ЖЫЛКЫЧЫЛЫК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫЛКЫЧЫЛЫК</b> – кыргыздын кыз узатууда­гы эски салттарынын бири. Кыздын | <b type='title'>ЖЫЛКЫЧЫЛЫК</b> – кыргыздын кыз узатууда­гы эски салттарынын бири. Кыздын жана кызды алып кетип жаткан тараптын аттарын багып, ээрин токуп, аткарышкандардын акысы иретин­де күйөө бала тарап кыздын ага-инилерине ба­гыштап мал беришкен. Узатуучу тараптын жигиттери жылкычылыкка ыраазы болушуп, күйөө, кудалар­ды бир кыйла жерге узатып чыгышкан. Ыраа­зы болушпаса, аттардын ооздуктарын салбай, үзөңгү боонун учун төңөлүгүнөн чыгарып, бир аз бастырган соң түшүп кеткидей кылып илеш­тирип, көрпөчөнүн үстүңкү кабатына тикенек төшөп, басмайылды өтө бош тартып, эптеп атка­рып жиберишкен. Мындай «сый» көрүү өтө уят, учу-кыйырга таркалчу шылдың болгондуктан, жылкычылыкка бөтөнчө көңүл бөлүнгөн. Кыз узагандан кийин конок узатышкан жигиттердин баары жылкычылыкты тең бөлүп алышкан. Бул салт айрым жер­лерде «ж ы л к ы ч ы к о й» деп да аталат. Учурда жылкычылык ырымы үйлөнүү тойлорунда сейрек колдонулат. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
үзөңгү боонун учун төңөлүгүнөн чыгарып, бир аз бастырган соң түшүп кеткидей кылып илеш­тирип, көрпөчөнүн үстүңкү кабатына тикенек төшөп, басмайылды өтө бош тартып, эптеп атка­рып жиберишкен. Мындай «сый» көрүү өтө уят, учу-кыйырга таркалчу шылдың болгондуктан, | |||
09:27, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛКЫЧЫЛЫК – кыргыздын кыз узатуудагы эски салттарынын бири. Кыздын жана кызды алып кетип жаткан тараптын аттарын багып, ээрин токуп, аткарышкандардын акысы иретинде күйөө бала тарап кыздын ага-инилерине багыштап мал беришкен. Узатуучу тараптын жигиттери жылкычылыкка ыраазы болушуп, күйөө, кудаларды бир кыйла жерге узатып чыгышкан. Ыраазы болушпаса, аттардын ооздуктарын салбай, үзөңгү боонун учун төңөлүгүнөн чыгарып, бир аз бастырган соң түшүп кеткидей кылып илештирип, көрпөчөнүн үстүңкү кабатына тикенек төшөп, басмайылды өтө бош тартып, эптеп аткарып жиберишкен. Мындай «сый» көрүү өтө уят, учу-кыйырга таркалчу шылдың болгондуктан, жылкычылыкка бөтөнчө көңүл бөлүнгөн. Кыз узагандан кийин конок узатышкан жигиттердин баары жылкычылыкты тең бөлүп алышкан. Бул салт айрым жерлерде «ж ы л к ы ч ы к о й» деп да аталат. Учурда жылкычылык ырымы үйлөнүү тойлорунда сейрек колдонулат.