ВЕНА: нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВЕ́НА''' (Wien) – Австриянын борбор шаары. Өлкөнүн башкы | '''ВЕ́НА ''' (Wien) – Австриянын борбор шаары. Өлкөнүн башкы экономикалык, маданий жана илимий борбору; өзүнчө административдик бирдикти түзөт (федерация жери статусуна ээ). Калкы 1,9 млн (2020; шаар агломерациясында 2,1 млн). Дунай дарыясынын боюнда, Вена Токою тоо массивинин этегинде жайгашкан. Өлкөнүн башкы жолдор тоому. Шаар айланта магистралдар (анын ичинде автобандар) жана темир жол тармактары салынган. <br/> | ||
[[File:ВЕНА76.png | thumb | Шёнбрунн ак сарайы.]] | |||
Шёнбрунн ак сарайы. | Эл аралык транзиттик мааниге ээ магистралдар: Франкфурт-на-Майне – Вена – Будапешт – Стамбул, Варшава – Вена – Милан, Берлин – Прага – Вена – Загреб. Ири жүк ташуучу авиаборбор. Эл аралык Вена-Швехат аэропорту, метрополитен бар. Деӊиз порту. Байыркы кельттердин тургун жайы; биздин замандын I кылымынан римдик Виндобона (же Виенна) аскер лагери. 1221-жылдан шаар. XVI кылымда императорлор резиденциясы, бирок иш жүзүндө Габсбургдар мамлекетинин, 1804-жылдан Австрия империясынын (1867–1918-жылдары Австрия-Венгриянын) борбору болгон. XVIII кылымдын 1-жарымында Вена – европалык маданияттын, айрыкча музыканын өнүккөн жери. 1848–1849-жылдары Австриядагы революциячыл күрөштүн очогу. 1918-жылдан Австрия Республикасынын борбору. | ||
[[File:ВЕНА77.png | thumb | В. А. Моцарттын Бурггартендеги эстелиги. 1896.]] | |||
<br/>Венага өлкөнүн жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн <sup>1</sup>/<sub>3</sub>инен ашыгы туура келет. Машина куруу (транспорт, радиоэлектроника, электр-техника, станок, прибор куруу, айыл чарба машиналары), полиграфия, химия-фармацевтика, тигүү, текстиль, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштеп, аялдардын модалуу кийимдери, трикотаж, шляпа, кооз эмеректер, музыкалык аспаптар чыгарылат. Шаарда Австриядагы эӊ ири нефть ажыратуучу завод иштейт. Ыйык Стефан собору (шаардын символу), роман, готика стилиндеги чиркөөлөр, ратуша, парк фонтандары менен сарайлар, Бельведер, вилла сакталган. Шаардын борбордук бөлүгүндө соода үйлөрү, газометрлер курулуп, эстеликтер (император Иосиф IIге, В. А. Моцартка Бурггартенде, И. Штрауска, Ф. Шубертке) тургузулган. Венанын тарыхый борбору жана Шёнбрунн сарайы ''Бүткүл дүйнөлүк мурастар'' тизмесине кирген. Илимдер академиясы, 100дөн ашык илимий-изилдөө институттар, илимий коомдор, университеттер, асем искусство академиясы, 53 ири китепкана (анын ичинде парламенттин, улуттук жана башкалар), музейлер (анын ичинде табигый-тарыхый жана башкалар), Альбертина, сүрөт галереясы, гравюра кабинети, мемориалдык музейлер (Й. Гайдн, В. А. Моцарт, Л. ван Бетховен, Ф. Шуберт, И. Штраус уулунун), З. Фрейддин үй-музейи, театрлар иштейт. Эки жылда бир бий, заманбап музыка, жыл сайын опера фестивалдары, 1982-жылдан «Бельведер» эл аралык вокалисттер конкурсу жана башкалар өткөрүлөт. Дүйнөдөгү эӊ ири музыка басмасы «Universal Edition» (1901) иштейт.<br/>Ад.: ''Сененко М. С''. Вена. М., 1970. | |||
В. А. Моцарттын Бурггартендеги эстелиги. 1896. | |||
Ад.: ''Сененко М. С''. Вена. М., 1970. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:29, 25 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ВЕ́НА (Wien) – Австриянын борбор шаары. Өлкөнүн башкы экономикалык, маданий жана илимий борбору; өзүнчө административдик бирдикти түзөт (федерация жери статусуна ээ). Калкы 1,9 млн (2020; шаар агломерациясында 2,1 млн). Дунай дарыясынын боюнда, Вена Токою тоо массивинин этегинде жайгашкан. Өлкөнүн башкы жолдор тоому. Шаар айланта магистралдар (анын ичинде автобандар) жана темир жол тармактары салынган.

Эл аралык транзиттик мааниге ээ магистралдар: Франкфурт-на-Майне – Вена – Будапешт – Стамбул, Варшава – Вена – Милан, Берлин – Прага – Вена – Загреб. Ири жүк ташуучу авиаборбор. Эл аралык Вена-Швехат аэропорту, метрополитен бар. Деӊиз порту. Байыркы кельттердин тургун жайы; биздин замандын I кылымынан римдик Виндобона (же Виенна) аскер лагери. 1221-жылдан шаар. XVI кылымда императорлор резиденциясы, бирок иш жүзүндө Габсбургдар мамлекетинин, 1804-жылдан Австрия империясынын (1867–1918-жылдары Австрия-Венгриянын) борбору болгон. XVIII кылымдын 1-жарымында Вена – европалык маданияттын, айрыкча музыканын өнүккөн жери. 1848–1849-жылдары Австриядагы революциячыл күрөштүн очогу. 1918-жылдан Австрия Республикасынын борбору.

Венага өлкөнүн жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн 1/3инен ашыгы туура келет. Машина куруу (транспорт, радиоэлектроника, электр-техника, станок, прибор куруу, айыл чарба машиналары), полиграфия, химия-фармацевтика, тигүү, текстиль, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштеп, аялдардын модалуу кийимдери, трикотаж, шляпа, кооз эмеректер, музыкалык аспаптар чыгарылат. Шаарда Австриядагы эӊ ири нефть ажыратуучу завод иштейт. Ыйык Стефан собору (шаардын символу), роман, готика стилиндеги чиркөөлөр, ратуша, парк фонтандары менен сарайлар, Бельведер, вилла сакталган. Шаардын борбордук бөлүгүндө соода үйлөрү, газометрлер курулуп, эстеликтер (император Иосиф IIге, В. А. Моцартка Бурггартенде, И. Штрауска, Ф. Шубертке) тургузулган. Венанын тарыхый борбору жана Шёнбрунн сарайы Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Илимдер академиясы, 100дөн ашык илимий-изилдөө институттар, илимий коомдор, университеттер, асем искусство академиясы, 53 ири китепкана (анын ичинде парламенттин, улуттук жана башкалар), музейлер (анын ичинде табигый-тарыхый жана башкалар), Альбертина, сүрөт галереясы, гравюра кабинети, мемориалдык музейлер (Й. Гайдн, В. А. Моцарт, Л. ван Бетховен, Ф. Шуберт, И. Штраус уулунун), З. Фрейддин үй-музейи, театрлар иштейт. Эки жылда бир бий, заманбап музыка, жыл сайын опера фестивалдары, 1982-жылдан «Бельведер» эл аралык вокалисттер конкурсу жана башкалар өткөрүлөт. Дүйнөдөгү эӊ ири музыка басмасы «Universal Edition» (1901) иштейт.
Ад.: Сененко М. С. Вена. М., 1970.