ВЬЕТНАМ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
(3 intermediate revisions by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВЬЕТНА́М ''', В ь е т н а м С о ц и а л и с т т и к Р е с п у б л и к а с ы – | '''ВЬЕТНА́М ''', В ь е т н а м С о ц и а л и с т т и к Р е с п у б л и к а с ы – Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкө, Индикытай жарым аралында. Вьетнамдын аймагы кууш тилке түрүндө (жазылыгы түндүгүндө 600 ''км'', борбордук бөлүгүндө 50 ''км'', түштүгүндө 375 ''км'') жа­рым аралдын чыгышын жээктей меридиан багытында 1750 ''км'' аралыкта созулуп жатат.[[File:ВЬЕТНАМ79.png | thumb | none]] | ||
Түн­дүгүнөн Кытай, батышынан Лаос ж-а Камбожа м-н чектешип, чыгышынан Түштүк Кытай деңизи ж-а анын булуңу – Бакбо (Тонкин), түштүк -баты­шынан Сиам булуңу м-н чулганат. Аянты 329,3 миң ''км''<sup>2</sup>. Калкы 100195275 (2023). Борбору – Ха­ной ш. Расмий тили – вьетнам тили. Административдик-аймактык жактан 59 провинцияга, өзгөчө округга ж-а бор­борго баш ийген 5 шаарга; алар 8 экономикалык районго биригет (к. таблица). Тарыхый-географиялык жактан 3кө – Түндүк (Бакбо), Борбордук (Чунгбо) ж-а Түштүк (Намбо) болуп бөлүнөт. Вьетнам – БУУнун (1977), Эл а­ралык валюта фондунун (1956), Эл аралык ре­конструкция ж-а өнүгүү банкынын (1956), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (байкоочу ка­тары), Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциация­сынын (1975) мүчөсү. Акча бирдиги – донг. | |||
Түн­дүгүнөн Кытай, батышынан Лаос ж-а Камбожа м-н чектешип, чыгышынан | |||
<br> | <br>'''Экономикалык райондору (2006) (Таблица бар)''' | ||
Экономикалык райондору (2006) | |||
Экономикалык райондору | ''(Экономикалык райондору | ||
Аянты, | Аянты, | ||
км<sup>2</sup> | |||
Калкы, миң | Калкы, миң | ||
Башкы шаары | Башкы шаары | ||
41 сап: | 40 сап: | ||
14812,5 | 14812,5 | ||
16276,9 | 16276,9 | ||
Ханой | Ханой'' | ||
) | |||
<br>'''Мамлекеттик түзүлүшү.''' Вьетнам– унитардык мам­лекет. Конституциясы 15-апрелде 1992-жылы ка­был алынган. Мамлекеттик ж-а мыйзам чыга­руу бийлигинин жогорку органы – бир палата­луу Улуттук чогулуш, ал 4 жылга шайланат. Мамлекет башчысы – президент, аны Улуттук Чогулуш 5 жылга шайлайт. Ал Улуттук кор­гоо советинин да төрагасы. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт – Министр­лер Совети ишке ашырат.<br>Башкаруучу партия – Вьетнам коммунисттик пар­тиясы – өлкөдөгү жалгыз саясий партия болуп саналат. | |||
'''Табияты.''' Жээктери негизинен жапыз, кумдуу, начар тилмеленген. Жээк сызыгынын узундугу 2500 ''км''ден ашык. Түндүгүндө Бакбо (Тонкин) булу­ңу ж-а андагы Файтсилонг архипелагы, түштү­гүндө зор Камау жарым аралы жайгашкан. Кеме токтоо­го ыңгайлуу бухталар ж-а булуңдар аз. Эң ың­гайлуу табигый гаваны – Камрань булуңу. Же­ринин бетинин басымдуу бөлүгүн, негизинен түндүгүн, түндүк-батышын ж-а ички аймактарын тоолор (негизинен орто бийик ж-а жапыз) ээлейт. Алар өрөөндөр м-н терең тилмеленген. Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө бири-бирине жарыш жаткан кырка тоолор ж-а түштүк-чыгыш багытта созулган тоо массивдеринин тизмеги басым­дуулук кылат. Алардын капталдары көбүнчө жантайыңкы. Эң бийик кырка тоосу – Хоан­гльеншон (Фанши чокусу, бийикт. 3143 ''м''), эң узуну – Чыонгшон (узундугу 300 ''км''дей). Түштүк бөлү­гүндө тоолору кыры жайпак жазы массивдер­ден, бөксө тоолордон ж-а платолордон туруп, уза­тасынан созулган тилкени түзөт. Алардын ба­сымдуу бийиктиги 500–1500 ''м'', эң бийик жери – 3280 ''м''. Эң ирилери – Контум, Дарлак, Мнонг бөксө тоолору ж-а платолору. Жээктеринде түз­дүктөрдүн эң ирилери, түндүк бөлүгүндө [Хонгха (Кызыл) ж. б. дарыялардын төмөнкү агымдары ж-а дельталары] ж-а түштүгүндө (Меконг дарыясынын дельтасы) жайгашкан. Түндүк Вьетнамдын түндүк-чыгыш бөлүгү тектоникалык жактан Түштүк Кытай платформа­сына, түштүк-батышы мезозоид бүктөлүү система­сына кирет. Вьетнамдын түндүк бөлүгү кен байлыкка бай ж-а ар түрдүү; алардын негизгилери: таш көмүр, темир кенташы, коргошун ж-а цинк, боксит, ка­лай, сейрек жер элементтери. Түштүгүндө таш­ көмүрдүн, алтындын, молибдендин кендери бар. Климаты муссондук, субэкватордук, түштүгү ысык, түндүгү кышында муздак; нымдуу мус­сон соккон мезгилде жаан-чачын эң көп жаайт. Өлкөнүн басымдуу бөлүгү үчүн эң нымдуу жай­кы түштүк-батыш же түштүк-чыгыш муссону, эң кур­гакчыл кышкы түндүк-чыгыш муссону болуп са­налат. Жапыз жайгашкан аймактарында эң суук айынын орточо температурасы түндүгүндө 15<sub>°</sub>Сден (январь), түштүгүндө 25,8<sub>°</sub>Сге чейин (декабрь), эң жылуу айыныкы (түндүгүндө – июнь, июль, түштүгүндө – апрель) 28–29<sub>°</sub>С. Кышында түндү­гүндө 1500 ''м'' бийиктиктен жогору үшүк жүрөт. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 1500–2000 ''мм'', айрым жерлеринде (негизинен тоолордо) 3000 ''мм''ден ашык. Өлкөнүн бүт аймагында (чыгыш жээк тилкесинин Зинь тумшугунан Бакбо бу­луңуна чейинки аралыгынан тышкары) жыл­дык жаан-чачындын 80%ке жакыны май – ок­тябрь, чыгыш жээк тилкесинде август–январь айларына туура келет. Жайдын 2-жарымында ж-а күзүндө Вьетнамдын түндүгүндө тайфун болуп турат. Дарыя тармагы жыш, алардын бардыгы Түштүк Кытай деңизинин алабына кирет. Босого­луу. Муссондук жамгырдын сезонунда дарыя­ларынын деңгээли кескин (10 ''м''ге, кээде андан­да бийик) көтөрүлүп, чыгымы он эсеге чейин көбөйөт. Түндүктүн ж-а түштүктүн дарыялары бүт, өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү тоолордун батыш капталдарынан башталган дарыялары июнь – октябрь, өлкөнүн борбордук бөлүгүнүн чыгыш тоо кап­талдарынын дарыялары сентябрь–декабрь айла­рында ташкындайт. Дарыяларынын сугатта ж-а жергиликтүү жүктү ташууда мааниси зор. Негизги дарыялары: түндүгүндө – Хонгха (Кызыл; Вьетнамдын чегиндеги узундугу 475 ''км'') ж-а анын ири куймасы – Да (Кара); түштүгүндө – Меконг (Вьетнамга төмөнкү агымы, 220 ''км''дей бөлүгү гана тиешелүү). | |||
. Жээктери негизинен жапыз, кумдуу, начар тилмеленген. Жээк сызыгынын | |||
узуну – Чыонгшон ( | |||
жээк тилкесинин Зинь тумшугунан Бакбо бу­луңуна чейинки аралыгынан тышкары) жыл­дык жаан-чачындын 80%ке жакыны май – ок­тябрь, чыгыш жээк тилкесинде август–январь айларына туура келет. Жайдын 2-жарымында ж-а күзүндө | |||
Тоонун латерит топурактары үстөмдүк кылат; жээк тилкесине ж-а жапыз тоолоруна кызыл­ сары латерит, дарыя дельталарына аллювий, Меконг дарыясынын дельтасынын сырткы чет-жака­ларына ж-а жээктин башка жерлерине саздаш­кан шор топурактары мүнөздүү. Жеринин бети­нин 1/ ине жакынын тропиктик ж-а субтропик­тик токойлор ээлейт. Токоюнун басымдуу бөлү­гү – экинчи жолу өсүп чыккандар. Тоо этекте­ринде ж-а төмөнкү алкактарында дайыма жа­шыл тропик токою басымдуу. Түндүгүндө 600– 700 ''м''ден жогору, түштүгүндө 1000–2000 ''м'' би­йиктикте тропиктиктеринде токоюна субтропик ж-а мелүүн климаттуу алкактарга мүнөздүү да­рактар (эмен, бук, каштан, кызылкарагайдын түрлөрү) аралаш өсөт. Түштүгүндө жалаң кы­зыл карагайлуу токойлор кездешет. Бамбук ке­ңири таралган. Түштүк-батыштын бөксө тоолору­на ж-а платолоруна сейрек саванна токою ж-а саванна мүнөздүү. Жээк түздүктөрүндө маданий өсүмдүктөр басымдуу, пальма, бамбук өсөт. Түздүктөрдүн кыйла бөлүгүн, айрыкча түштүгүн саз өсүмдүктөрү, деңиз суусу киргенде суу астын­да калган тилкени мангр токою ээлейт. | |||
