ДЕШТ-И КЫПЧАК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ДЕШТ-И КЫПЧА́К''' , К ы п ч а к т а л а а с ы – 11–16-к-дын жазма булактарынан белгилүү бол­гон, ''Борбордук Азиянын'' түн.-батышынан орун алган тарыхый-геогр. аймак. Түштүгүндө Аму- Дарыя м-н Сыр-Дарыянын төмөнкү алабынан баштап, түндүгү Урал тоолорунун жарымы, чы­гышында Батыш Алтай ж-а Иртыш өзөнүнүн эки өйүзү; батышы Дунайдын төмөнкү агымы­на чейинки жерлерди кучагына алган. Бул ата­лыш алгачкы ирет (1030) фарсы акыны На­сир-и Хосровдун дастанында эскерилет. Аймак­та башка калктар (огуз ж. б. тилдүү түрк уруу­лар, финн-угорлор ж. б.) жашаса да, кыпчак­тардын саясий ролунун өсүшүнөн улам фарсы тилинде Д.К. деп аталган. Орус жылнаама­ларында бул аймак «половец талаасы», «куман талаасы» деген ат м-н да белгилүү. Моӊгол чабуу­лунан кийин деле бул аймак өзүнүн атын сак­тап, Урал (Жайык) суусунун чыгыш жак бөлүгү Ак Ордого карайт. Бул аймакта жашашкан уруулардын көбү кийинчерээк О. Азия м-н Ка-
'''ДЕШТ-И КЫПЧА́К''' (Кыпчак талаасы, [[фарси]] тилинде Dašt-i qipčāq; каз. Дешті Қыпшақ; баш. Дәште Ҡыпсаҡ; ) – [[Евразия]]да орун алган тарыхый-географиялык кеңири аймак. Негизи түрк-огуз (таш, даш), фарси, урду, армян тилдеринде (дашт, дешт, дәшт) «таштак талаа, кумдуу чөл» деген мааниде колдонулган. «Дешт-и-Кипчак» деген термин алгач фарсы акыны На­сир [[Хосров]]дун «Жыйнактар» (Диван, 1030) деген эмгегинде жолугат. Кийинки (11–16-к.) жазма булактарда мындай аталыш [[Борбордук Азия]]нын түндүк-батышынан тарта түштүгү [[Аму-Дарыя]] менен [[Сыр-Дарыя]]нын төмөнкү алабы, түндүгү [[Урал]] тоолоруна жете, чы­гышы Батыш [[Алтай]] жана [[Иртыш]] өзөнү, батышы [[Дунай]]дын төмөнкү агымы – азыркы [[Болгария]]га чейинки жерлерди камтыган. Булардан мурунку араб авторлору (мис., [[ал-Истахри]] 318/321–930/933) [[Волга]] (Итил) чейинки аймакты «Огуздар чөлү» («Мафазат ил-гуз»)  деп аташкан. Иртыш өзөнүнүн жээктерин мекендеп жүргөн [[кыпчактар]] XI кылымдын баш ченинде саясий күчкө ээ болуп, акырындык менен батышка жылып, 1030-жылдары [[Хорезм]], андан (XII к.) Дунай дарыясына жеткен. Бул аймак­та башка калктар (огуз ж. б. тилдүү түрк уруу­лар, финн-угорлор ж. б.) жашаса да, кыпчак­тардын саясий ролунун өсүшүнө байланыштуу ДештКыпчак деген аталыш сакталып калган. Орто кылымдардагы орус жазма маалыматтарында бул аймак «половец талаасы», «куман талаасы», ал эми европалыктарда «Кумания» деген аталыш менен белгилүү болгон. XIII кылымда [[Чыңгыз-хан]]дын империясынын курамына карап, мындай аталыш дээрлик XIX к. чейин колдонулган. Бул аймакта жашашкан уруулардын көбү кийинчерээк [[Орто Азия]] менен [[Казакстан]] элдерин кураган [[түрк]] элдеринин кура­мына кирип, алардын этностук бөлүгүн түзгөн. Дешт-и-Кипчактын географиялык абалы, саясий жана тарыхый өнүгүшүнө [[Бартольд]] В. В., Семёнов A. A., Гафуров Б. Г., Иванов П. П., Иванов М. С., Петрушевский И. П. сыяктуу ж.б. белгилүү окумуштуу-илимпоздор көңүл бурган.
закстан элдерин кураган түрк элдеринин кура&shy;мына кирип, алардын этностук бөлүгүн түзгөн. <ParaBr>Ад.: ''Кудряшов К. В.'' Половецкая степь. М., 1948; ''Плетнева С. А.'' Половцы. М., 1990. ''О. Каратаев.'' [[Category: 3-том, 5-85 бб]]


