ЖУУРАТ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖУУРАТ</b> – койдун ынак сүтүнөн уютулуп жа&shy;салган байыркы ак азыктардын бири. Аны эч&shy;кинин ж-а топоздун сүтүнөн уюткан учурлар да кезигет. Ж-ты уютуш үчүн бышырылган жылуу сүткө уютку (айран) кошуп, кылбат жерге жы&shy;луулап жаап коёт. Ж-тан жасалган сүзмөнү, ку&shy;рутту кышка сакташкан. Айрым жерде Ж-ты кууш челекке бышып, майын алып, бышмасын суусундукка ичишкен. Кээде ичилбей калган бышманы казанга кайнатып, сары суусун сарык&shy;тырып, курут жасашкан. Элдик медицинада Ж. эң кубаттуу азык катары бааланат. Эл арасында
<b type='title'>ЖУУРАТ</b> – койдун ынак сүтүнөн уютулуп жа&shy;салган байыркы ак азыктардын бири. Аны эч&shy;кинин жана топоздун сүтүнөн уюткан учурлар да кезигет. Жууратты уютуш үчүн бышырылган жылуу сүткө уютку (айран) кошуп, кылбат жерге жы&shy;луулап жаап коёт. Жуураттан жасалган сүзмөнү, ку&shy;рутту кышка сакташкан. Айрым жерде жууратты кууш челекке бышып, майын алып, бышмасын суусундукка ичишкен. Кээде ичилбей калган бышманы казанга кайнатып, сары суусун сарык&shy;тырып, курут жасашкан. Элдик медицинада жуурат эң кубаттуу азык катары бааланат. Эл арасында «Айран – алымдуу оокат, жуурат – жугумдуу оокат» деген макал ошондон улам айтылса керек. [[Категория:3-том, 327-448 бб]]
«Айран – алымдуу оокат, жуурат – жугумдуу оокат» деген макал ошондон улам айтылса керек. [[Категория:3-том, 327-448 бб]]
 

07:43, 30 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

ЖУУРАТ – койдун ынак сүтүнөн уютулуп жа­салган байыркы ак азыктардын бири. Аны эч­кинин жана топоздун сүтүнөн уюткан учурлар да кезигет. Жууратты уютуш үчүн бышырылган жылуу сүткө уютку (айран) кошуп, кылбат жерге жы­луулап жаап коёт. Жуураттан жасалган сүзмөнү, ку­рутту кышка сакташкан. Айрым жерде жууратты кууш челекке бышып, майын алып, бышмасын суусундукка ичишкен. Кээде ичилбей калган бышманы казанга кайнатып, сары суусун сарык­тырып, курут жасашкан. Элдик медицинада жуурат эң кубаттуу азык катары бааланат. Эл арасында «Айран – алымдуу оокат, жуурат – жугумдуу оокат» деген макал ошондон улам айтылса керек.