БАТЫШ ШАМАЛ АГЫМЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАТЫШ ШАМАЛ АГЫМЫ, ''' А н т а р к т и к а ц и р к у м п о л я р д ы к а г ы м ы – | '''БАТЫШ ШАМАЛ АГЫМЫ, ''' А н т а р к т и к а ц и р к у м п о л я р д ы к а г ы м ы – Түштүк жарым шардагы үстүӊкү суу агымы. Батыштан чыгышка карай 40° жана 55° түштүк кеӊдиктердин аралыгы боюнча Жер шарын курчап агат. Узундугу 30 миӊ ''км''ге чейин, туурасы 1000 ''км''дей. Агымдын үстүңкү катмарына бул кеӊдиктердеги батыш шамалдарынын таасири зор болгондуктан, көп бөлүгүндө океандын түбүнө чейинки суу катмары агымды коштойт. Агымдын өзөгү Атлантика, Инди жана Тынч океандардын түштүк бөлүгүндөгү салыштырмалуу жылуу сууну муздак антарктика суусунан бөлүп туруучу түштүк Уюл фронту менен дал келгендиктен, суунун үстүӊкү катмарынын температурасы өзгөрүлмөлүү: түндүк бөлүгүндө 12–15°С, түштүгүндө 1–2°С. Агымдын үстүӊкү катмарында ылдамдыгы 10–25 ''см/сек'', тереӊдиктегиси 10 ''см/сек''га чейин. Батыш шамал агымы Атлантика океанында Бенгела агымына, Инди океанында Батыш Австралия агымына, Тынч океанда Перу агымына тармактанып кетет. Батыш шамал агымынын зонасында катуу бороон тез-тез болуп тургандыктан, «улуган кыркынчы» кеӊдиктер деп аталат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
06:19, 30 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
БАТЫШ ШАМАЛ АГЫМЫ, А н т а р к т и к а ц и р к у м п о л я р д ы к а г ы м ы – Түштүк жарым шардагы үстүӊкү суу агымы. Батыштан чыгышка карай 40° жана 55° түштүк кеӊдиктердин аралыгы боюнча Жер шарын курчап агат. Узундугу 30 миӊ кмге чейин, туурасы 1000 кмдей. Агымдын үстүңкү катмарына бул кеӊдиктердеги батыш шамалдарынын таасири зор болгондуктан, көп бөлүгүндө океандын түбүнө чейинки суу катмары агымды коштойт. Агымдын өзөгү Атлантика, Инди жана Тынч океандардын түштүк бөлүгүндөгү салыштырмалуу жылуу сууну муздак антарктика суусунан бөлүп туруучу түштүк Уюл фронту менен дал келгендиктен, суунун үстүӊкү катмарынын температурасы өзгөрүлмөлүү: түндүк бөлүгүндө 12–15°С, түштүгүндө 1–2°С. Агымдын үстүӊкү катмарында ылдамдыгы 10–25 см/сек, тереӊдиктегиси 10 см/секга чейин. Батыш шамал агымы Атлантика океанында Бенгела агымына, Инди океанында Батыш Австралия агымына, Тынч океанда Перу агымына тармактанып кетет. Батыш шамал агымынын зонасында катуу бороон тез-тез болуп тургандыктан, «улуган кыркынчы» кеӊдиктер деп аталат.