'''Калкы.''' Негизинен вьетнамдар (88%), ошондой эле кытайлар, муонг, мео ж. б. улут өкүлдөрү жа­шашат. Орточо жыштыгы 1 ''км''2 жерге 255 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркек­териники – 67,8 жаш, аялдарыныкы – 73,6 (2005). Элинин 55% будда, 12% таоизм, 10% католик ж. б. диндерди тутушат. Шаар калкы 20,8%. Ири шаарлары: Хошимин, Хайфон, Ха­ной, Дананг, Хюэ ж. б. | |||
'''Тарыхы.''' Вьетнамдагы эң эзелки мамлекеттик бирикме – Ванланг – байыркы вьетнам уруулар союзунун базасында калыптанган. Ванлангдын б. з. ч. 1- миң жылдыкта эле жашагандыгы белгилүү. Ки­йинчерээк анын ордун Аулак ж-а Намвьет мам­лекеттери алмаштырып, б. з. 2-кылымында аларды кытайлар басып алган. Кытай башкаруучула­рына каршы боштондук күрөштүн натыйжасында 10-кылымда көз каранды эмес Дайковьет мамлекети орноп, 11–13-кылымда ал борбордошкон күчтүү Дайвьет (1069-жылдан ушундай аталган) импе­риясына айланган. 13-кылымда Дайвьет моңголдор­дун үч жолку жортуулунун мизин кайтарган. 15-кылымдын башында Кытайдын басып алуу ара­кетин талкалап, 1427-жылы кытай баскынчыла­рын өлкөдөн кууп чыккан. 1471-жылы Дайвьет өзүнө коңшу Тьямпа мамлекетин кошкон. 16-кылымдан тартып Инди-кытайга европалык соодагерлер келе баштаган. Вьетнам мамлекетинин аймагы 18-кылымдын аягында негизинен азыркы чегинде калып­танган. 1804-жылы Нгуен династиясы бүткүл импе­рияны борбордоштуруп, өлкө Вьетнам аталган. 19-кылымдын 50–80-жылдары Франция Вьетнамды ко­лониялап алган. 1884-жылдан Вьетнам Франциянын толук колониясына айланган. Франция Вьетнамга Лаос м-н Камбожаны кошуп, Француз Инди-Кытайы деп атаган. 1930-жылы Нгуен Ай Куок­тун (Хо Ши Мин) жетекчилигинде түзүлгөн Инди-Кытай коммунистик партиясы (ИККП; 1930-жылы октябрга чейин Вьетнам компартиясы атал­ган) өлкөдөгү улуттук-боштондук кыймылды жетек­теген. 1941–45-жылдарда Вьетнамды япондор оккупациялап алган. 1945-жылы май айында азаттык үчүн кү­рөшкөн бардык куралдуу күчтөр биригип, Вьетнам элдик армиясы (ВЭА) түзүлгөн. 1945-жылдын августуна чейин ВЭА өлкөнүн көп бөлүгүн бо­шоткон. Август революциясынын натыйжасында 1945-жылы 2-сентябрда Хо Ши Мин Убактылуу өкмөттүн атынан Вьетнамдын көз карандысыздык дек­ларациясын ж-а Вьетнам Демократиялык Республикасынын (ВДР) түзүлгөнүн жарыялаган. 1945-жылы француз аскерлери Сайгонду басып алып, өлкөнүн түштүгүндө согуш баштаган. 1946–47-жылдарда француздук аскерлер Вьетнамдын көп шаарын, деңиз боюндагы жерлери м-н түздүктөрүн караткан. 1949-жылы Франция басып алган аймакта Бао-Дай [Вьетнамдын борбордук бөлүгүнүн – француз үстөмдүгүнүн убагын­дагы Анаманын императору (1926–45); Вьетнамдагы Август революциясы (1945) убагында тактыдан баш тарткан] башкарган марионеткалык «Вьетнам мамлекети» түзүлгөн. Вьетнамдагы согушка 1950-жыл­дан АКШ ачык кийлигише баштаган. 1950– 51-жылдан согуш операцияларын жүргүзүүдөгү демилге ВДРге өтүп, душмандан бошотулган аймагы кеңейген.[[File:ВЬЕТНАМ82.png | thumb | none]] | |||
. | |||
[[File:ВЬЕТНАМ82.png | thumb | none]] | |||
[[File:ВЬЕТНАМ83.png | thumb | none]] | [[File:ВЬЕТНАМ83.png | thumb | none]] | ||
1954- | 1954-жылы Дьенбьенфу жанындагы сал­гылаш француз аскерлеринин жеңилүүсү м-н аяктап, ''Жене­ва келишимдерине (1954)'' ылайык Франциянын Вьетнамдагы согушу токтогон. Кели­шимге ылайык 17-параллел­деги демаркациялык чек боюнча Вьетнам эки мамлекетке бө­лүнгөн. Өлкөнүн түштүгүндө Вьетнам Республикасы (1959-жылдын 31- декабрында), түндүгүндө 1959-жылы Хо Ши Мин жетек­теген Вьетнам Социалисттик Респликасы түзүлгөн. Келишимдерде өл­көнү тынчтык жол м-н би­риктирүү максатында эл а­ралык көзөмөл астында 1956-жылы жалпы эркин шай­лоо өткөрүү каралган. Бирок аны АКШнын башкаруучу чөйрөлөрү үзгүлтүккө учура­тып, өлкөнү экиге бөлүү үчүн Вьетнамдын түштүгүндө Нго Динь Зьем башкарган сайгондук режимди түзгөн. 60-жылдар­дын ортосунан вьетнамдык эки мамлекеттин ортосунда куралдуу кагылышуулар башталган. 1961–64-жылдарда Сай­гон режимине АКШнын со­гуштук жардамы күчөйт. Бирок патриоттук күчтөрдүн куралдуу каршылыгы улам күчөп, марионетка режим узакка создуккан кризиске учураган. Нго Динь Зьемдин бийликтен кулашы (1963, ноябрь) режимди кризистен куткарган жок. Андан көп узабай бир катар аскер төң­көрүштөрү болуп, 1965-жылы АКШнын колдоосу м-н гене­рал Нгуен Ван Тхиеу башкар­ган аскер хунтасы бийликке келет. Сайгон ре­жимин ж-а Инди-Кытайдагы позициясын сак­тоого аракеттенген АКШ 1965-жылы мартта Түштүк Вьетнамга түздөн түз куралдуу кол салган. 1968-жылы АКШ Түштүк Вьетнамга америкалык экспедициялык корпусту (1968-жылы жазында 500 миң аскер болгон) кир­гизүү м-н бирге ВДРге абадан кол салган. Вьетнам маселесин чечүү жолдорун табуу максатын­да 1968-жылы майда Парижде кош тараптуу (АКШ ж-а ВДР), 1969-жылы январдан төрт тараптуу [(ВДР, Түштүк Вьетнамды боштондукка чыгаруунун улут­тук фронту (ТВБЧУФ)], АКШ ж-а Сайгон ад­министрациясы) сүйлөшүүлөр башталган. Бирок АКШ аны согуш жолу м-н чечүүгө ниеттенген.<br>1973-жылы январда Вьетнамда согушту токтотуу ж-а тынч­тыкты калыбына келтирүү жөнүндөгү Париж ке­лишимине АКШ кол койгон. Ал келишимде АКШнын Түштүк Вьетнамда аскерлерин кармоодон баш тартышы, ошондой эле Түштүк Вьетнамда көзөмөлгө алынган эки зонаны [эки администрацияны Түштүк Вьетнам Респ­убликасынын Убактылуу революциячыл өкмөтү (ТВРУРӨ) ж-а Сайгон администрациясы)], эки армияны таанууга негизделип,Түштүк Вьетнам маселесин саясий жол м-н чечүү белгиленген. Сайгон администра­циясы милдеттенмесин орундатпай, Париж ке­лишимин бузуп, АКШнын жардамы м-н армия­сын кайрадан куралдандырат. Ал согуш потен­циалын күчөтүп, патриот күчтөр бошоткон бар­дык жерди кайра басып алууга умтулат. 1975- жылдагы жазгы чабуул патриоттордун толук жеңиши м-н аяктаган соң Сайгон режими 1975-жылы 30-апрелде кулатылат. Түштүк Вьетнамдын бүт­күл аймагын көзөмөлдөө ТВРУРӨнүн колуна өткөн. 1976-жылы 1-июнда өлкөнүн кайрадан кошул­ганы ж-а Вьетнам Социалисттик Республикасынын (ВСР) түзүлгөндүгү (борбору Ханой) жарыяланган. 1980-жылы ВСРдин конституциясы кабыл алынган. 90-жылдардан тартып өлкөдө экономиканы либе­ралдаштыруу, саясий системаны реформалоо про­цесси бир кыйла экономикалык өсүштөргө алып келген. | ||
<br> | |||
1973- | |||
