ЖЫЛУУЛУК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫЛУУЛУК</b> — 1) материя кыймылынын бир түрү; 2) нерселерди түзүп турган микробө­лүкчөлөрдүн (атом, молекула, фотон ж. б.) ирет­сиз кыймылы; 3) энергиянын жылуулук алма­шуу аркылуу бир нерседен экинчи нерсеге өтүү процесси же берилген жылуулук саны. | <b type='title'>ЖЫЛУУЛУК</b> — 1) материя кыймылынын бир түрү; 2) нерселерди түзүп турган микробө­лүкчөлөрдүн (атом, молекула, фотон ж. б.) ирет­сиз кыймылы; 3) энергиянын жылуулук алма­шуу аркылуу бир нерседен экинчи нерсеге өтүү процесси же берилген жылуулук саны. Жылуулук ал­машууда система кабыл алган же бөлүп берген энергия саны – жылуулуктун сандык ченеми. Жумуш м-н бирге жылуулук саны – системанын ички энергия­сынын өзгөрүү ченеми. Жылуулук алмашууда система­нын ички энергиясы системанын молекулала­ры м-н аны курчаган нерселердин молекулала­рынын түздөн-түз өз ара аракеттенүүсүнүн на­тыйжасында өзгөрөт. Нерсе бөлүкчөлөрүнүн иретсиз кыймылдагы энергиясы жылуулук энергиясы деп аталат. Жылуулук энергиясы зат молекулалары­нын иретсиз алга жылуу, айлануу ж-а атом­дордун молекула ичиндеги термелүү кыймыл­дарынын суммасынан турат. Жылуулук кыймылынын закон ченеми термодинамикада, статистикалык физикада ж. б. каралат. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
10:07, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛУУЛУК — 1) материя кыймылынын бир түрү; 2) нерселерди түзүп турган микробөлүкчөлөрдүн (атом, молекула, фотон ж. б.) иретсиз кыймылы; 3) энергиянын жылуулук алмашуу аркылуу бир нерседен экинчи нерсеге өтүү процесси же берилген жылуулук саны. Жылуулук алмашууда система кабыл алган же бөлүп берген энергия саны – жылуулуктун сандык ченеми. Жумуш м-н бирге жылуулук саны – системанын ички энергиясынын өзгөрүү ченеми. Жылуулук алмашууда системанын ички энергиясы системанын молекулалары м-н аны курчаган нерселердин молекулаларынын түздөн-түз өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында өзгөрөт. Нерсе бөлүкчөлөрүнүн иретсиз кыймылдагы энергиясы жылуулук энергиясы деп аталат. Жылуулук энергиясы зат молекулаларынын иретсиз алга жылуу, айлануу ж-а атомдордун молекула ичиндеги термелүү кыймылдарынын суммасынан турат. Жылуулук кыймылынын закон ченеми термодинамикада, статистикалык физикада ж. б. каралат.