ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ</b> (1635–1758) – 17- | <b type='title'>ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ</b> (1635–1758) – 17-кылымдын 1-жарымында Батыш Моңголияда түзүлгөн ой­рот мамлекети. Тарыхый маалыматтар боюнча oyir-a (жакын), derben (төрт) деген түшүнүк м-н 15-кылымда ойроттор же «чорос» (жорос), «хошут» (хошоут), «тыргоот» (торгоут), «дөрбөт» (дербет) аталган төрт чоң уруу өз алдынча этностук, сая­сий конфедерация түзүшкөн деп айтылса, экин­чи көз караш боюнча ойрот «токой адамдары» де­генди билдирет. Адегенде моңгол урууларынын ханы – Чыңгыз хандын тукумуна баш ийип, 16–17-кылымдарда чыгышынан моңгол хандары, баты­шынан Моголстан мамлекети м-н тынымсыз күрөш жүргүзүп турган. 16-кылымдын аягында Ир­тыш дарыясынын жогору жагында тайшы (князь) Саин-Сэрден башында турган тыргоот уруусу, ба­тышында Каракулдун (Кара-Кула) кол алдын­дагы чоростор, аларга жакын Саин-Тэбенеге ка­раштуу дөрбөттөр, Нарынколдо (Алтай) Байба­гыш (Байбагас) ханга тиешелүү хошуттар ту­рушкан. 1619–21-жылдарда халхас ханы Жолой-Ууба­шы (Алтан хан) коңтаажы, 1628–29-жылдарда анын баласы Омбо-Эрдене бул урууларга чабуул коюп, аёосуз кырган. Натыйжада тыргооттор м-н дөр­бөттөрдүн көбү Волга жээгине жер которуп ке­тишкен (к. <i>Калмакстан</i>). 17-кылымдын орто ченин­де алардын түштүк-батышындагы коңшусу Могол­станда саясий бытырандылык башталып, майда хандыктар м-н султандыктардын түзүлүшү, чы­гышында жайгашкан Халха хандыгынын ал­сырашы, түштүк жагындагы күчтүү хандык – Ча­хар хандыгынын жоюлушу ойроттордун күчтө­нүшүнө алып келген. 1634-жылы Каракул өлүп, анын ордун уулу Куту-Көчүн баатыр (Хуту-Ко­цин-Батур) ээлеп, жаңы хандык негизделет. 1640-жылы ойрот конфедерациясына кирген уруу-[[File:ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ97.png | thumb | XVII кылымдын башындагы Жуңгар хандыгынын картасы. Картаны согуш туткуну И.-Г. Ренатка Жуң­гар ханы И. Эрен берген. Азыр Упсала шаарындагы (Шве­ция) университеттин китепканасында сакталып турат.]] | ||
1-жарымында Батыш Моңголияда түзүлгөн ой­рот мамлекети. Тарыхый маалыматтар | лар Тарбагатайда курултай өткөрүп, жаңы мам­лекеттин негизин түзгөн «Жалпы моңгол-ойрот мыйзамын» («Цааджин бичиг») кабыл алган. Хандык бийлик чексиз болуп, атадан балага му­рас катары калган. Куту-Көчүн өлгөндөн кийин (1653) артында он бала калып, ордуна ортончу уулу Сеңге отурган. Алар эки жаатка бөлүнүп, Байбагыш хандын уулу Аблай-тайшылар «Оң жак хандыкты» («Баруң кар»; калмак тилинде «баруң» – оң, «кар» – кол, каруу) түзүшкөн.<br>Ага жооп кылган Сеңге тарабындагылар же «Сол | ||
[[File:ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ98.png | thumb | «Россия менен зюнгарлардын талаш жерин тактоо үчүн» Л. Д. Угримов 1737-жылы тарткан картанын кө­чүрмөсү. В. А. Моисеевдин өздүк архивинде сакта­лып турат.]] | |||
жак хандык» («Жуңгария»; «зуң» – сол, ошол кездеги орус документтери боюнча «зюнгарлар», «Зюнгария») деген атка ээ болгон. Жуңгар хандыгы күчтөнө баштаганда, Жолой-Уубашы түзгөн Алтан-хан мамлекети жоюлган (1667). Сеңге бир тууганда­ры Баатыр, Чечен тайшылар колдуу болуп өлгөндө, анын ордун башка бир тууганы Гал­дан Бошокту (1671–97) алат. Жуңгар хандыгы Араптан­дын (Цеван-Раптан) тушунда (1697–1727) аябай өнүккөн. Ал Далай-ламанын колунан «Эрдене-Жүрөктүү-Баатыр коңтаажы» (Эрдени-Журюк­ту-Батыр-контайши) деген наам алган. Андан кийинки Жуңгар хандыгын Галдан Цэрен (1727–45), Це­ван-Доржи Намжил Ажа-хан (1745–50), Лама Доржи (1750–53), Дабачы (1753–55), Амирсана­лар (1755–57) башкарган. Азыркы Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жайгашкан жерлер Жуңгар хандыгы тарабынан 1643-, 1658-, 1681–84-, 1711–12-, 1714-,1717-, 1723-, 1725-, 1739–41-жылдарда аёосуз чабуул­дарга дуушар болгон. Галдан Цэрен өлгөндөн кийин негизинен кыргыз, казактардын, өзгөчө Цин империясынын кийлигишүүсүнөн улам ж-а ич ара карама-каршылыктардын күчөшү, саясий-экономикалык кризистер Жуңгар хандыгын алсыроого алып келген. 1758-жылы Жуңгар хандыгы күч м-н Цин империясы­нын курамына киргизилген. | |||
Ад.: <i>Златкин И. Я.</i> История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-е изд. М., 1983; | |||