'''Экономикасы.''' Вьетнам – өнөр жайы өнүккөн аграр­дык өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү 251,8 млрд доллар (АКШ); аны киши башына бөлүштүргөндө 3 миң доллардай туура келет (2005). Ички дүң продукциясында айыл ж-а то­кой чарбасыны үлүшү 36,6%, өнөр жайыныкы 20,9%. Нефть, таш көмүр, апатит, хромит, те- | |||
[[File:ВЬЕТНАМ84.png | thumb | none]] | [[File:ВЬЕТНАМ84.png | thumb | none]] | ||
[[File:ВЬЕТНАМ85.png | thumb | Шалы палдары.]] | [[File:ВЬЕТНАМ85.png | thumb | Шалы палдары.]] | ||
мир кенташы, калай, вольфрам казылып алы­нат. 2004- | мир кенташы, калай, вольфрам казылып алы­нат. 2004-жылы 46 млрд кВт.с электрэнергиясы өндүрүлгөн. Кара ж-а түстүү металлургия, ме­талл иштетүү ж-а машина куруу, химия өнөр­ жайлары өнүккөн. Курулуш материалдарын чыгарат. Жыгач иштетүүчү ж-а целлюлоза-ка­газ, каучук иштетүү ишканалары, жеңил ж-а тамак-аш (күрүч актоо, кант, чай, кофе ж. б.) өнөр жайлары бар. | ||
Айыл чарбасында жердин 26% иштетилет, кээ бир ра­йондордо жылына 2–3 жолу түшүм алынат. Шалы (негизги азык-түлүк продуктусу), батат, жүгөрү, пахта, жут, балкамыш, чай ж. б. өс­түрүлөт. Каучук плантациясы бар. Жашылча ­жемиш өстүрүлөт. Бодо мал, чочко багылат. Балык кармалат | |||
[[File:ВЬЕТНАМ86.png | thumb | Вьетнам акчасы.]] | [[File:ВЬЕТНАМ86.png | thumb | Вьетнам акчасы.]] | ||
Темир жолунун узундугу 2,6 миң ''км'' (анын ичинде 2169 ''км'' кууш колеялуу); авто жолунуку – 126 миң ''км''; ички суу жолунун узундугу 17,7 миң ''км''. Деңиз соода флотунун тоннажы 1170,6 миң ''бр.-рег.'' т, 2005). Жалпы куур транспортунда узундугу 851 ''км'' (анын ичинде 3 ''км''и нефть кууру, 642 ''км''и газдыкы). Ири порт­тору: Хошимин, Хайфон, Дананг, Хонгтай, Кам­фа. Нефть, таш көмүр, күрүч, каучук, балык ж-а деңиз продуктуларын экспорттойт. Негиз­ги соода шериктештери: Япония, Сингапур, Ко­рея Республикасы, Австралия, Германия, АКШ, Улуу Британия, Кытай, Гонконг, Таиланд. | |||
кууш колеялуу); | |||
'''Маданияты.''' Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүндө билим берүү системасы эки түрдүү түзүлгөн. Вьетнам Демократиялык Республикасы болуп жарыялангандан кийин 1945-жылы элге би­лим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган декрет кабыл алынган. 1956-жылдагы реформага жа­раша 3 баскычтан турган бирдиктүү 10 жыл­дык мектеп түзүлгөн. Кийин сабатсыздык жою­луп, өлкө 1976-жылдан 8 жылдык милдеттүү окууга өткөн. Жалпы билим берүүнүн толук курсу – 10 жыл. Орто мектеп 7 жылдык. Жал­пы билим берүүчү 12 жылдык мектеп өлкөнүн түштүгүндө сакталган. Бирок аларда окуунун мазмуну жана идеялык багыты өзгөртүлгөн. Өлкө бириккенден кийин мектептердин бирдиктүү программасы түзүлүп, Түндүк менен түштүк үчүн бир­дей жаңы окуу китептери чыгарылып, түштүктө мугалимдер кайра даярдала баштаган. Жогорку окуу жайлардын саны өскөн. Ханой университетинин (1918-жылы негизделген) базасында 1954-жылдан медицина-фар­мацевтика, адабият, педагогика, айыл чарба, то­кой чарба институттары ачылган. Университет кийин 1955-жылы химия, физика-математика, биология жана коомдук илимдер факультеттери менен кайра уюшулган. | |||
. Өлкөнүн түндүгү | |||
Вьетнам элинин адабияты вьетнам тилинде өнүккөн. Вьетнамдын байыркы фольклору: Ажыдаар Лактын өкүмдарлыгы, адамдардын теги жана алгачкы окутуучулары; Фу Донг жөнүндөгү баатырдык жо­мок; Үлүл-чебинин курулушу, ошондой эле каарман эже-сиңдилер Чынг жөнүндөгү мифологиялык ула­мыштардын жыйындысы (цикл). Ханван ти­линде жазылган алгачкы эстеликтерде (X–XII кылымдар) чечендик өнөр менен кытай адабиятында ка­лыптанган формалар айкалышкан (эски кытай тилинин вьетнамдашкан варианты). Вьетнам адабияты орто кылымда буддизмдин, кийинчерээк конфу­цийчил көз караштын таасиринде өнүккөн. XIV кылымдын аягы – XV кылымдын 1-жарымында бир ка­тар акындардын чыгармаларында социалдык наа­разылык темасы пайда болуп, поэзия вьетнам­дардын оозеки тилинде өөрчүйт. Анын бизге жет­кен байыркы эстелиги – Нгуен Чайдын (1380– 1442) «Эне тилдеги ырлар жыйнагы». XVI–XVII кылымдарда ыргактык проза жанрындагы чыгармалар кеңири тараган. Нгуен-Бинь Кхиемдин (1491–1585) афоризмдик жана ирониялык поэзиясында социалдык адилетсиздик чагылдырылган. XVII кылымдын аягы – XVIII кылымдын башында тарыхый-эпи­калык «Югдун асман китеби» аттуу аңгемеде Вьетнамдын тарыхый адамдарынын, легендарлуу баа­тырларынын эрдиктери чагылдырылат. XVIII кылымдагы жана XIX кылымдын башындагы Вьетнам адабиятына ''Кай­ра жаралуу'' доорунун салтына жакындоо жана адамдын ички дүйнөсүнө көңүл буруу мүнөздүү болуп, лирикалык жанр пайда болот. Доан Тхи Дьемдин (1705–1748) «Жоокердин даттануусу», Нгуен За Тхиенин (1741–1798) «Падышанын ой­ношунун арызы» аттуу поэмалары жарыяланган. Вьетнам классикалык адабиятынын көрүнүктүү өкүлү Нгуен Зунун (1765–1820) «Кыйналган жандын онтоосу» деген поэмасында адамдардын жеке тур­мушу баяндалат. Француз колониячылары ба­сып киргенден кийин адабият салттуу формада өнү­гүп, анда патриоттук мотивдер басымдуулук кы­лат. XIX кылымдын 2-жарымында колониялык режим орногондон кийин поэзияда сатиралык багыт өөрчүйт: Нгуен Кхюендин (1835–1909), Ту Сыонг­дун (1870–1907) чыгармалары. XX кылымдын башын­да азыркы прозалык жанрлар: новелла, драма, роман калыптанган. 1930-жылдары «Жаңы поэ­зия» кыймылы башталган. То Хыунун поэ­зиясы, Хо Ши Миндин «Түрмө күндөлүгү» деген публицистикасы. XX кылымдын 20–30-жылдарында калыптанган реалисттик багыттын өнүгүшү бар­дык жанрда [Нгуен Конг Хоандын аңгемелери менен «Акыркы кадам» (1938), Нгуен Хонгдун «Колу туткак аял» деген романдары] айкын көрүнөт. 1945-жылдагы Август революциясынан ки­йин Вьетнам адабияты социалисттик реализм багытында өнүккөн. Көркөм-документ жанры да ушул мезгилде өнүгө баштаган. Каршылык көрсөтүү согушу мезгилин­деги (1950-жылдардын башында) жаралган по­весттер менен романдар [Нгуен Динь Тхинин (1924-жылы туулган) «Чабуулу» (1951); Во Хюи Тамдын (1920) «Көмүр бассейни» (1951) жана башкалар] коллек­тивдүү каарманды сүрөтөөгө баш койгон. 1957-жылы Вьетнамда жазуучулар союзу негизделген. Революция тарыхын баяндаган Хюи Тамдын «Шах­тёрлор» (1961), Нгуен Хонгдун «Деңиз дарба­засы» (1–2-том, 1961–1973) жана башка романдарында жаңы каармандардын образы берилген. Поэзияда жаңы коомду куруучулардын лирикалык образ­дары кеңири сүрөттөлөт. | |||