Ад.: Заходер Б. Н. История восточного средневековья. М.,1944; Иванов П.П. Очерки по истории Средней Азии. М., 1958; Бартольд В. В. История турецко-монгольских народов.  Соч., т. V, М., 1968; Кляшторный С. Г., Султанов К. И. Казахстан: летопись трех тысячелетий. Алма-Ата, 1992.
''О. Каратаев.''
[[Category: 3-том, 5-85 бб]]

05:04, 30 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ДЕШТ-И КЫПЧА́К (Кыпчак талаасы, фарси тилинде Dašt-i qipčāq; каз. Дешті Қыпшақ; баш. Дәште Ҡыпсаҡ; ) – Евразияда орун алган тарыхый-географиялык кеңири аймак. Негизи түрк-огуз (таш, даш), фарси, урду, армян тилдеринде (дашт, дешт, дәшт) «таштак талаа, кумдуу чөл» деген мааниде колдонулган. «Дешт-и-Кипчак» деген термин алгач фарсы акыны На­сир Хосровдун «Жыйнактар» (Диван, 1030) деген эмгегинде жолугат. Кийинки (11–16-к.) жазма булактарда мындай аталыш Борбордук Азиянын түндүк-батышынан тарта түштүгү Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын төмөнкү алабы, түндүгү Урал тоолоруна жете, чы­гышы Батыш Алтай жана Иртыш өзөнү, батышы Дунайдын төмөнкү агымы – азыркы Болгарияга чейинки жерлерди камтыган. Булардан мурунку араб авторлору (мис., ал-Истахри 318/321–930/933) Волга (Итил) чейинки аймакты «Огуздар чөлү» («Мафазат ил-гуз»)  деп аташкан. Иртыш өзөнүнүн жээктерин мекендеп жүргөн кыпчактар XI кылымдын баш ченинде саясий күчкө ээ болуп, акырындык менен батышка жылып, 1030-жылдары Хорезм, андан (XII к.) Дунай дарыясына жеткен. Бул аймак­та башка калктар (огуз ж. б. тилдүү түрк уруу­лар, финн-угорлор ж. б.) жашаса да, кыпчак­тардын саясий ролунун өсүшүнө байланыштуу Дешт-и Кыпчак деген аталыш сакталып калган. Орто кылымдардагы орус жазма маалыматтарында бул аймак «половец талаасы», «куман талаасы», ал эми европалыктарда «Кумания» деген аталыш менен белгилүү болгон. XIII кылымда Чыңгыз-хандын империясынын курамына карап, мындай аталыш дээрлик XIX к. чейин колдонулган. Бул аймакта жашашкан уруулардын көбү кийинчерээк Орто Азия менен Казакстан элдерин кураган түрк элдеринин кура­мына кирип, алардын этностук бөлүгүн түзгөн. Дешт-и-Кипчактын географиялык абалы, саясий жана тарыхый өнүгүшүнө Бартольд В. В., Семёнов A. A., Гафуров Б. Г., Иванов П. П., Иванов М. С., Петрушевский И. П. сыяктуу ж.б. белгилүү окумуштуу-илимпоздор көңүл бурган.

Ад.: Заходер Б. Н. История восточного средневековья. М.,1944; Иванов П.П. Очерки по истории Средней Азии. М., 1958; Бартольд В. В. История турецко-монгольских народов.  Соч., т. V, М., 1968; Кляшторный С. Г., Султанов К. И. Казахстан: летопись трех тысячелетий. Алма-Ата, 1992.

О. Каратаев.