, улуттук театр, Александр-Невскийдин хра<font color='green'>м</font>эстелиги пайда болуп, аянттары жана парктары монументтер менен кооздолгон. Архитектурасында эк<font color='green'>л</font>лектизм, неоклассицизм, улуттук романтизм те<font color='green'>н</font>денциялары пайда болуп, функционализм | |||
өнүгөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин шаар куруу башталып, шаарлары реконструкциял<font color='green'>а</font>нып, жаӊы | |||
М у з ы к а с ы н д а улуттук музыка чоӊ | |||
роль ойнойт. | |||
ген (Византиянын таасиринде). Ионна Кукуз<font color='green'>е</font>лянын аты менен чиркөө ыры өтө байланыштуу. | |||
Улуттук т е а т р өнөрү | |||
өнүгө баштаган. 1840-жылы улуттук мектептерде болгар тилинде драмалык диологдор коюлуп келген. 1856-жылы театрлаштырылган оюндар Л<font color='green'>о</font>ме жана Шуменде көрсөтүлгөн. 1881-жылы алгачкы профессионалдык (Пловдивде), 1888-жылы «Осн<font color='green'>о</font>ва» Болгар улуттук театры, 1892-жылы драма тру<font color='green'>п</font>палары (учурда «Иван Вазов» театры), Улуттук актёрлор мектеби жана драматургия түзүлгөн. 1897–1905- | |||
өсүшүнө зор салым кошкон. 1945-жылы Софияда Улуттук жаштар театры, 1946-жылы коллективдүү куурчак театр, 1948-жылы мамлекеттик жогорку театр окуу жайы (учурда театр жана кино искусство улу<font color='green'>т</font>тук академиясы), | |||
Ад.: География на България. София 1997. Ч. 1: Физическая география; ''Литаврин Г. Г''. Византия, Болгария и Древняя Русь (IX – нач. XII в.). М., 2000; Христианство в странах Восточной, Юго-Восточной и Центральной Европы на пороге второго тысячелетия. М., 2002; История литератур западных и южных славян. М., 1997 – 2001. Т 1–3; ''Игов С''. История на българската литература, 1878–1989. София, 2001. | |||
[[Category: 2-том ]] | |||
Ад.: География на България. София 1997. Ч. 1: Физическая география; ''Литаврин Г. Г''. Византия, Болгария и Древняя Русь (IX – нач. XII в.). М., 2000; Христианство в странах Восточной, Юго-Восточной и Центральной Европы на пороге второго тысячелетия. М., 2002; История литератур западных и южных славян. М., 1997 – 2001. Т 1–3; ''Игов С''. История на българската литература, 1878–1989. София, 2001. [[Category: 2-том ]] |
07:00, 25 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
БОЛГА́РИЯ (България), Б о л г а р Р е с п у бл и к а с ы (Республика България) – Европанын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Балкан жарым аралынын чыгышында жайгашкан. Түндүгүнөн

Румыния, батышынан Сербия, Черногория жана Македония, түштүгүнөн Грекия жана Түркия менен чектешет. Чыгышынан Кара деӊиз чулгайт.

Аянты 111,0 миӊ км2. Калкы 7,5 млн (2005). Борбору – София шаары. Расмий тили – болгар тили. Администрадивдик аймагы жактан 28 облуска бөлүнөт. Акча бирдиги – лев. Болгар Республикасы – БУУнун, Европа Советинин, Эларалык валюта фондунун ж. б. эларалык уюмдардын мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
Болгар Республикасы – унитардык мамлекет. Азыркы Конституциясы 1991-жылы 12-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Элдик жыйналыш. Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр жетектеген Министрлер Совети. Саясий партиялары: Болгар социалистик партиясы, Демократиялык күчтөр союзу. Эркиндик жана укуктар үчүн кыймыл ж. б.
Табияты
Түндүгүндө Дунайды бойлой созулуп жаткан Төмөнкү Дунай түздүгүнүн түштүк бөлүгү
чыгышында Добруж платосуна өтөт. Түштүгүрөөк, бүт өлкөнү батыштан чыгышты карай Стара-Планина (Балкан) тоолору (бийикт. 2376 м, Ботев чокусу) ээлеп, түштүк капталдары узатасынан созулган кууш ойдуӊдарга (Казанлык, Карлова ж. б.) тик түшөт. Түштүгүрөөктө анча бийик эмес Средна-Гора жапыз тоосу (1604 м, Богдан чокусу) жайгашкан. Өлкөнүн борбордук жана түштүк-чыгыш аймактарын Жогорку Фракия түздүгү
ээлейт. Түштүк жана түштүк-батышта Балкан ж. андагы эӊ бийик Рила (Б-нын эӊ бийик жери, 2925 м, Мусала чокусу), ошондой эле Пирин (бийикт. 2914 м, Вихрен чокусу) жана Родопи (2191 м, Голям-Перелик чокусу ) тоолору жатат. Кара деӊиз жээги көбүнчө жапыз, кумдуу пляждары
кенен, айрым жерлери тик. Өлкөнүн эӊ четки түштүк-чыгышында Сакар тоо массиви (бийикт. 856 м), түндүгүндө Странжа (Истранжа) тоосунун түн. тармактары жайгашкан. Карст процессинен пайда болгон көптөгөн үӊкүрлөр бар, алар Стара Планина, Родопидеги Райчова-Дупка, Магура, Леденика ж. б. үӊкүрлөр туристтик жайга айландырылган. Климаты түндүгүндө мелүүн континенттик, түштүгүндө жер ортолук деӊиздик. Тоолоруна климаттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүүү.



Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 450– 550 мм, тоолордо 850–1300 ммге чейин. Б-нын дарыялары Кара жана Эгей деӊиздеринин алаптарына кирет. Алардын суубөлгүчү – Стара-Планина, Странжа. Кара деӊиздин алабына кирген негизги дарыялар: Дунай (кеме каттаган жалгыз дарыя; анын куймалары: Искыр, Янтра, Вит), Камчия ж. б. Эгей деӊизине Б-дагы эӊ суусу мол дарыя – Марица (куймалары: Тунжа, Арда), о. эле Места, Струма дарыялары таандык. Көлү аз; ири лиман көлдөрү: Бургас, Варнен. 500дөн ашык минералдык суу булактары бар, алардын базасында бальнеол. борборлор уюшулган. Аймагынын 30%ке жакынын (негизинен тоолор) токой ээлейт. Жазы жалбырактуу токой (бук, эмен, граб) басымдуу; андан жогору ийне жалбырактуу токой (карагай, көк карагай, мырза карагай), 1700–1800 мден жогору тоо шалбаасы, түштүгүндө жана түштүк-чыгышында бадал өсүмдүктөрү өсөт. Б-да табияты коргоого алынган 49 аймагынын жалпы аянты 491 миӊ га; а. и. улуттук парктары: Рила, Борб. Балкан ж. б. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргендери: Сребырна биосфера резерваты жана Пирин улуттук паркы.
Калкынын
негизин болгарлар (83,9%) түзөт (2001-жылкы эл каттоо боюнча), о. эле түрк (9,4%), цыган (4,7%), македониялыктар, орустар, армяндар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Христиан (85%), мусулман (12% сүнөттөр) ж. б. диндерин тутат. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 67,4 киши. Калкынын жашынын орт. узактыгы: эркектериники – 68,4, аялдарыныкы –75,9 жаш. Шаар калкы 70%. Ири шаарлары: София,

Пловдив, Варна, Русе, Бургас, Стара-Загора, Плевен.
Тарыхы
Б-нын аймагын адамдар палеолит
доорунан бери мекендеген. Б. з. ч. 8–6-к-дагы грек тарыхый булактарынын маалыматтарына караганда, бул жерлерге индевропалык уруулар (фракиялыктар) отурукташа баштаган. Б. з. 1к-на карата фракиялык жерлер Рим империясына каратылып, мында римдик Мезия ж-а Фракия провинциялары түзүлөт. Рим империясы кыйрагандан кийин, 395-ж. эки провинция Византиянын курамына кирген. 6-к-дын аягында Б-нын аймагына славян уруулары отурукташа баштаган. 7-к-дын 70-жылдарында Аспарух хан баштаган булгарлар (түрк уруулары) Азов деӊизинин жээги менен Түн. Кавказдан жер которуп келип, 681-ж. Балкан тоолору менен Дунайдын төмөнкү агымында славян-булгар урууларынын мамлекетин – I Болгар падышалыгын негиздейт. Князь Бористин убагында (852–889) христиан дини мамлекеттик дин катарында кабыл алынат. Мамлекетти славяндаштыруу процесси күчөп, акырында булгарлар менен славяндардын этностук айырмачылыгы жоюлуп, болгарлар деген эл түзүлөт. 894-ж. ага-ини Кирилл жана Мефодий славян жазмасын түзүшөт. 9-к-да Сердиканы, Адрианополду кошуп алуунун натыйжасында мамлекеттин чегарасы кеӊейет. 1014-ж. византиялык император Василий II Беласицанын алдында болгар аскерлерин талкалаган соӊ, 1018-ж. Б. толук Византияга каратылат. 1185–87-ж. элдик көтөрүлүштүн натыйжасында Византиянын бийлиги кулатылып, 2-Болгар падышалыгы түзүлөт (1186–1396). Падыша Иван Асен IIнин тушунда (1218–41) бир топ жогорулап, Кара, Эгей, Адрия деӊиздеринин аралыгын ээлеп, Балкан жарым аралындагы күчтүү мамлекетке айланган. 13-кылымдын 2-жарымынан ич ара чыр-чатактардан улам Б. мамлекети начарлай баштайт. Болгар падышалыгы алгач Батый ханга, 13-кылымдын аягы – 14-кылымдын башынан Ногой ордосуна салык төлөп турган. 14-кылымдын аягында бытыранды Болгар жерлерин Осмон империясы басып алып, болгарлар массалык түрдө мусулмандаштырылып, дээрлик 500 жыл бою башкарып турган. 19-кылымдын 2-жарымынан Б-да улуттук-боштондук үчүн кыймылдар күч алып, алар Б-га автономия берүүсүн талап кылышат. 1877–78-жылы орус-түрк согушунда болгарлар Россия тарабында салгылашып, орус армиясынын жеӊип чыгышы жана Сан-Стефано тынчтык келишиминин шарты боюнча, өлкөнүн түндүгү өзалдынча Б. княздыгы болуп түзүлүп, түштүгү –
Чыгыш Румелия Түркиянын автономиялуу провинциясы бойдон калган. 1885-жылы Пловдивдеги түрктөргө каршы көтөрүлүштүн натыйжасында
өлкөнүн аймагы бириктирилип, 1908-жылы Б. өзүнүн толук көзкаранды эместигин жарыялап,
өзалдынча падышалык болуп жарыяланган.

