ЖЫЛАМЫШ КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫЛАМЫШ КӨРҮСТӨНҮ</b> – б. з. ч. 3- | <b type='title'>ЖЫЛАМЫШ КӨРҮСТӨНҮ</b> – б. з. ч. 3-кылым – б. з. 5-кылымында усун урууларынан калган мүрзөлөр. Со­кулук районундагы Жыламыш суусунун батыш тарабындагы тектирде жайгашкан. Жыламыш көрүстөнүндөгү бир нече мүрзө айыл чарба иштеринин жүрүшүндө тал­каланган. Мүрзө дөбөлөрү таш ж-а топурак үйүндүсүнөн туруп, түндүктөн түштүктү карай тизмектешип жайгашкан. Мүрзөлөрдүн бийиктиги 0,10–1,15 <i>см</i>, диаметри 5–16 <i>м</i>. Маркумдардын сөөктөрү бурчтуу казылган аңдарга ж-а жар­ма көрлөргө чалкасынан жаткырылып, башы түндүк-батышка каратылып коюлган. Көрүстөнгө коюлган адамдардын антропологиялык түзүлүшүндө ев­ропеоид ж-а монголоид тибиндеги аралашмалар­дын белгилери бар. Көрүстөндөн карапа идиш­тер, кездеме калдыгы, темир канжар, бычак, сөөктөн жасалган жаа бастырмалары, алтын жалатылган курдун тогоосу ж-а маркумга ба­гышталып союлган малдын сөөктөрү табыл­ган. 1963-жылы археолог А. Абетеков ачкан ж-а изилдеген. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
5- | |||
үйүндүсүнөн туруп, түндүктөн түштүктү карай | |||
тизмектешип жайгашкан. Мүрзөлөрдүн | |||
05:00, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛАМЫШ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 3-кылым – б. з. 5-кылымында усун урууларынан калган мүрзөлөр. Сокулук районундагы Жыламыш суусунун батыш тарабындагы тектирде жайгашкан. Жыламыш көрүстөнүндөгү бир нече мүрзө айыл чарба иштеринин жүрүшүндө талкаланган. Мүрзө дөбөлөрү таш ж-а топурак үйүндүсүнөн туруп, түндүктөн түштүктү карай тизмектешип жайгашкан. Мүрзөлөрдүн бийиктиги 0,10–1,15 см, диаметри 5–16 м. Маркумдардын сөөктөрү бурчтуу казылган аңдарга ж-а жарма көрлөргө чалкасынан жаткырылып, башы түндүк-батышка каратылып коюлган. Көрүстөнгө коюлган адамдардын антропологиялык түзүлүшүндө европеоид ж-а монголоид тибиндеги аралашмалардын белгилери бар. Көрүстөндөн карапа идиштер, кездеме калдыгы, темир канжар, бычак, сөөктөн жасалган жаа бастырмалары, алтын жалатылган курдун тогоосу ж-а маркумга багышталып союлган малдын сөөктөрү табылган. 1963-жылы археолог А. Абетеков ачкан ж-а изилдеген.