Вьетнамдын байыркы искусствосунун гүлдөшү Тямпа мамлекетинин түзүлүшүнө байланыштуу (биздин замандын 1-миң жылдыгы; Мишон жана Донгзыонг шаарларында­гы кыштан (кирпичтен) салынган будда, брах­ми храмдары, жасалга айкелдер). XI–XIII кылымдарда Түндүк Вьетнамда жыгач имараттарды куруу кеңи­ри таралган (Ханойдогу Дьен-Бо пагодасы, 1049 жана башкалар). XVIII–XIX кылымдарда сарайлар кооз оюм-чи­йими менен өзгөчөлөнгөн (Хюэдеги «Төрт жагы төп келишкен сарай», 1805–1833, жана башкалар). Орто кы­лымда кооз храм, пейзаж, живопись, айкел портрети, пил сөөгүнөн, жыгачтан, металл­дан кооз буюм жасоо басымдуу болгон. Фран­ция колониялап турган мезгилде Вьетнам өнөрүндө электизм жана европалык салон өнөрүнүн принцип­тери таралган. Каршылык көрсөтүү согушу жыл­дарында (1945–1954) сүрөтчүлөр (То Нгок Ван, Фан Ке Ан жана башкалар) үгүт баракча, плакат, турмуштук жана саясий темадагы эстамптарды жаратышкан. Түндүк Вьетнамда жибекке суу боёк менен тартуу живопи­си (Нгуен Фан Тян, Чан Донг Лыонг жана башкалар), лак живописи биринчи жолу сүрөт тартуунун кара­жатына айланган (Хоанг Тик Тю, Нгуен Ким Донг жана башкалар), май боёк менен сүрөт тартуу жана айкел, графика өнүгөт. Элдик жасалга-колдонмо өнөр өркүндөгөн: пил сөөгүнөн, жыгачтан жасалган, камыштан согулган буюмдар, түстүү жазуулар жана алтын сымал лактар менен кооз­долгон буюмдар, сайма, темир куймалар колдо­нулган. 1957-жылы Ханойдо жогорку сүрөт окуу жайы ачылган. 1958-жылы Вьетнам Демократиялык Республикасынын сүрөтчүлөр сою­зу уюштурулган. ­ | |||
1-миң жылдыгы; Мишон | |||
[[File:ВЬЕТНАМ87.png | thumb | none]] | [[File:ВЬЕТНАМ87.png | thumb | none]] | ||
[[File:ВЬЕТНАМ88.png | thumb | | [[File:ВЬЕТНАМ88.png | thumb | Ханойдогу Тюа-Мот-Кот храмы.]] | ||
<br> <br> | <br> <br>Америкалыктар менен согушта баатырдыкты көрсөткөн вьетнам эли эми тал­каланган шаарлар менен кыштактарды калыбы­на келтиришкен. Фам Ван Дон, Май Ван Хиен, Куанг Фонг жана башка сүрөтчүлөрдүн чыгармаларын­да элдин баатырдык күрөшү жана туруктуулугу чагылдырылган. | ||
Салттуу жанрлары – тео | Салттуу жанрлары – тео жана туонг муундан муунга оозеки өткөн. Вьетнамдын классикалык теат­ры – Туонг. Ал элдик оюн катары XI–XIII кылымда өлкөнүн түндүгүндө пайда болгон (ага кытай те­атрынын таасири тийген). Сарай труппалары жана демократиялык багыттагы кыдырма труппалар иш­теген. Оюн музыка, бий жана көркөм окуу менен айкалышта көрсөтүлөт. Белгилүү театр ишмерлеринен тарыхый, курч комедиялуу, сатиралык пьесалардын автору Нгуен Динь Нги, аткаруу­чуларынан Нгуен Ван Тхинь жана башкалар өзгөчөлөнгөн. | ||
[[File:ВЬЕТНАМ89.png | thumb | none]] | [[File:ВЬЕТНАМ89.png | thumb | none]] | ||
[[File:ВЬЕТНАМ90.png | thumb | | [[File:ВЬЕТНАМ90.png | thumb | Туонг театрынын спектакли­нен көрүнүш.]] | ||
<br> | <br> XX кылымдын башында Ханойдо Нгуен Хыу Тиен­дин «Донг А феникстери», Хоанг Танг Бинин «Күйөөсү үчүн өч алуу жана мекен алдындагы милдет» аттуу тарыхый пьесалары белгилүү болгон. Кай-лыонг театрында пьеса актыларга бөлүнүп, мурда колдонулбаган көшөгө, жасал­га пайдаланылган. «Сүйлөмө» же драма театры кить-ной пайда болгон. Мольердин комедияла­ры, Ву Динь Лонгдун «Дос жана аял» пьесасы жана Хо Ши Миндин «Бамбук ажыдаар» коме­диясы коюлган. Вьетнам Демократиялык Республикасы түзүлгөндөн кийин театр жаңы драматургия менен байып, кить-ной жана кай-лыонг салттуу театр формалары кеңири тарала баштаган. 1954-жылы өздүк көркөм чыгар­мачыл коллективдердин фестивалы (4 жылда бир жолу) өткөрүлө баштайт. Театр өнөрү ко­омдун турмушунда маанилүү орунду ээлеп, кить­ной жаңы заман үчүн күрөшүп жаткан заман­бап адамдын образын түзгөн. Кай-лыонг тыш­кы кооздуктан баш тартып, турмушту чыныгы реалисттик жол менен чагылдырууга өткөн. Туонг салттуу театры кризиске учурап, жоюлуп кал­ган. Бирок 1958-жылы улуттук музыка театр мек­тебинде туонг бөлүмү ачылган. Тео театры да кайра түзүлгөн. 1963-жылдын аягында 35 про­фессионал труппа менен көркөм коллективдин ичинен 19у тео спектаклдерин коюуга адистеш­кен. Элдик куурчак театр өнөрү да эзелтен өнүккөн. 1957-жылы Ханойдо профессионал куур­чак театры ачылган. 1957-жылы Ханойдо Вьетнам театр актёрлорунун ассоциациясы түзүлүп, 1961-жылы жогорку драма мектеби ачылган. | ||
Француз үстөмдүгү мезгилинде | Француз үстөмдүгү мезгилинде Вьетнамда негизинен француз жана америкалык тасмалар чыгарылган. Ав­густ революциясынан кийин Вьетнам Демократиялык Республикасынын өкмөтү Ханой­до радио жана кино уюмун уюштурган. Улут­тук кино түзүүдө советтик кинематографисттер жар­дам көрсөтүшкөн. 1948-жылы алгачкы кино хрони­калары тартылган («Мак Хоа үчүн салгылашуу»).<br>Документ тасмалардын студиясы 1956-жылы түзүлгөн. 1958-жылы Ханойдо киностудия уюшул­ган. Алгачкы көркөм тасмасы – «Бир дарыяда бирге» (1959). 1960-жылдан көркөм тасма сту­диясы иштейт. Улуттук кинематографиянын негизги темасы – француз колониячыларына каршы Вьетнам элинин күрөшүү тарыхы («Ким Донг», «Жубайлар А – Фу», «От океаны»). Вьетнам Демократиялык Республикасына кар­шы америкалык агрессия башталгандан кийин өлкөдө «Америка Кошмо Штаттарынын каракчылары», «Ханой, 5 күн кар­машуу», «Шамал дарбазасынын жанында» де­ген даректүү тасмалар тартылган. 60–70-жыл­дарда согуш темасындагы көркөм фильмдер: «Жаш жоокер», «Нюи – сайгондук кыз», «17- параллель: күн-түн дебей» ж-а «Ханойлук кыз», «Апельсин багы», «Курман болгондун эстелик белеги» (1961; советтик прокатта – «Курман болгон­дун сувенири»), «Эки солдат» (1962), «Кичине­кей Ким Донг» (1964), «Нгуен Ван Чой», «Бо­роон күчөөдө» (1966, экөө тең), «Тхам кыздын токою» (1970). Кээ бир тасмалар Москвада жана Карлови-Варидеги эл аралык кинофестивалдар­да сыйлык алган. 1959-жылы Ханойдо улуттук ки­номектеп уюштурулган. Көркөм киностудия, хроникалдык-даректүү, мультипликациялык тасмалар жана кино көчүргүч фабрика иштеген. | ||
<br> | |||
Документ | |||
Америкалыктардын агрессиясынын натый­жасында | Америкалыктардын агрессиясынын натый­жасында кино өндүрүшүнүн бөлүктөрү жунгли­ге көчүрүлгөн.Вьетнам Демократиялык Республикасынын көрүнүктүү актёрлору: Фи Нге, Нгок Лан, Нгуен Хонг Шэн, Ча Жанг, Туе Минь, Тху Хиен, Туй Винь. XVI кылымда музыкалык коом түзүлүп, вокалдык-аспап­тык («Бо ня няк», кийинчерээк «Бо зяо фыонг» ыр жана бий коомуна айланган), «Дой ба лэнь» оркестри пайда болгон. Аспаптардан: үйлөмө – кхен (Пан флейтасынын бамбуктан жасалган түрү), дык, тиеу, шао бан, шао бау (түрдүү флей­талар) жана башкалар; урма – чонг дай жана чонг тео (ба­рабан) кеңири тараган. XIX кылымда «Няк Тянь» ор­кестри уюшулган. Түштүк Вьетнамда элдик театрдын негизинде вокалдык музыканын номурларын камтыган улуттук жарым профессионал театр негизделген. <br> | ||
<br> | |||
[[File:ВЬЕТНАМ91.png | thumb | none]] | [[File:ВЬЕТНАМ91.png | thumb | none]] | ||
[[File:ВЬЕТНАМ92.png | thumb | Май Лиен – бам­ | [[File:ВЬЕТНАМ92.png | thumb | Май Лиен – бам­бук ксилофон трындада аткаруучу.]] | ||