<i>Бичурин Н. Я.</i>Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, Т. 1; <i>Гол­стунский К. Ф.</i> Монголо-ойратские законы 1640 г. СПБ., 1880; <i>Моисеев В. А.</i> Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; <i>Сапаралиев Д.</i> Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995. | |||
Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, Т. 1; <i>Гол­стунский К. Ф.</i> Монголо-ойратские законы 1640 г. СПБ., 1880; <i>Моисеев В. А.</i> Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; <i>Сапаралиев Д.</i> Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995. | |||
<i>Э. Турганбаев.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
08:12, 30 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ (1635–1758) – 17-кылымдын 1-жарымында Батыш Моңголияда түзүлгөн ойрот мамлекети. Тарыхый маалыматтар боюнча oyir-a (жакын), derben (төрт) деген түшүнүк м-н 15-кылымда ойроттор же «чорос» (жорос), «хошут» (хошоут), «тыргоот» (торгоут), «дөрбөт» (дербет) аталган төрт чоң уруу өз алдынча этностук, саясий конфедерация түзүшкөн деп айтылса, экинчи көз караш боюнча ойрот «токой адамдары» дегенди билдирет. Адегенде моңгол урууларынын ханы – Чыңгыз хандын тукумуна баш ийип, 16–17-кылымдарда чыгышынан моңгол хандары, батышынан Моголстан мамлекети м-н тынымсыз күрөш жүргүзүп турган. 16-кылымдын аягында Иртыш дарыясынын жогору жагында тайшы (князь) Саин-Сэрден башында турган тыргоот уруусу, батышында Каракулдун (Кара-Кула) кол алдындагы чоростор, аларга жакын Саин-Тэбенеге караштуу дөрбөттөр, Нарынколдо (Алтай) Байбагыш (Байбагас) ханга тиешелүү хошуттар турушкан. 1619–21-жылдарда халхас ханы Жолой-Уубашы (Алтан хан) коңтаажы, 1628–29-жылдарда анын баласы Омбо-Эрдене бул урууларга чабуул коюп, аёосуз кырган. Натыйжада тыргооттор м-н дөрбөттөрдүн көбү Волга жээгине жер которуп кетишкен (к. Калмакстан). 17-кылымдын орто ченинде алардын түштүк-батышындагы коңшусу Моголстанда саясий бытырандылык башталып, майда хандыктар м-н султандыктардын түзүлүшү, чыгышында жайгашкан Халха хандыгынын алсырашы, түштүк жагындагы күчтүү хандык – Чахар хандыгынын жоюлушу ойроттордун күчтөнүшүнө алып келген. 1634-жылы Каракул өлүп, анын ордун уулу Куту-Көчүн баатыр (Хуту-Коцин-Батур) ээлеп, жаңы хандык негизделет. 1640-жылы ойрот конфедерациясына кирген уруу-

лар Тарбагатайда курултай өткөрүп, жаңы мамлекеттин негизин түзгөн «Жалпы моңгол-ойрот мыйзамын» («Цааджин бичиг») кабыл алган. Хандык бийлик чексиз болуп, атадан балага мурас катары калган. Куту-Көчүн өлгөндөн кийин (1653) артында он бала калып, ордуна ортончу уулу Сеңге отурган. Алар эки жаатка бөлүнүп, Байбагыш хандын уулу Аблай-тайшылар «Оң жак хандыкты» («Баруң кар»; калмак тилинде «баруң» – оң, «кар» – кол, каруу) түзүшкөн.
Ага жооп кылган Сеңге тарабындагылар же «Сол

жак хандык» («Жуңгария»; «зуң» – сол, ошол кездеги орус документтери боюнча «зюнгарлар», «Зюнгария») деген атка ээ болгон. Жуңгар хандыгы күчтөнө баштаганда, Жолой-Уубашы түзгөн Алтан-хан мамлекети жоюлган (1667). Сеңге бир туугандары Баатыр, Чечен тайшылар колдуу болуп өлгөндө, анын ордун башка бир тууганы Галдан Бошокту (1671–97) алат. Жуңгар хандыгы Араптандын (Цеван-Раптан) тушунда (1697–1727) аябай өнүккөн. Ал Далай-ламанын колунан «Эрдене-Жүрөктүү-Баатыр коңтаажы» (Эрдени-Журюкту-Батыр-контайши) деген наам алган. Андан кийинки Жуңгар хандыгын Галдан Цэрен (1727–45), Цеван-Доржи Намжил Ажа-хан (1745–50), Лама Доржи (1750–53), Дабачы (1753–55), Амирсаналар (1755–57) башкарган. Азыркы Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жайгашкан жерлер Жуңгар хандыгы тарабынан 1643-, 1658-, 1681–84-, 1711–12-, 1714-,1717-, 1723-, 1725-, 1739–41-жылдарда аёосуз чабуулдарга дуушар болгон. Галдан Цэрен өлгөндөн кийин негизинен кыргыз, казактардын, өзгөчө Цин империясынын кийлигишүүсүнөн улам ж-а ич ара карама-каршылыктардын күчөшү, саясий-экономикалык кризистер Жуңгар хандыгын алсыроого алып келген. 1758-жылы Жуңгар хандыгы күч м-н Цин империясынын курамына киргизилген.
Ад.: Златкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-е изд. М., 1983;
Бичурин Н. Я.Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, Т. 1; Голстунский К. Ф. Монголо-ойратские законы 1640 г. СПБ., 1880; Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995.
Э. Турганбаев.