ДАНИЯ ТИЛИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
мNo edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДА́НИЯ ТИЛИ''' , д а н т и л и – Даниянын | '''ДА́НИЯ ТИЛИ''' , д а н т и л и – Даниянын расмий тили. 16–19-кылымдарда Дания тили Норвегиянын да расмий тили болгон. Ал герман тобундагы тил­дердин скандинавия (түндүк герман) топчосуна ки­рет. Дания тилинин тарыхы үч мезгилди камтыйт: жал­пы скандинавиялык түпкү тил (3–9-кылым), байыр­кы Дания тили (9–16-кылымдар), жаӊы Дания тили (16–20-кылымдар). Жаӊы Дания тилине азыркы (20–21-кылымдар) Дания тили кошулуп кетет. Дания тили ютланддык (түндүк-чыгыш, түштүк-батыш), ара­лык (зеландиялык, фюндук ж. б.), чыгыш да­ниялык (борнхольмдук, скондук ж. б.) деп үч топко бөлүнөт. Адабий тили зеландия диалек­тисинде калыптанган. Грамматикалык жана сөздүк ку­рамы боюнча түндүк норвег тилине жакын. Дания тилинин жазуусу латын графикасы боюнча түзүлгөн. | ||
расмий тили. 16–19- | [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
10:17, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
ДА́НИЯ ТИЛИ , д а н т и л и – Даниянын расмий тили. 16–19-кылымдарда Дания тили Норвегиянын да расмий тили болгон. Ал герман тобундагы тилдердин скандинавия (түндүк герман) топчосуна кирет. Дания тилинин тарыхы үч мезгилди камтыйт: жалпы скандинавиялык түпкү тил (3–9-кылым), байыркы Дания тили (9–16-кылымдар), жаӊы Дания тили (16–20-кылымдар). Жаӊы Дания тилине азыркы (20–21-кылымдар) Дания тили кошулуп кетет. Дания тили ютланддык (түндүк-чыгыш, түштүк-батыш), аралык (зеландиялык, фюндук ж. б.), чыгыш даниялык (борнхольмдук, скондук ж. б.) деп үч топко бөлүнөт. Адабий тили зеландия диалектисинде калыптанган. Грамматикалык жана сөздүк курамы боюнча түндүк норвег тилине жакын. Дания тилинин жазуусу латын графикасы боюнча түзүлгөн.