<br> | <br>XX кылымдын 30-жылдарында улуттук театр өнөрү өзгөчөлүгүнөн ажырап, европалык опе­ралар коюлуп, европалык үлгүнү туураган. Француз колониячыларына каршы согуш жылдарында элдин эмгегине арналган ырларынын негизин­де жаңы революциячыл ыр фольклору пайда болгон. Вьетнамдын операсында До Ньюандын «Ко-Шао» («Кыз-жылдыз»), Нгуен Суан Хоантанын «Чоң дарыя көпүрөсүнөн өтүү» чыгармалары көрүнүк­түү орун ээлейт. Вьетнам Демократиялык Республикасынын көп музыканттары тео театрынын элдик обон-күүлөрүн чогултуп, жа­зып жана кайра иштеп чыгуунун негизинде түрдүү жанрдагы өз музыкасын түзүшкөн. 1955-жылы Ха­нойдо консерватория ачылган. Андан кийин улуттук музыкалык театр мектеби, орто ж-а жогорку музыкалык курстар, балдардын музыкалык мектептери негиз­делген. 1959-жылдан Ханойдо симфониялык оркестр, 1962-жылдан элдик аспаптар оркест­ри, ошондой эле мамлекеттик хор иштейт. | ||
<br> | <br>Ад.: Экономика и внешнеэкономические связи Вьетнама. М., 2001; Вьетнам: страна и люди. Ханой, 2002; Вьетнам//Большая Российская энциклопедия. Т. 6. М., 2006. ''Никулин Н. И.'' О периодизации вьетнамской литературы эпохи средневековья; Великий вьетнамский поэт Нуген Зу. М., 1965; Литературный энциклопедический словарь. М., 1987. | ||
Ад.: Экономика и внешнеэкономические связи Вьетнама. М., 2001; Вьетнам: страна и люди. Ханой, 2002; Вьетнам//Большая Российская энциклопедия. Т. 6. М., 2006. ''Никулин Н. И.'' О периодизации вьетнамской литературы эпохи средневековья; Великий вьетнамский поэт Нуген Зу. М., 1965; Литературный энциклопедический словарь. М., 1987. | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
10:47, 25 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ВЬЕТНА́М , В ь е т н а м С о ц и а л и с т т и к Р е с п у б л и к а с ы – Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкө, Индикытай жарым аралында. Вьетнамдын аймагы кууш тилке түрүндө (жазылыгы түндүгүндө 600 км, борбордук бөлүгүндө 50 км, түштүгүндө 375 км) жарым аралдын чыгышын жээктей меридиан багытында 1750 км аралыкта созулуп жатат.

Түндүгүнөн Кытай, батышынан Лаос ж-а Камбожа м-н чектешип, чыгышынан Түштүк Кытай деңизи ж-а анын булуңу – Бакбо (Тонкин), түштүк -батышынан Сиам булуңу м-н чулганат. Аянты 329,3 миң км2. Калкы 100195275 (2023). Борбору – Ханой ш. Расмий тили – вьетнам тили. Административдик-аймактык жактан 59 провинцияга, өзгөчө округга ж-а борборго баш ийген 5 шаарга; алар 8 экономикалык районго биригет (к. таблица). Тарыхый-географиялык жактан 3кө – Түндүк (Бакбо), Борбордук (Чунгбо) ж-а Түштүк (Намбо) болуп бөлүнөт. Вьетнам – БУУнун (1977), Эл аралык валюта фондунун (1956), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1956), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (байкоочу катары), Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (1975) мүчөсү. Акча бирдиги – донг.
Экономикалык райондору (2006) (Таблица бар)
(Экономикалык райондору
Аянты,
км2
Калкы, миң
Башкы шаары
Меконг дельтасы
39738,7
17743,3
Кантхо
Тоолуу Борбор (Борбордук бөксөтоолору)
54473,7
4463,5
Далат
Түндүк-Батыш
Түндүк-Чыгыш
37336,9
63629,8
14394,0
Хоабинь
Тхайнгуен
Түндүк деңиз бою борбору
51510,8
11005,8
Хюэ
Түштүк деңиз бою борбору
33069,0
8884,2
Дананг
Түштүк-Чыгыш
34743,1
11176,6
Хошимин
Хонгха дельтасы (Кы-зыл д-нын дельтасы)
14812,5
16276,9
Ханой
)
Мамлекеттик түзүлүшү. Вьетнам– унитардык мамлекет. Конституциясы 15-апрелде 1992-жылы кабыл алынган. Мамлекеттик ж-а мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук чогулуш, ал 4 жылга шайланат. Мамлекет башчысы – президент, аны Улуттук Чогулуш 5 жылга шайлайт. Ал Улуттук коргоо советинин да төрагасы. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт – Министрлер Совети ишке ашырат.
Башкаруучу партия – Вьетнам коммунисттик партиясы – өлкөдөгү жалгыз саясий партия болуп саналат.
Табияты. Жээктери негизинен жапыз, кумдуу, начар тилмеленген. Жээк сызыгынын узундугу 2500 кмден ашык. Түндүгүндө Бакбо (Тонкин) булуңу ж-а андагы Файтсилонг архипелагы, түштүгүндө зор Камау жарым аралы жайгашкан. Кеме токтоого ыңгайлуу бухталар ж-а булуңдар аз. Эң ыңгайлуу табигый гаваны – Камрань булуңу. Жеринин бетинин басымдуу бөлүгүн, негизинен түндүгүн, түндүк-батышын ж-а ички аймактарын тоолор (негизинен орто бийик ж-а жапыз) ээлейт. Алар өрөөндөр м-н терең тилмеленген. Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө бири-бирине жарыш жаткан кырка тоолор ж-а түштүк-чыгыш багытта созулган тоо массивдеринин тизмеги басымдуулук кылат. Алардын капталдары көбүнчө жантайыңкы. Эң бийик кырка тоосу – Хоангльеншон (Фанши чокусу, бийикт. 3143 м), эң узуну – Чыонгшон (узундугу 300 кмдей). Түштүк бөлүгүндө тоолору кыры жайпак жазы массивдерден, бөксө тоолордон ж-а платолордон туруп, узатасынан созулган тилкени түзөт. Алардын басымдуу бийиктиги 500–1500 м, эң бийик жери – 3280 м. Эң ирилери – Контум, Дарлак, Мнонг бөксө тоолору ж-а платолору. Жээктеринде түздүктөрдүн эң ирилери, түндүк бөлүгүндө [Хонгха (Кызыл) ж. б. дарыялардын төмөнкү агымдары ж-а дельталары] ж-а түштүгүндө (Меконг дарыясынын дельтасы) жайгашкан. Түндүк Вьетнамдын түндүк-чыгыш бөлүгү тектоникалык жактан Түштүк Кытай платформасына, түштүк-батышы мезозоид бүктөлүү системасына кирет. Вьетнамдын түндүк бөлүгү кен байлыкка бай ж-а ар түрдүү; алардын негизгилери: таш көмүр, темир кенташы, коргошун ж-а цинк, боксит, калай, сейрек жер элементтери. Түштүгүндө таш көмүрдүн, алтындын, молибдендин кендери бар. Климаты муссондук, субэкватордук, түштүгү ысык, түндүгү кышында муздак; нымдуу муссон соккон мезгилде жаан-чачын эң көп жаайт. Өлкөнүн басымдуу бөлүгү үчүн эң нымдуу жайкы түштүк-батыш же түштүк-чыгыш муссону, эң кургакчыл кышкы түндүк-чыгыш муссону болуп саналат. Жапыз жайгашкан аймактарында эң суук айынын орточо температурасы түндүгүндө 15°Сден (январь), түштүгүндө 25,8°Сге чейин (декабрь), эң жылуу айыныкы (түндүгүндө – июнь, июль, түштүгүндө – апрель) 28–29°С. Кышында түндүгүндө 1500 м бийиктиктен жогору үшүк жүрөт. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 1500–2000 мм, айрым жерлеринде (негизинен тоолордо) 3000 ммден ашык. Өлкөнүн бүт аймагында (чыгыш жээк тилкесинин Зинь тумшугунан Бакбо булуңуна чейинки аралыгынан тышкары) жылдык жаан-чачындын 80%ке жакыны май – октябрь, чыгыш жээк тилкесинде август–январь айларына туура келет. Жайдын 2-жарымында ж-а күзүндө Вьетнамдын түндүгүндө тайфун болуп турат. Дарыя тармагы жыш, алардын бардыгы Түштүк Кытай деңизинин алабына кирет. Босоголуу. Муссондук жамгырдын сезонунда дарыяларынын деңгээли кескин (10 мге, кээде анданда бийик) көтөрүлүп, чыгымы он эсеге чейин көбөйөт. Түндүктүн ж-а түштүктүн дарыялары бүт, өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү тоолордун батыш капталдарынан башталган дарыялары июнь – октябрь, өлкөнүн борбордук бөлүгүнүн чыгыш тоо капталдарынын дарыялары сентябрь–декабрь айларында ташкындайт. Дарыяларынын сугатта ж-а жергиликтүү жүктү ташууда мааниси зор. Негизги дарыялары: түндүгүндө – Хонгха (Кызыл; Вьетнамдын чегиндеги узундугу 475 км) ж-а анын ири куймасы – Да (Кара); түштүгүндө – Меконг (Вьетнамга төмөнкү агымы, 220 кмдей бөлүгү гана тиешелүү).
