ДИАЛЕКТИКА: нускалардын айырмасы
vol_3>KadyrM No edit summary |
мNo edit summary |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДИАЛЕ́КТИКА''' (гр. dialektike – аӊгеме жүргүзөм, ой калчайм, сөзмө-сөз — аӊгемелешүү, маек куруу чеберчилиги) – дүйнөнү таанып-билүүнүн жалпыга таандык методологиясы | '''ДИАЛЕ́КТИКА''' (гр. dialektike – аӊгеме жүргүзөм, ой калчайм, сөзмө-сөз — аӊгемелешүү, маек куруу чеберчилиги) – дүйнөнү таанып-билүүнүн жалпыга таандык методологиясы жана теориясы. Антикалык философияда дүйнөдөгү бардык нер­селер тынымсыз өзгөрүү абалында экенин, мын­дай аккан дүйнөнүн өнүгүүнүн жүрүшүндө өзүнүн карама-каршысына өтүүчү ролун көрүшкөн. «Диалектика» терминин алгачкы жолу элейлик философ Зе­нон колдонгон. Аристотелдин өзүнүн ырастоо­сунда диалектика – бул талаш-тартыштын каражаты менен же карама-каршы пикирлерди талкууга алуу жолу менен акыйкатка жетүү өнөрү. Гегелдин диалектикасында ар бир нерсе өзүнө-өзү теӊ, жана ошол эле убакта ал өзү-өзүнө барабар эмес, ал бир түрдүү, бүтүн да, ошол эле учурда көп тарамдуу, татаал түзүлүш да, бир жагынан өлбөс-өчпөс, түбөлүктүү болсо, ошону менен бирге өтүп кетүүчү, убактылуу, утурумдук көрүнүш. Ошондон улам диалектика дүйнөнү таанып-билүүнүн баарына таандык философиянын жалпы методологиясы болуп эсептелет. Философиянын тарыхында «диалектика» термининин айланасында ар түрдүү чечмелөөлөр, түшүндүр­мөлөр болуп келген: бир даары аны «диалог өнөрү» десе, да бирлери карама-каршы пикир­лерди күрөштүрүү жолу менен акыйкатка жетүү (Сократ), же нерселердин маӊыздарынын сезим чегинен тышкаркы (идеалдуу) жагына жетүү максатында түшүнүктөрдү бөлүк-бөлүктөргө бөлүү ыгы жана байланыштыруу жолу (Платон), нерсени толук бойдон, абсолюттуу билүүгө ки­ришүүнүн жүрүшүндө сөзсүз болуучу каршылык­тардын натыйжасында улам келип чыккан адам акыл-эсинин бурмаланган түшүнүгүн бузуп-кый­ратуу ыкмасы (И. Кант. «Трансценталдык диалектика») деп эсептешкен. Ал эми Г. В. Ф. Гегель филосо­фиянын тарыхында баарын кеӊири камтыган диалектиканын жалпы, универсалдуу системасын бирин­чи жолу жараткан. | ||
Философиянын тарыхында | |||
өнөрү» десе, да бирлери карама-каршы пикир­лерди күрөштүрүү жолу | |||
(Сократ), же нерселердин маӊыздарынын сезим | |||
чегинен тышкаркы (идеалдуу) жагына жетүү максатында түшүнүктөрдү бөлүк-бөлүктөргө бөлүү ыгы | |||
''Т. Абдылдабеков.'' | |||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] |
09:34, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ДИАЛЕ́КТИКА (гр. dialektike – аӊгеме жүргүзөм, ой калчайм, сөзмө-сөз — аӊгемелешүү, маек куруу чеберчилиги) – дүйнөнү таанып-билүүнүн жалпыга таандык методологиясы жана теориясы. Антикалык философияда дүйнөдөгү бардык нерселер тынымсыз өзгөрүү абалында экенин, мындай аккан дүйнөнүн өнүгүүнүн жүрүшүндө өзүнүн карама-каршысына өтүүчү ролун көрүшкөн. «Диалектика» терминин алгачкы жолу элейлик философ Зенон колдонгон. Аристотелдин өзүнүн ырастоосунда диалектика – бул талаш-тартыштын каражаты менен же карама-каршы пикирлерди талкууга алуу жолу менен акыйкатка жетүү өнөрү. Гегелдин диалектикасында ар бир нерсе өзүнө-өзү теӊ, жана ошол эле убакта ал өзү-өзүнө барабар эмес, ал бир түрдүү, бүтүн да, ошол эле учурда көп тарамдуу, татаал түзүлүш да, бир жагынан өлбөс-өчпөс, түбөлүктүү болсо, ошону менен бирге өтүп кетүүчү, убактылуу, утурумдук көрүнүш. Ошондон улам диалектика дүйнөнү таанып-билүүнүн баарына таандык философиянын жалпы методологиясы болуп эсептелет. Философиянын тарыхында «диалектика» термининин айланасында ар түрдүү чечмелөөлөр, түшүндүрмөлөр болуп келген: бир даары аны «диалог өнөрү» десе, да бирлери карама-каршы пикирлерди күрөштүрүү жолу менен акыйкатка жетүү (Сократ), же нерселердин маӊыздарынын сезим чегинен тышкаркы (идеалдуу) жагына жетүү максатында түшүнүктөрдү бөлүк-бөлүктөргө бөлүү ыгы жана байланыштыруу жолу (Платон), нерсени толук бойдон, абсолюттуу билүүгө киришүүнүн жүрүшүндө сөзсүз болуучу каршылыктардын натыйжасында улам келип чыккан адам акыл-эсинин бурмаланган түшүнүгүн бузуп-кыйратуу ыкмасы (И. Кант. «Трансценталдык диалектика») деп эсептешкен. Ал эми Г. В. Ф. Гегель философиянын тарыхында баарын кеӊири камтыган диалектиканын жалпы, универсалдуу системасын биринчи жолу жараткан.
Т. Абдылдабеков.