-Балкан согушунда (1912–13) Б. Түркияга каршы Балкан союзун түзүүгө демилгечи болуп, анын айрым аймактарын өзүнө каратканы менен, 2-Балкан согушунда (1913) мурдагы жерлеринен айрылган. Б. 1-дүйнөлүк согушта Германия менен Австрия-Венгрия тарапта салгылашты. 2-дүйнөлүк согушта Б. алгач бейтараптык саясат жүргүзүүгө аракеттенгендиги менен, 1941-жылы Германия, Италия жана Япония ортосунда түзүлгөн Үчтүк Союз пактысына кол коюп, фашисттик блокко кошулган. 1944-жылы 9-сентябрда Б-га Кызыл Армиянын аскерлери кирип,
өлкөдө болуп өткөн мамлекеттик төӊкөрүштүн натыйжасында бийлик алмашат. 1946-жылы 15-сентябрда монархиялык башкаруу жоюлуп, Болгария Элдик Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланат. 1946–89-жылы Б. соц. өнүгүү жолун тандаган мамлекеттердин катарында Экономикалык өзара жардамдашуу советине (1949), Варшава келишимине (1955) мүчө болгон. 1955-жылы Б. БУУга мүчө болуп кабыл алынган. 80-жылдардын аягында өлкөдө башталган саясий-экономикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында, 1991-жылы чейин өкмөттү башкарып келген Болгария коммунисттик партиясы бийликтен кетет. 1991-жылы Б-нын жаӊы Конституциясы кабыл алынып, өлкө Болгария Республикасы деп аталат. 1996-жылы Демократиялык күчтөр союзунун өкүлү П. Стоянов президент болуп шайланган.
Экономикасы
Б. – экономикасы ортоңку өнүккөн
өлкөлөрдүн катарына кирет. 1990-жылы СССР менен
болгон байланыш солгундагандан баштап өлкөдө тереӊ экономикалык кризис болгон. 1996-жылдын аягынан 1997-жылдын башынан экономикалык өнүгүү турукташа баштаган. Ички дүӊ продукциясынын көлөмү 61,6 млрд доллар (2004; АКШ, аны киши башына бөлүштүргөндө Европа кеӊешине кирген өлкөлөрдүн ортонку дегээлинин 1/ инен аз. Ички дүӊ продукциясында тейлөө чөйрөсүнүн
үлүшү 58,4%, өнөр-жайыныкы 30,1%, а. ч-ныкы 11,5%ти түзгөн. Өнөр-жайынын башкы тармагы: азык-түлүк, ичимдик жана тамеки өндүрүшү. Б-нын отун-энергетикасында нефть продукциялары 24,3%, жаратылыш газы 14,8%, ташкөмүр жана лигнит 38,1%, атом энергиясы 20,1%, гидроэнергия 2,7%ды түзөт. Энергия ресурстарынын (нефть, газ, ташкөмүр, ядро отуну) 70%ын сырттан, негизинен Россиядан алат. Күрөӊ көмүр жана лигнитти казып алуу 38 млн (1987) тдан 26,5 млн т га (2004) чейин кыскарган. Ошондой эле нефть (жылына 26,5 миӊ т, 2004), жаратылыш газы (333 млн м3, Кара деӊиздин шельфинен) казылып алынат. 2004-жылы 42,6 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 52%ке жакыны ЖЭСке, 40% АЭСке туура келет. Ири ЖЭСтери: «Марица-Чыгыш-2» (кубаттуулугу 1450 МВт), Варна (1260 МВт) жылуулук электр борборлору; АЭСтери: Козлодуй (3700 МВт),
«Белене» (курулууда; долбоор б-ча кубаттуулугу 2000 МВт); Рила-Родопи тоо массивиндеги ГЭС каскадына, ошондой эле Белмекен-Чаир ГЭС–ГАЭС


комплексине өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын 8% туура келет. 2002-жылы 1,5 млн тонна болот прокаты, 70 миӊ тоннадай коргошун, 80 миӊ тоннадан ашык цинк, 41 миӊ тонна жез жана жез эритмеси өндүрүлгөн. Машина куруу өнөржайынан кеме куруу заводдору (Варна, Бургас, Русе), станок жана инструмент өнөржай өндүрүштөрү, байланыш, радио-телевизор, ЭЭМ (София), электртех. (Стара-Загора, Пловдив, Радомир), вагон куруу (Бургас), химия өнөржайы үчүн жабдуу