Тоонун латерит топурактары үстөмдүк кылат; жээк тилкесине ж-а жапыз тоолоруна кызыл сары латерит, дарыя дельталарына аллювий, Меконг дарыясынын дельтасынын сырткы чет-жакаларына ж-а жээктин башка жерлерине саздашкан шор топурактары мүнөздүү. Жеринин бетинин 1/ ине жакынын тропиктик ж-а субтропиктик токойлор ээлейт. Токоюнун басымдуу бөлүгү – экинчи жолу өсүп чыккандар. Тоо этектеринде ж-а төмөнкү алкактарында дайыма жашыл тропик токою басымдуу. Түндүгүндө 600– 700 мден жогору, түштүгүндө 1000–2000 м бийиктикте тропиктиктеринде токоюна субтропик ж-а мелүүн климаттуу алкактарга мүнөздүү дарактар (эмен, бук, каштан, кызылкарагайдын түрлөрү) аралаш өсөт. Түштүгүндө жалаң кызыл карагайлуу токойлор кездешет. Бамбук кеңири таралган. Түштүк-батыштын бөксө тоолоруна ж-а платолоруна сейрек саванна токою ж-а саванна мүнөздүү. Жээк түздүктөрүндө маданий өсүмдүктөр басымдуу, пальма, бамбук өсөт. Түздүктөрдүн кыйла бөлүгүн, айрыкча түштүгүн саз өсүмдүктөрү, деңиз суусу киргенде суу астында калган тилкени мангр токою ээлейт.
Калкы. Негизинен вьетнамдар (88%), ошондой эле кытайлар, муонг, мео ж. б. улут өкүлдөрү жашашат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 255 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 67,8 жаш, аялдарыныкы – 73,6 (2005). Элинин 55% будда, 12% таоизм, 10% католик ж. б. диндерди тутушат. Шаар калкы 20,8%. Ири шаарлары: Хошимин, Хайфон, Ханой, Дананг, Хюэ ж. б.
Тарыхы. Вьетнамдагы эң эзелки мамлекеттик бирикме – Ванланг – байыркы вьетнам уруулар союзунун базасында калыптанган. Ванлангдын б. з. ч. 1- миң жылдыкта эле жашагандыгы белгилүү. Кийинчерээк анын ордун Аулак ж-а Намвьет мамлекеттери алмаштырып, б. з. 2-кылымында аларды кытайлар басып алган. Кытай башкаруучуларына каршы боштондук күрөштүн натыйжасында 10-кылымда көз каранды эмес Дайковьет мамлекети орноп, 11–13-кылымда ал борбордошкон күчтүү Дайвьет (1069-жылдан ушундай аталган) империясына айланган. 13-кылымда Дайвьет моңголдордун үч жолку жортуулунун мизин кайтарган. 15-кылымдын башында Кытайдын басып алуу аракетин талкалап, 1427-жылы кытай баскынчыларын өлкөдөн кууп чыккан. 1471-жылы Дайвьет өзүнө коңшу Тьямпа мамлекетин кошкон. 16-кылымдан тартып Инди-кытайга европалык соодагерлер келе баштаган. Вьетнам мамлекетинин аймагы 18-кылымдын аягында негизинен азыркы чегинде калыптанган. 1804-жылы Нгуен династиясы бүткүл империяны борбордоштуруп, өлкө Вьетнам аталган. 19-кылымдын 50–80-жылдары Франция Вьетнамды колониялап алган. 1884-жылдан Вьетнам Франциянын толук колониясына айланган. Франция Вьетнамга Лаос м-н Камбожаны кошуп, Француз Инди-Кытайы деп атаган. 1930-жылы Нгуен Ай Куоктун (Хо Ши Мин) жетекчилигинде түзүлгөн Инди-Кытай коммунистик партиясы (ИККП; 1930-жылы октябрга чейин Вьетнам компартиясы аталган) өлкөдөгү улуттук-боштондук кыймылды жетектеген. 1941–45-жылдарда Вьетнамды япондор оккупациялап алган. 1945-жылы май айында азаттык үчүн күрөшкөн бардык куралдуу күчтөр биригип, Вьетнам элдик армиясы (ВЭА) түзүлгөн. 1945-жылдын августуна чейин ВЭА өлкөнүн көп бөлүгүн бошоткон. Август революциясынын натыйжасында 1945-жылы 2-сентябрда Хо Ши Мин Убактылуу өкмөттүн атынан Вьетнамдын көз карандысыздык декларациясын ж-а Вьетнам Демократиялык Республикасынын (ВДР) түзүлгөнүн жарыялаган. 1945-жылы француз аскерлери Сайгонду басып алып, өлкөнүн түштүгүндө согуш баштаган. 1946–47-жылдарда француздук аскерлер Вьетнамдын көп шаарын, деңиз боюндагы жерлери м-н түздүктөрүн караткан. 1949-жылы Франция басып алган аймакта Бао-Дай [Вьетнамдын борбордук бөлүгүнүн – француз үстөмдүгүнүн убагындагы Анаманын императору (1926–45); Вьетнамдагы Август революциясы (1945) убагында тактыдан баш тарткан] башкарган марионеткалык «Вьетнам мамлекети» түзүлгөн. Вьетнамдагы согушка 1950-жылдан АКШ ачык кийлигише баштаган. 1950– 51-жылдан согуш операцияларын жүргүзүүдөгү демилге ВДРге өтүп, душмандан бошотулган аймагы кеңейген.

1954-жылы Дьенбьенфу жанындагы салгылаш француз аскерлеринин жеңилүүсү м-н аяктап, Женева келишимдерине (1954) ылайык Франциянын Вьетнамдагы согушу токтогон. Келишимге ылайык 17-параллелдеги демаркациялык чек боюнча Вьетнам эки мамлекетке бөлүнгөн. Өлкөнүн түштүгүндө Вьетнам Республикасы (1959-жылдын 31- декабрында), түндүгүндө 1959-жылы Хо Ши Мин жетектеген Вьетнам Социалисттик Респликасы түзүлгөн. Келишимдерде өлкөнү тынчтык жол м-н бириктирүү максатында эл аралык көзөмөл астында 1956-жылы жалпы эркин шайлоо өткөрүү каралган. Бирок аны АКШнын башкаруучу чөйрөлөрү үзгүлтүккө учуратып, өлкөнү экиге бөлүү үчүн Вьетнамдын түштүгүндө Нго Динь Зьем башкарган сайгондук режимди түзгөн. 60-жылдардын ортосунан вьетнамдык эки мамлекеттин ортосунда куралдуу кагылышуулар башталган. 1961–64-жылдарда Сайгон режимине АКШнын согуштук жардамы күчөйт. Бирок патриоттук күчтөрдүн куралдуу каршылыгы улам күчөп, марионетка режим узакка создуккан кризиске учураган. Нго Динь Зьемдин бийликтен кулашы (1963, ноябрь) режимди кризистен куткарган жок. Андан көп узабай бир катар аскер төңкөрүштөрү болуп, 1965-жылы АКШнын колдоосу м-н генерал Нгуен Ван Тхиеу башкарган аскер хунтасы бийликке келет. Сайгон режимин ж-а Инди-Кытайдагы позициясын сактоого аракеттенген АКШ 1965-жылы мартта Түштүк Вьетнамга түздөн түз куралдуу кол салган. 1968-жылы АКШ Түштүк Вьетнамга америкалык экспедициялык корпусту (1968-жылы жазында 500 миң аскер болгон) киргизүү м-н бирге ВДРге абадан кол салган. Вьетнам маселесин чечүү жолдорун табуу максатында 1968-жылы майда Парижде кош тараптуу (АКШ ж-а ВДР), 1969-жылы январдан төрт тараптуу [(ВДР, Түштүк Вьетнамды боштондукка чыгаруунун улуттук фронту (ТВБЧУФ)], АКШ ж-а Сайгон администрациясы) сүйлөшүүлөр башталган. Бирок АКШ аны согуш жолу м-н чечүүгө ниеттенген.
