ЖУУКУ ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖУУКУ ӨРӨӨНҮ</b> Тескей Ала-Тоонун | <b type='title'>ЖУУКУ ӨРӨӨНҮ</b> Тескей Ала-Тоонун түндүк кап­талында жайгашкан. <i>Жууку</i> суусунун алабын ээлейт. Жети-Өгүз районунун аймагында. Узундугу 49 <i>км</i>, туурасы 0,3–4,0 <i>км</i>. Деңиз деңгээлинен 1800–4300 <i>м</i> бийикте. Төрү – байыркы мөңгүлөрдүн таасири­нен калыптанган тепши сымал өрөөн. Жууку суусунун бир курамы – Дүңгүрөмөнүн капчыгайы | ||
[[File:ЖУУКУ ӨРӨӨНҮ109.png | thumb | none]] | [[File:ЖУУКУ ӨРӨӨНҮ109.png | thumb | none]] | ||
түндүк-чыгыштан батышты карай Тескей Ала-Тоо­нун суу бөлгүчүнө жарыш 25 <i>км</i>ге созулат. Дүң­гүрөмө м-н Ашуу-Суу кошулгандан кийин Жууку өрөөнү түндүккө багытталып, терең капчыгайдын бүт­көн жеринде кызыл түстүү неоген тектерин ара­лап, Ысык-Көл ойдуңуна чыгат. Башталышы м-н орто чени кокту-колоттуу келип, бийик зоо­лор м-н курчалган. Айланасындагы тоолордун өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бийиктиги 800–1200 <i>м</i>. Өрөөндөгү мөңгүлөрдүн жалпы аян­ты 49,2 <i>км</i><sup>2</sup>. Ысык-Көлдүн таасиринен жайы салкын, кышы анча суук эмес. Январдын орточо температурасы –11°С, июлдуку 10,5°С. Жылдык жаан-чачыны 700–800 <i>мм</i>. Негизги суусу – Жуу­ку (куймалары: Ит-Тиш, Ашуу-Кашка-Суу, Жуу­кучак ж. б.). Байыркы муз каптоодон пайда бол­гон 11 көл бар. Эң ириси – Жууку ашуусунун этегиндеги <i>Чоконун көлү</i> (аянты 0,72 <i>км</i><sup>2</sup>). Тоо этегиндеги ж-а көл кылаасындагы кургак та­лаа акырындап бадал аралаш шалбаалуу талаа­га, андан бийигирээк карагай тилкесине суб­альп ж-а альп шалбаасына, субнивалдык, ни­валдык-гляциалдык ландшафттарга өтөт. Ка­рагай токою (2100–2200 <i>м</i>ден 2800–2900 <i>м</i>ге че­йин) тескейинде ж-а капчыгайдын таманы м-н оң капталында жыш өсөт. Сол капталы жапа­лак арча ж-а ксерофиттүү талаа өсүмдүктөрү м-н капталган. Шаркыратмалуу, калың кара­гайлуу кооз ландшафтынын рекреациялык маа­ниси чоң. Өрөөн – мамлекеттик заказник. Жууку өрөөнү аркы­луу байыркы мезгилде кербендер жүрүүчү, ки­йин Ысык-Көл өрөөнүн сырттагы жайлоолор м-н байланыштырган мал айдалуучу жол өтөт. | |||
өрөөндүн таманынан салыштырмалуу | [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
800–1200 <i>м</i>. Өрөөндөгү мөңгүлөрдүн жалпы аян­ты 49,2 <i>км</i><sup>2</sup>. Ысык-Көлдүн таасиринен жайы салкын, кышы анча суук эмес. Январдын | |||
05:59, 30 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖУУКУ ӨРӨӨНҮ Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында жайгашкан. Жууку суусунун алабын ээлейт. Жети-Өгүз районунун аймагында. Узундугу 49 км, туурасы 0,3–4,0 км. Деңиз деңгээлинен 1800–4300 м бийикте. Төрү – байыркы мөңгүлөрдүн таасиринен калыптанган тепши сымал өрөөн. Жууку суусунун бир курамы – Дүңгүрөмөнүн капчыгайы

түндүк-чыгыштан батышты карай Тескей Ала-Тоонун суу бөлгүчүнө жарыш 25 кмге созулат. Дүңгүрөмө м-н Ашуу-Суу кошулгандан кийин Жууку өрөөнү түндүккө багытталып, терең капчыгайдын бүткөн жеринде кызыл түстүү неоген тектерин аралап, Ысык-Көл ойдуңуна чыгат. Башталышы м-н орто чени кокту-колоттуу келип, бийик зоолор м-н курчалган. Айланасындагы тоолордун өрөөндүн таманынан салыштырмалуу бийиктиги 800–1200 м. Өрөөндөгү мөңгүлөрдүн жалпы аянты 49,2 км2. Ысык-Көлдүн таасиринен жайы салкын, кышы анча суук эмес. Январдын орточо температурасы –11°С, июлдуку 10,5°С. Жылдык жаан-чачыны 700–800 мм. Негизги суусу – Жууку (куймалары: Ит-Тиш, Ашуу-Кашка-Суу, Жуукучак ж. б.). Байыркы муз каптоодон пайда болгон 11 көл бар. Эң ириси – Жууку ашуусунун этегиндеги Чоконун көлү (аянты 0,72 км2). Тоо этегиндеги ж-а көл кылаасындагы кургак талаа акырындап бадал аралаш шалбаалуу талаага, андан бийигирээк карагай тилкесине субальп ж-а альп шалбаасына, субнивалдык, нивалдык-гляциалдык ландшафттарга өтөт. Карагай токою (2100–2200 мден 2800–2900 мге чейин) тескейинде ж-а капчыгайдын таманы м-н оң капталында жыш өсөт. Сол капталы жапалак арча ж-а ксерофиттүү талаа өсүмдүктөрү м-н капталган. Шаркыратмалуу, калың карагайлуу кооз ландшафтынын рекреациялык мааниси чоң. Өрөөн – мамлекеттик заказник. Жууку өрөөнү аркылуу байыркы мезгилде кербендер жүрүүчү, кийин Ысык-Көл өрөөнүн сырттагы жайлоолор м-н байланыштырган мал айдалуучу жол өтөт.