чыгаруучу ишканалары (Хасково) иштейт
(2005). Балкан жарым аралындагы эӊ ири «ЛукойлНефтхим» хим. комбинаты (жылына 10 млн тга жакын чийки нефть иштетилет), синтетикалык каучук (Пазаржик), минералдык жерсемирткичтер жана пестициддер (Димитровград, Стара-Загора, Плевен ж. б.) өнөржайлары бар. Парфюмерия-косметика, фармацевтика өнөржайларынын продукциялары экспорттолот. Жыгачты Россиядан (Коми Респ-нан) алат. Текстиль өнөржайында жылына 70–90 млн метр кездеме токулат; борборлору: София, Пловдив, Габрово, Сливен, Варна, Панагюриште. Жылына 60–70 миӊ тонна жашылча-жемиш консервасын, 57,9 миӊ тонна
өсүмдүк майын, 153 миӊ тонна кант, 83,6 млн литр
шарап, 23,7 миӊ тонна тамеки өндүрүлөт (Благоевград, София, Стара-Загора, Пловдивде шарап, тамеки, жашылча-жемиш), консервалары ж. б. азык-түлүк товарлары даярдалат; көбү экспорттолот.
Б-да 1990-жылы агрардык реформа жүргүзүлүп, жеринин көп бөлүгү мурунку жер ээлерине кайтарылып, айыл чарбага жарактуу жери майдаланып, бөлүнүп кеткен. Натыйжада жер пайдаланууда олуттуу проблема түзүлгөн. А. ч-сы 2002-ж.

1990-жылга салыштырмалуу 12%га төмөндөгөн. Жер ээлеринин өндүрүштүк кооперативдери, фермер чарбалары түзүлүүдө. Айыл чарбага жарактуу жери 5,3 млн га (2003), же өлкөнүн аянтынын 48% дайы; а. и. 3,2 млн гасы иштетилет. Айдоо аянттарынын басымдуу бөлүгү Дунай түздүгүндө жана Жогорку Фракия ойдуӊунда (50–70%) жайгашкан. Сугат жери 800 миӊ га. Бак-дарак өстүрүү жана жүзүмчүлүк Стара-Планина жана Родопи тоолорунун этектеринде, ошондой эле Кюстендиль ойдуӊунда өнүккөн. Дан эгиндери (3,3 млн тонна буудай, 1,4 млн тонна жүгөрү, 1,0 млн тонна арпа), тоют өсүмдүктөрү (люцерна, жүгөрүнүн жашыл массасы), күнкарама (700 миӊ тонна), тамеки, канткызылча, пахта (түш. райондорунда) айдалат. Карлови, Казанлык ойдуӊдарында, Стара-Планинанын түш. капталдарында эфир-май берүүчү өсүмдүктөрү (роза, жалбыз, лаванда) өстүрүлөт. Роза майын өндүрүп экспорттоо боюнча Б. дүйнөдө алдыӊкы орунда (2004, 1000 кгга жакын же дүйнөлүк өндүрүштүн 1/ ). Огородчулук өнүккөн. 2004-жылы 600 миӊ тонна картошка, 400 миӊ тонна помидор, 160 миӊ тонна калемпир, 130 миӊ тонна бадыраӊ, 120 миӊ тонна капуста, 80 миӊ тонна пияз, 210 миӊ тонна дарбыз жыйналган. Жемиш бактарын (алма, өрүк, алмурут, шабдалы ж. б.) өстүрүү жана жүзүмчүлүк (400 миӊ тонна; жүзүмдөн шарап жасалат, бир бөлүгү экспорттолот) өнүккөн. Мал чарбасында майда жандык басымдуу. Кой, эчки (2004-жылы 2,4 млн баш), чочко (945 миӊ), бодо мал (701 миӊ), үйкушу (21 млн) асыралат. Өлкө табигый климаттык, маданий-тарыхый ж. б. рекреациялык ресурстарга бай. Кара деӊиз жээгиндеги климаттык курорт зоналары – Албена – Алтын-Кум – Варна жана Күнөстүү Жээк – Несебыр – Поморие – Бургас. Тоо климаттык жана бальнеол. курортторго, түрдүү спорт оюндарын өткөрүүчү жайларга жана эсалуу борборлоруна (Витоша, Рила, Пирин, Родопи тоо массивдеринин капталдарында, Струма жана Места д-нын өрөөндөрүндө) бай. Көптөгөн тарыхый, архитектураралык эстеликтер бар. Жылына 4 млндон ашык турист келет. Б-нын аймагынан эларалык транспорт коридорлору – темиржол тармагы, автомагистралдар (Белград – София – Пловдив – Стамбул ж-а София – Солоники – Афины) өтөт. Бул жолдор