1973-жылы январда Вьетнамда согушту токтотуу ж-а тынчтыкты калыбына келтирүү жөнүндөгү Париж келишимине АКШ кол койгон. Ал келишимде АКШнын Түштүк Вьетнамда аскерлерин кармоодон баш тартышы, ошондой эле Түштүк Вьетнамда көзөмөлгө алынган эки зонаны [эки администрацияны Түштүк Вьетнам Республикасынын Убактылуу революциячыл өкмөтү (ТВРУРӨ) ж-а Сайгон администрациясы)], эки армияны таанууга негизделип,Түштүк Вьетнам маселесин саясий жол м-н чечүү белгиленген. Сайгон администрациясы милдеттенмесин орундатпай, Париж келишимин бузуп, АКШнын жардамы м-н армиясын кайрадан куралдандырат. Ал согуш потенциалын күчөтүп, патриот күчтөр бошоткон бардык жерди кайра басып алууга умтулат. 1975- жылдагы жазгы чабуул патриоттордун толук жеңиши м-н аяктаган соң Сайгон режими 1975-жылы 30-апрелде кулатылат. Түштүк Вьетнамдын бүткүл аймагын көзөмөлдөө ТВРУРӨнүн колуна өткөн. 1976-жылы 1-июнда өлкөнүн кайрадан кошулганы ж-а Вьетнам Социалисттик Республикасынын (ВСР) түзүлгөндүгү (борбору Ханой) жарыяланган. 1980-жылы ВСРдин конституциясы кабыл алынган. 90-жылдардан тартып өлкөдө экономиканы либералдаштыруу, саясий системаны реформалоо процесси бир кыйла экономикалык өсүштөргө алып келген.
Экономикасы. Вьетнам – өнөр жайы өнүккөн агрардык өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү 251,8 млрд доллар (АКШ); аны киши башына бөлүштүргөндө 3 миң доллардай туура келет (2005). Ички дүң продукциясында айыл ж-а токой чарбасыны үлүшү 36,6%, өнөр жайыныкы 20,9%. Нефть, таш көмүр, апатит, хромит, те-


мир кенташы, калай, вольфрам казылып алынат. 2004-жылы 46 млрд кВт.с электрэнергиясы өндүрүлгөн. Кара ж-а түстүү металлургия, металл иштетүү ж-а машина куруу, химия өнөр жайлары өнүккөн. Курулуш материалдарын чыгарат. Жыгач иштетүүчү ж-а целлюлоза-кагаз, каучук иштетүү ишканалары, жеңил ж-а тамак-аш (күрүч актоо, кант, чай, кофе ж. б.) өнөр жайлары бар.
Айыл чарбасында жердин 26% иштетилет, кээ бир райондордо жылына 2–3 жолу түшүм алынат. Шалы (негизги азык-түлүк продуктусу), батат, жүгөрү, пахта, жут, балкамыш, чай ж. б. өстүрүлөт. Каучук плантациясы бар. Жашылча жемиш өстүрүлөт. Бодо мал, чочко багылат. Балык кармалат

Темир жолунун узундугу 2,6 миң км (анын ичинде 2169 км кууш колеялуу); авто жолунуку – 126 миң км; ички суу жолунун узундугу 17,7 миң км. Деңиз соода флотунун тоннажы 1170,6 миң бр.-рег. т, 2005). Жалпы куур транспортунда узундугу 851 км (анын ичинде 3 кми нефть кууру, 642 кми газдыкы). Ири порттору: Хошимин, Хайфон, Дананг, Хонгтай, Камфа. Нефть, таш көмүр, күрүч, каучук, балык ж-а деңиз продуктуларын экспорттойт. Негизги соода шериктештери: Япония, Сингапур, Корея Республикасы, Австралия, Германия, АКШ, Улуу Британия, Кытай, Гонконг, Таиланд.
Маданияты. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүндө билим берүү системасы эки түрдүү түзүлгөн. Вьетнам Демократиялык Республикасы болуп жарыялангандан кийин 1945-жылы элге билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган декрет кабыл алынган. 1956-жылдагы реформага жараша 3 баскычтан турган бирдиктүү 10 жылдык мектеп түзүлгөн. Кийин сабатсыздык жоюлуп, өлкө 1976-жылдан 8 жылдык милдеттүү окууга өткөн. Жалпы билим берүүнүн толук курсу – 10 жыл. Орто мектеп 7 жылдык. Жалпы билим берүүчү 12 жылдык мектеп өлкөнүн түштүгүндө сакталган. Бирок аларда окуунун мазмуну жана идеялык багыты өзгөртүлгөн. Өлкө бириккенден кийин мектептердин бирдиктүү программасы түзүлүп, Түндүк менен түштүк үчүн бирдей жаңы окуу китептери чыгарылып, түштүктө мугалимдер кайра даярдала баштаган. Жогорку окуу жайлардын саны өскөн. Ханой университетинин (1918-жылы негизделген) базасында 1954-жылдан медицина-фармацевтика, адабият, педагогика, айыл чарба, токой чарба институттары ачылган. Университет кийин 1955-жылы химия, физика-математика, биология жана коомдук илимдер факультеттери менен кайра уюшулган.
Вьетнам элинин адабияты вьетнам тилинде өнүккөн. Вьетнамдын байыркы фольклору: Ажыдаар Лактын өкүмдарлыгы, адамдардын теги жана алгачкы окутуучулары; Фу Донг жөнүндөгү баатырдык жомок; Үлүл-чебинин курулушу, ошондой эле каарман эже-сиңдилер Чынг жөнүндөгү мифологиялык уламыштардын жыйындысы (цикл). Ханван тилинде жазылган алгачкы эстеликтерде (X–XII кылымдар) чечендик өнөр менен кытай адабиятында калыптанган формалар айкалышкан (эски кытай тилинин вьетнамдашкан варианты). Вьетнам адабияты орто кылымда буддизмдин, кийинчерээк конфуцийчил көз караштын таасиринде өнүккөн. XIV кылымдын аягы – XV кылымдын 1-жарымында бир катар акындардын чыгармаларында социалдык нааразылык темасы пайда болуп, поэзия вьетнамдардын оозеки тилинде өөрчүйт. Анын бизге жеткен байыркы эстелиги – Нгуен Чайдын (1380– 1442) «Эне тилдеги ырлар жыйнагы». XVI–XVII кылымдарда ыргактык проза жанрындагы чыгармалар кеңири тараган. Нгуен-Бинь Кхиемдин (1491–1585) афоризмдик жана ирониялык поэзиясында социалдык адилетсиздик чагылдырылган. XVII кылымдын аягы – XVIII кылымдын башында тарыхый-эпикалык «Югдун асман китеби» аттуу аңгемеде Вьетнамдын тарыхый адамдарынын, легендарлуу баатырларынын эрдиктери чагылдырылат. XVIII кылымдагы жана XIX кылымдын башындагы Вьетнам адабиятына Кайра жаралуу доорунун салтына жакындоо жана адамдын ички дүйнөсүнө көңүл буруу мүнөздүү болуп, лирикалык жанр пайда болот. Доан Тхи Дьемдин (1705–1748) «Жоокердин даттануусу», Нгуен За Тхиенин (1741–1798) «Падышанын ойношунун арызы» аттуу поэмалары жарыяланган. Вьетнам классикалык адабиятынын көрүнүктүү өкүлү Нгуен Зунун (1765–1820) «Кыйналган жандын онтоосу» деген поэмасында адамдардын жеке турмушу баяндалат. Француз колониячылары басып киргенден кийин адабият салттуу формада өнүгүп, анда патриоттук мотивдер басымдуулук кылат. XIX кылымдын 2-жарымында колониялык режим орногондон кийин поэзияда сатиралык багыт өөрчүйт: Нгуен Кхюендин (1835–1909), Ту Сыонгдун (1870–1907) чыгармалары. XX кылымдын башында азыркы прозалык жанрлар: новелла, драма, роман калыптанган. 1930-жылдары «Жаңы поэзия» кыймылы башталган. То Хыунун поэзиясы, Хо Ши Миндин «Түрмө күндөлүгү» деген публицистикасы. XX кылымдын 20–30-жылдарында калыптанган реалисттик багыттын өнүгүшү бардык жанрда [Нгуен Конг Хоандын аңгемелери менен «Акыркы кадам» (1938), Нгуен Хонгдун «Колу туткак аял» деген романдары] айкын көрүнөт. 1945-жылдагы Август революциясынан кийин Вьетнам адабияты социалисттик реализм багытында өнүккөн. Көркөм-документ жанры да ушул мезгилде өнүгө баштаган. Каршылык көрсөтүү согушу мезгилиндеги (1950-жылдардын башында) жаралган повесттер менен романдар [Нгуен Динь Тхинин (1924-жылы туулган) «Чабуулу» (1951); Во Хюи Тамдын (1920) «Көмүр бассейни» (1951) жана башкалар] коллективдүү каарманды сүрөтөөгө баш койгон. 1957-жылы Вьетнамда жазуучулар союзу негизделген. Революция тарыхын баяндаган Хюи Тамдын «Шахтёрлор» (1961), Нгуен Хонгдун «Деңиз дарбазасы» (1–2-том, 1961–1973) жана башка романдарында жаңы каармандардын образы берилген. Поэзияда жаңы коомду куруучулардын лирикалык образдары кеңири сүрөттөлөт.