тармагы Батыш жана Борб. Европаны Жакынкы жана Ортоӊку Чыгыш өлкөлөрү менен байланыштырат. Автомобиль жолунун уз. 37,3 миӊ км (а. и. асфальтталганы 35,0 миӊ км), темиржолунуку 4294 км (а. и. 4049 кми европалык стандартка ээ, анын 2710 кми электрлештирилген), ички суу жолунуку 470 км. Дунайдагы негизги дарыя порттору: Русе, Лом. Деӊиз соода флотунун тоннажы 758,0 миӊ рег.бр.-т же 1115,2 миӊ т дедвейт (2005). Башкы деӊиз порту – Бургас. Куур магистралынын уз. 2920 км (а. и. газ кууру 2425 км, нефтиники 339 км, нефть продукциясын өткөрүүчү куурдуку 156 км). Өлкөдө 5 эларалык аэропорт (София, Пловдив, Варна, Бургас, Горна-Оряховица) бар. Башкы авиакомпаниясы – «Bulgaria Air». Сырттан машина жана анын жабдууларын, металл жана анын эритмесин, химикаттарды, пластика, отун ж. б. алып, сыртка жеӊил өнөржайынын продукцияларын (кийим-кечек, кездеме, буткийим), металл, машина жана анын жабдууларын, нефть, нефть продукцияларын, химикаттарды, азыктүлүк товарларын ж-а суусундуктарды чыгарат. Сырткы соодасынын 50%дан ашыгы Европа Союзу өлкөлөрүнө туура келет; негизги соода шериктештери: Италия, Германия, Түркия, Бельгия, Грекия, АКШ, Франция (импорт); Германия, Италия, Россия, Грекия, Түркия, Франция, Австрия (экспорт).
Маданияты
Билим берүү жана агартуу сферасындагы мамлекеттик саясат Билим берүү жана илим Министрлиги тарабынан жана билим берүү жана илим комиссиясы өлкөнүн Улуттук чогулушу тарабынан көзөмөлдөнөт. Мектепке чейинки мекемелер, мектептеги окутуунун бардык түрү жергиликтүү. бийлик менен регионалдык билим берүү инспекциясы жетектейт. Ал эми жогорку окуу жайларын ректорлор кеӊеши башкарат. Негизги регламенттик документ болуп, 1991-жылы кабыл алынган билим берүү, 1995-жылкы жогорку билим, 1999-жылкы кесиптик билим жөнүндөгү мыйзамдар эсептелет. Болгарияда эл аралык билим берүүнүн стандарттык классификациясы ISСED– 97 кабыл алынган. Билим берүү системасы мектепке чейинки мекеме (3–7 жаш), негизги мектеп [башталгыч билим (1–4-класс), гимназиялык билимден (5–8-класс)] турат. Жаштар 16 жашка чейин акысыз жана милдеттүү түрдө билим алышат. Ошондой эле орто билим (9–12-класс) алуу да киргизилген. Орто адистештирилген окуу жайлары 6–8-класстын жана орто мектептин билим базасында жүргүзүлөт. Болгарияда 42 университет жана 9 коллеж бар. Ири университеттери: Климент Оридский атындагы (1888-жылы негизделген София), Паисия Хиландарский атындагы (1961, Пловдив), Ыйык Кирилл жана Мефодий атындагы (1971, Велико-Тырново), Аскер Академиясы, улуттук жана дүйнөлүк чарбалар унивеситети, жогорку медициналык институт. Болгария илимдер академиясы иштейт. Өлкөдө 400дөн ашык китепкана (анын ичинде 49 ири), 220дан ашык музей (анын ичинде «Шипка-Бузлужа» улуттук музейи, Несебыр, Копривштица, Арбанаси жана башка шаар-музейлер) бар.
М а с с а л ы к м а а л ы м а т к а р а ж а тт а р ы да жакшы өнүккөн. Негизи гезиттери: «24 саат», «Эмгек», «Дума», «Народна младеж», «Стандарт», «Монитор», «Демокрация». Радио уктуруу 1929-жылдан (белгилүү каналдары: «Хоризонт», «Христо Ботев», «Радио Нэт», «Дарик Радио»), телекөрсөтүү 1959-жылдан жүргүзүлөт. 1999-жылдан менчик канал К 2, Б. телеграф агентчилиги (Българска телеграфна агенция – БТА, 1898-жылы негизделген) иштейт. Болгариянын медиарыногу чет элдик капиталга (Германия, Швейцария) көзкаранды. Болгариянын а д а б и я т ы славян адабияттарынын ичинен эӊ байыркы адабият. Өлкө христианчылыкты кабыл алгандан кийин iX кылымдын 2-жарымында пайда болгон. Алгачкы диний текстерди агартуучулар Кирилл жана Мефодий түзгөн. Байыркы адабияты Болгариянын 1-падышасы Б. Симеондун (893– 927) тушунда өсүп өнгөн. Бул мезгилде Климент Охридскийдин жыйнактары (сыйынуу, ыйыктардын панегириктери), Константин Преславскийдин (ыр менен жазылган сыйынуу), Иоанна Экзарханын, Черноризца Храбранын (трактаттары) жарык көргөн. 1018–1186-жылдары (Византия бийлик кылган мезгилде) адабият өсүшүн токтоткон. XIV кылымда жаӊы өсүш башталып, Евфимий жана анын окуучулары Григорий Цамблак жана Константин Костенеческийлер адабиятка чоӊ салым кошушкан. Адабияттын жаӊы этабы улуттук кайра жаралуу менен байланыштуу. Поэзия ургалдуу өнүгүп, 1-болгар журналы «Любословие» (1844) чыккан. Болгариянын адабиятынын өнүгүшүнө орус адабияты чоӊ таасир тийгизген. 1917–1923-жылдардагы ревалюция адабиятка чоӊ таасир эткен. Экинчи дүйнөлүк согуштан коммунисттик режим кулаганга чейин (1989жылдын аягы) Болгария адабияты, социалисттик талаптын басымы астында келген, бирок көптөгөн жазуучулар жасалма шаблонго каршы турушкан. Учурда адабиятынын негизги темасы улуттук каада-салт жана акыл-ой байлыгы болууда. XXI кылымдын башталышында адабияттагы кризисти жоюу тенденциясы байкалууда. Прозасында коррупцияга, кылмыштуулукка жана башкаларга анализ берүү колдонулууда. «Аялдар» адабияты активдүү өнүгүүдө. Өлкөнүн аймагындагы байыркы эстеликтер (карапа, кооз буюмдар жана башкалар) неолит дооруна (биздин заманга чейинки 6-миӊ жылдык чен) таандык. Коло жана темир доорундагы курулуштар дольмендер тарабынан курулган. Фракия маданиятынын курулуштарынан өтө сейрек кездешүүчү эстеликтери (Казанлык аймагында) сакталган. Фракия мурасын Вылчитрына, Рогозена алтын, Панагюриштен казыналары (биздин заманга чейинк IV кылымдын аягы – III кылымдын башы) толуктайт. Казанлыктан анча алыс эмес жерден Одрис падышалыгынын борбору Севтополистин (биздин заманга чейинки IV–III-кылымдар) калдыгы сакталган. Анда суу куурлары, цитадель сарайы менен табылган. Археологиялык табылгалар (карапа, монета, коло жана баалуу металлдардан жасалган буюмдар) Фракия менен Грекия тыгыз байланышта экенин күбөлөндүрөт. Коргонуу үчүн курулган курулуштардын калдыктары Софияда, Пловдивде, Варнада, Ивойловградка жакын жана башка жерлерде сакталган. Булар курулуш техникасынын жогорку деӊгээлде өнүккөнүн далилдейт. Эрте византия доорунда христиан храмдары пайда болуп, живопись менен кооздолгон. Биринчи болгар падышалыгы (680–1018) пайда болгондон баштап Болгариянын искусствосу калыптана баштайт. Ал доордун алгачкы архитектура эстеликтери таш чептеринин калдыктары жана Плиска менен Преславдагы сарайлар (IX–X-кылымдар). Экинчи болгар падышалыгы мезгилинде (1187–1396), Тырново көркөм искуствонун негизги борборуна айланган. Тырноводогу бул көркөм мектеп IX–X кылымдардагы архитектурага караганда курулуштардын чакандыгы жана декорациясы менен айырмаланат. XIII–XIV кылымдарда болгар живописи менен миниатюрасы гүлдөп өнүгөт. Осмон