Вьетнамдын байыркы искусствосунун гүлдөшү Тямпа мамлекетинин түзүлүшүнө байланыштуу (биздин замандын 1-миң жылдыгы; Мишон жана Донгзыонг шаарларындагы кыштан (кирпичтен) салынган будда, брахми храмдары, жасалга айкелдер). XI–XIII кылымдарда Түндүк Вьетнамда жыгач имараттарды куруу кеңири таралган (Ханойдогу Дьен-Бо пагодасы, 1049 жана башкалар). XVIII–XIX кылымдарда сарайлар кооз оюм-чийими менен өзгөчөлөнгөн (Хюэдеги «Төрт жагы төп келишкен сарай», 1805–1833, жана башкалар). Орто кылымда кооз храм, пейзаж, живопись, айкел портрети, пил сөөгүнөн, жыгачтан, металлдан кооз буюм жасоо басымдуу болгон. Франция колониялап турган мезгилде Вьетнам өнөрүндө электизм жана европалык салон өнөрүнүн принциптери таралган. Каршылык көрсөтүү согушу жылдарында (1945–1954) сүрөтчүлөр (То Нгок Ван, Фан Ке Ан жана башкалар) үгүт баракча, плакат, турмуштук жана саясий темадагы эстамптарды жаратышкан. Түндүк Вьетнамда жибекке суу боёк менен тартуу живописи (Нгуен Фан Тян, Чан Донг Лыонг жана башкалар), лак живописи биринчи жолу сүрөт тартуунун каражатына айланган (Хоанг Тик Тю, Нгуен Ким Донг жана башкалар), май боёк менен сүрөт тартуу жана айкел, графика өнүгөт. Элдик жасалга-колдонмо өнөр өркүндөгөн: пил сөөгүнөн, жыгачтан жасалган, камыштан согулган буюмдар, түстүү жазуулар жана алтын сымал лактар менен кооздолгон буюмдар, сайма, темир куймалар колдонулган. 1957-жылы Ханойдо жогорку сүрөт окуу жайы ачылган. 1958-жылы Вьетнам Демократиялык Республикасынын сүрөтчүлөр союзу уюштурулган.


Америкалыктар менен согушта баатырдыкты көрсөткөн вьетнам эли эми талкаланган шаарлар менен кыштактарды калыбына келтиришкен. Фам Ван Дон, Май Ван Хиен, Куанг Фонг жана башка сүрөтчүлөрдүн чыгармаларында элдин баатырдык күрөшү жана туруктуулугу чагылдырылган.
Салттуу жанрлары – тео жана туонг муундан муунга оозеки өткөн. Вьетнамдын классикалык театры – Туонг. Ал элдик оюн катары XI–XIII кылымда өлкөнүн түндүгүндө пайда болгон (ага кытай театрынын таасири тийген). Сарай труппалары жана демократиялык багыттагы кыдырма труппалар иштеген. Оюн музыка, бий жана көркөм окуу менен айкалышта көрсөтүлөт. Белгилүү театр ишмерлеринен тарыхый, курч комедиялуу, сатиралык пьесалардын автору Нгуен Динь Нги, аткаруучуларынан Нгуен Ван Тхинь жана башкалар өзгөчөлөнгөн.


XX кылымдын башында Ханойдо Нгуен Хыу Тиендин «Донг А феникстери», Хоанг Танг Бинин «Күйөөсү үчүн өч алуу жана мекен алдындагы милдет» аттуу тарыхый пьесалары белгилүү болгон. Кай-лыонг театрында пьеса актыларга бөлүнүп, мурда колдонулбаган көшөгө, жасалга пайдаланылган. «Сүйлөмө» же драма театры кить-ной пайда болгон. Мольердин комедиялары, Ву Динь Лонгдун «Дос жана аял» пьесасы жана Хо Ши Миндин «Бамбук ажыдаар» комедиясы коюлган. Вьетнам Демократиялык Республикасы түзүлгөндөн кийин театр жаңы драматургия менен байып, кить-ной жана кай-лыонг салттуу театр формалары кеңири тарала баштаган. 1954-жылы өздүк көркөм чыгармачыл коллективдердин фестивалы (4 жылда бир жолу) өткөрүлө баштайт. Театр өнөрү коомдун турмушунда маанилүү орунду ээлеп, китьной жаңы заман үчүн күрөшүп жаткан заманбап адамдын образын түзгөн. Кай-лыонг тышкы кооздуктан баш тартып, турмушту чыныгы реалисттик жол менен чагылдырууга өткөн. Туонг салттуу театры кризиске учурап, жоюлуп калган. Бирок 1958-жылы улуттук музыка театр мектебинде туонг бөлүмү ачылган. Тео театры да кайра түзүлгөн. 1963-жылдын аягында 35 профессионал труппа менен көркөм коллективдин ичинен 19у тео спектаклдерин коюуга адистешкен. Элдик куурчак театр өнөрү да эзелтен өнүккөн. 1957-жылы Ханойдо профессионал куурчак театры ачылган. 1957-жылы Ханойдо Вьетнам театр актёрлорунун ассоциациясы түзүлүп, 1961-жылы жогорку драма мектеби ачылган.
Француз үстөмдүгү мезгилинде Вьетнамда негизинен француз жана америкалык тасмалар чыгарылган. Август революциясынан кийин Вьетнам Демократиялык Республикасынын өкмөтү Ханойдо радио жана кино уюмун уюштурган. Улуттук кино түзүүдө советтик кинематографисттер жардам көрсөтүшкөн. 1948-жылы алгачкы кино хроникалары тартылган («Мак Хоа үчүн салгылашуу»).
Документ тасмалардын студиясы 1956-жылы түзүлгөн. 1958-жылы Ханойдо киностудия уюшулган. Алгачкы көркөм тасмасы – «Бир дарыяда бирге» (1959). 1960-жылдан көркөм тасма студиясы иштейт. Улуттук кинематографиянын негизги темасы – француз колониячыларына каршы Вьетнам элинин күрөшүү тарыхы («Ким Донг», «Жубайлар А – Фу», «От океаны»). Вьетнам Демократиялык Республикасына каршы америкалык агрессия башталгандан кийин өлкөдө «Америка Кошмо Штаттарынын каракчылары», «Ханой, 5 күн кармашуу», «Шамал дарбазасынын жанында» деген даректүү тасмалар тартылган. 60–70-жылдарда согуш темасындагы көркөм фильмдер: «Жаш жоокер», «Нюи – сайгондук кыз», «17- параллель: күн-түн дебей» ж-а «Ханойлук кыз», «Апельсин багы», «Курман болгондун эстелик белеги» (1961; советтик прокатта – «Курман болгондун сувенири»), «Эки солдат» (1962), «Кичинекей Ким Донг» (1964), «Нгуен Ван Чой», «Бороон күчөөдө» (1966, экөө тең), «Тхам кыздын токою» (1970). Кээ бир тасмалар Москвада жана Карлови-Варидеги эл аралык кинофестивалдарда сыйлык алган. 1959-жылы Ханойдо улуттук киномектеп уюштурулган. Көркөм киностудия, хроникалдык-даректүү, мультипликациялык тасмалар жана кино көчүргүч фабрика иштеген.
Америкалыктардын агрессиясынын натыйжасында кино өндүрүшүнүн бөлүктөрү жунглиге көчүрүлгөн.Вьетнам Демократиялык Республикасынын көрүнүктүү актёрлору: Фи Нге, Нгок Лан, Нгуен Хонг Шэн, Ча Жанг, Туе Минь, Тху Хиен, Туй Винь. XVI кылымда музыкалык коом түзүлүп, вокалдык-аспаптык («Бо ня няк», кийинчерээк «Бо зяо фыонг» ыр жана бий коомуна айланган), «Дой ба лэнь» оркестри пайда болгон. Аспаптардан: үйлөмө – кхен (Пан флейтасынын бамбуктан жасалган түрү), дык, тиеу, шао бан, шао бау (түрдүү флейталар) жана башкалар; урма – чонг дай жана чонг тео (барабан) кеңири тараган. XIX кылымда «Няк Тянь» оркестри уюшулган. Түштүк Вьетнамда элдик театрдын негизинде вокалдык музыканын номурларын камтыган улуттук жарым профессионал театр негизделген.


XX кылымдын 30-жылдарында улуттук театр өнөрү өзгөчөлүгүнөн ажырап, европалык опералар коюлуп, европалык үлгүнү туураган. Француз колониячыларына каршы согуш жылдарында элдин эмгегине арналган ырларынын негизинде жаңы революциячыл ыр фольклору пайда болгон. Вьетнамдын операсында До Ньюандын «Ко-Шао» («Кыз-жылдыз»), Нгуен Суан Хоантанын «Чоң дарыя көпүрөсүнөн өтүү» чыгармалары көрүнүктүү орун ээлейт. Вьетнам Демократиялык Республикасынын көп музыканттары тео театрынын элдик обон-күүлөрүн чогултуп, жазып жана кайра иштеп чыгуунун негизинде түрдүү жанрдагы өз музыкасын түзүшкөн. 1955-жылы Ханойдо консерватория ачылган. Андан кийин улуттук музыкалык театр мектеби, орто ж-а жогорку музыкалык курстар, балдардын музыкалык мектептери негизделген. 1959-жылдан Ханойдо симфониялык оркестр, 1962-жылдан элдик аспаптар оркестри, ошондой эле мамлекеттик хор иштейт.
Ад.: Экономика и внешнеэкономические связи Вьетнама. М., 2001; Вьетнам: страна и люди. Ханой, 2002; Вьетнам//Большая Российская энциклопедия. Т. 6. М., 2006. Никулин Н. И. О периодизации вьетнамской литературы эпохи средневековья; Великий вьетнамский поэт Нуген Зу. М., 1965; Литературный энциклопедический словарь. М., 1987.