түрктөрү басып алгандан кийин мурдагы маданий мурастардын көпчүлүгү жок кылынган. XVIII–XIX кылымдарда болгар улуттук искусствосу өнүгө баштаган. Ал доордо Риль монастырынын 3 корпусу (1816–1819; Алекси Рилец), чиркөө, кербен сарайлар тургузулган. Сүрөт өнөрүнүн алгачкы өкүлдөрү жерг. көркөм мектептерден таасирленишип, икона тартышса, XIX кылымда диний сүрөт канондорунан бошоно башташкан. Белгилүү сүрөтчүсү Захарий Зограф замандаштарынын портретин тартып, реалдуу турмушту чагылдырган. Экинчи болгар падышачылыгы мезгилинде биротоло Византияга көз каранды эмес өз алдынча искусство калыптанат. Тырноводо (учурда Велико-Тырново) таштан падыша сарайы, көптөгөн храмдар, чиркөөлөр, «Баба Вида» (XII–XIV кылымдар; Видинда) капкасы салынган. Осмон түрктөрүнүн эзүүсүнөн бошонгондон (1878) кийин, искусствосуна, архитектурасына акырындап европалык көркөм сүрөт процесси кире баштаган. Өлкөнүн жаӊы борбору Софиянын хан сарай, улуттук театр, Александр-Невскийдин храм эстелиги пайда болуп, аянттары жана парктары монументтер менен кооздолгон. Архитектурасында экллектизм, неоклассицизм, улуттук романтизм тенденциялары пайда болуп, функционализм өнүгөт. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин шаар куруу башталып, шаарлары реконструкцияланып, жаӊы өнөр жайлуу шаарлар (Димитровград, Мадан жана башкалар) өсүп чыкты. XX кылымдын 2-жарымынан искусство улуттук каада-салт жана жаӊы тенденциялар менен коштолуп өнүгүүдө. XXI кылымдын көрүнүктүү живописчилери: Д. Казаков, И.Кирков, С. Русев, графикчилери: Р. Скорчев П. Чуклев, С. Стоилов, скульпторлор: Л. Далчев, В. Минеков, В. Старчев, Г. Чапкынов. М у з ы к а с ы н д а улуттук музыка чоӊ роль ойнойт. IX кылымдан чиркөө ырлары өнүгүп кел ген (Византиянын таасиринде). Ионна Кукузелянын аты менен чиркөө ыры өтө байланыштуу. XXI кылымдын башталышына чейин чиркөө-ыр мектеби сакталган. Учурдагы музыкасы XIX кылымдын 3-жарымынан өнүккөн. Алгач чет элдик музыканттардан (негизинен чехтер) таасирленишкен. 1880-жылы Софияда 1-өз алдынча оркестр (Гвардия) түзүлгөн. 1890–1892-жылдары опера труппаларын түзүүгө аракеттенишкени менен хор коллективдери пайда болгон. Улуттук композиторлор мектебин Э. Маналов (1-болгар «Кайырчы» операсынын автору), А. Букорештлиев, А. Морфов, П. Пипков, Н. Атанасов (1-болгар симфониясынын автору, 1912) негиздешкен. Д. Христов фольклор музыкасын негиздесе, Г. Атанасов операны («Гергана», «Цвета») уюштурса, 1908-жылы труппа түзүлгөн. Болгар вокалдык мектеби дүйнөгө таанымал. Болгарияда опера театрлары (София улуттук, Стара-Загорадагы мамлекеттик, Пловдивде мамлекеттик), камералык опера (Благоевградда), опера театрлары (Бургас, Русе), музыкалык-драма театрлары (Велико-Тырново), Болгариянын радио жана телекөрсөтүүсүнүн симфониялык оркестри, С. Обретенов атындагы хор капелласы жана коллективдери иштейт. 1946-жылы болгар композиторлор, 1965-жылы болгар музыкалык ишмерлер союздары, 1921-жылы Болгария мамлекеттик музыкалык академиясы, 1948-жылы Болгария илимдер академиясынын астында музыка институту ачылган. Б. Христов атындагы жаш опера ырчылар, Г. Димитров атындагы май хор, «Алтын Орфей» эстрада ырчылар конкурстары, Варна жайы (1926), Руседеги март музыка күндөрү (1961), София музыкалык аптасы (жыл сайын, 1970) фестивалдары өткөрүлөт. Улуттук т е а т р өнөрү XIX кылымдын ортосунан өнүгө баштаган. 1840-жылы улуттук мектептерде болгар тилинде драмалык диологдор коюлуп келген. 1856-жылы театрлаштырылган оюндар Ломе жана Шуменде көрсөтүлгөн. 1881-жылы алгачкы профессионалдык (Пловдивде), 1888-жылы «Основа» Болгар улуттук театры, 1892-жылы драма труппалары (учурда «Иван Вазов» театры), Улуттук актёрлор мектеби жана драматургия түзүлгөн. 1897–1905-жылдары көчүп жүрүүчү театрлар (Роза Попова жана башкалар) пайда болгон. Москва көркөм театрынын актёру Н.О.Массалитинов (Улуттук театрда 1925–1961-жылдары иштеп 1944-жылга чейин көркөм жетекчи, студия мектебин түзгөн), жазуучулар И. Йовков, С. Л. Костов, Р. Стояновдор менен бирдикте иштеп, болгария драматургиясынын өсүшүнө зор салым кошкон. 1945-жылы Софияда Улуттук жаштар театры, 1946-жылы коллективдүү куурчак театр, 1948-жылы мамлекеттик жогорку театр окуу жайы (учурда театр жана кино искусство улуттук академиясы), 1950–1960-жылдары бир нече театрлар («Болгар армиясы», «Апостол Карамитев», сатира театры жана башкалар) ачылган. Белгилүү актерлору: М. Дупаринова, А. Карамитева, И. Кондов, Т. Массалитинова, С. Славова жана башкалар. «Сфумато» театр мектеби, «За каналом» шаардык кичи, «La Strada», «Ателье 313» театрлары (баары Софияда) иштейт. Режиссёрлору – И.Добчев, М. Младенова, С. Камбарев, А. Морфов, С. Москов. Софияда, Пловдивде, Варна жана башка шаарларда театр фестивалдары өткөрүлөт. Алгачкы к и н о с у эл алдында 1897-жылы эле көрсөтүлгөн. 1900–1910-жылдары даректүү картиналары жаралган. 1915-жылы театр актёру В. Гендов «Сыпайы болгарин» комедиясын тарткан. 1919-жылы «Лунафильм» акционердик коому, 1939-жылы 1-мамлекеттик кино ишканасы «Болгария иши» түзүлгөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, 1950-жылы толук метраждуу тасмалар «Бүркүт Калин», «Тревога», «Сентябрь баатырлары», «Эзүү алдында» жана башкалар тартылган. 1972-жылы «Дөшү же балка» (СССР жана Германия менен бирдикте), 1979-жылы «Барьер» тасмалары Москвада өткөн кинофестивалда байгелүү орундарга жетишсе, «Сүйүү» тасмасы (1972) баш байгеге ээ болгон. 1990-жылы чет өлкөнүн жардамы менен И. Ничев («Иван жана Александра», «Бай Ганьо Европада жүрөт» жана башкалар), Л. Тодоров («Жүгүргөн иттер», «Бир шалпаӊ кулактын сүйүү жайы», «Эмилинин достору»), Дюлгеров («Кара чабалекей») кино жаратышкан. А. Кулев 2002-жылы «Госпожа Динозавр», К. Бонев «Кечээки тамакты ысытуу керек» (Македония менен бирдикте), 2003-жылы «Кудай бизди көрүш үчүн көктөн түштү» тасмалары (Франция менен бирдикте) тартылган. 1961-жылдан Варнада кинонун улуттук фестивалы, 1979-жылдан анимация киносунун эл аралык фестивалы жана башкалар өткөрүлөт. Софияда Улуттук кино борбор жана синематика иштейт. Байыртадан эле Болгарияда спорт мелдештери, ат үстүндө ойноо, оор нерсе көтөргөн, акробатиканы, аркан менен басканды, пантомима, куурчак оюндарын көрсөткөн труппалар болгон. Бул у л у т т у к ц и рк көркөм өнөрүнүн пайда болушуна алып келди. 1886-жылы Софияга жапон труппасы келип, 1-жыгач циркти курган. 1910-жылы Панайотов цирк мектебин түзүп, анда Я. Георгиев, Е. жана А. Пырвановдор, П. жана Г. Пенчевдер, Т. Пиронков, А. Димитров билим алышып, кийинчерээк өз труппаларын түзүшкөн. 1920-жылы Л. Добрич дүйнөлүк атакка «Өлүм трапециясы» номери менен жеткен. 1957-жылы цирктин туруктуу имараты курулуп, 1990-жылдан мамлекеттик цирк иштейт. Белгилүү цирк артисттери: клоун В. Козаров, жонглёр А. Божилов, гимнасттар Пановдор, акробаттар Пырвановдор, эквилибрист А. Балканский, иллюзианист Х. Евстатнев. 1990-жылдан менчик цирк-шапито иштейт.
Ад.: География на България. София 1997. Ч. 1: Физическая география; Литаврин Г. Г. Византия, Болгария и Древняя Русь (IX – нач. XII в.). М., 2000; Христианство в странах Восточной, Юго-Восточной и Центральной Европы на пороге второго тысячелетия. М., 2002; История литератур западных и южных славян. М., 1997 – 2001. Т 1–3; Игов С. История на българската литература, 1878–1989. София, 2001.