КАЗЫБЕК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
мNo edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЗЫБЕК</b> Мамбетемин уулу, К а з ы б е к к а­з а л ч ы (1901, азыркы Нарын | <b type='title'>КАЗЫБЕК</b> Мамбетемин уулу, К а з ы б е к к а­з а л ч ы (1901, азыркы Нарын облусу, Ат-Башы району, Чет-Келтебек жайлоосу – өлгөн жылы белгисиз) – казалчы. Жаш кезинде молдодон окуп, жаза билген, сабаты диний багытта ачылган. Атасы Мамбетемин үч жыл болушка катчы болуп, анан бий шайланган. Атасы Казыбектин ырчылык жөндөм­-шыгын байкап, ырдаганына каршы чыгып, катуу тыюу салган. 1929-жылы бай-манаптын өкүлү катары кулакка тартылып (атасы менен бирге), Оренбург шаарына айдалган. Казыбектин ырчылык өнөрү советтик түзүлүштүн орношу, бай-манаптын өкүлү ка­тары сүргүнгө айдалышы менен чыккан. Сүргүнгө айдалгандар жөө-жалаңдап Оренбургга барган­дан кийин «Атасы үчүн баласы жооп бербейт» деген ошол кездеги мыйзамга ылайык 1930-жылы бошотулуп, Ак-Талаадагы кайындарына келип туруп калган. Эл кадырлап күтүп, баркы көтөрүлүп турган учурунда араздашкан эки уруунун капшабы менен кайрадан күнөөлөнгөн. 1931-жылы өз айылына келип, ошол эле жылы бас­мачыларга кошулуп, Кытай тарапка кеткен. Какшаал жергесинде качкын абалында үч жыл­га жакын жашап, 1934-жылы Кытайдан кайра Кыргызстанга өтүп келе жатканда кармалып, 1935-жылы атууга өкүм кылынган. Бирок өкүм 10 жылдык түрмө менен алмаштырылып, Өзбекстан­дын Чирчик деген жеринде түрмөдө болгон. Анын кайтыш болгону жөнүндө карама-каршылык­туу маалыматтар айтылат. Бирлери совет бий­лигин, Октябрь революциясын мактаган ырларынын аркасы менен түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошо­тулуп, жолдо келе жатканда каза болгон деш­се, айрым маалыматтарга, айрыкча ырларын­дагы кээ бир маалыматтарга караганда 1938-жылы каза болгон. Анын бүткүл өмүрү кордук, ачуу ыза, эл-жерден алыста арман менен өтүп, тубаса талантын толук ачып бере албай, мүмкүнчүлүгүн өзү каалагандай жүзөгө ашыра албай кеткен. Анын «Орунбордон каты» элге кеңири тараган. Казыбектин дээрлик бүт өмүрү эли-жеринен алыста жапа чегип, жабыр тартуу менен өтсө, анын ка­залдары да андан өткөн оор тагдырга кабыл­ган. Совет мезгилинде анын ырларын айтмак түгүл, атын атаганга тыюу салынган. Ошондой болсо да анын ырлары бүгүнкү күнгө чейин эл арасында оозеки сакталып, түшүнүктүүлүгүнөн, жугумдуулугунан улам ар бир адамдын жүрө­гүнөн түнөк таап келатат. Ысмы өзү туулган айылга жана Ат-Башы айылындагы орто мек­тепке берилген. | ||
9 сап: | 6 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>Ы. Кадыров.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Ы. Кадыров.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
11:09, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАЗЫБЕК Мамбетемин уулу, К а з ы б е к к аз а л ч ы (1901, азыркы Нарын облусу, Ат-Башы району, Чет-Келтебек жайлоосу – өлгөн жылы белгисиз) – казалчы. Жаш кезинде молдодон окуп, жаза билген, сабаты диний багытта ачылган. Атасы Мамбетемин үч жыл болушка катчы болуп, анан бий шайланган. Атасы Казыбектин ырчылык жөндөм-шыгын байкап, ырдаганына каршы чыгып, катуу тыюу салган. 1929-жылы бай-манаптын өкүлү катары кулакка тартылып (атасы менен бирге), Оренбург шаарына айдалган. Казыбектин ырчылык өнөрү советтик түзүлүштүн орношу, бай-манаптын өкүлү катары сүргүнгө айдалышы менен чыккан. Сүргүнгө айдалгандар жөө-жалаңдап Оренбургга баргандан кийин «Атасы үчүн баласы жооп бербейт» деген ошол кездеги мыйзамга ылайык 1930-жылы бошотулуп, Ак-Талаадагы кайындарына келип туруп калган. Эл кадырлап күтүп, баркы көтөрүлүп турган учурунда араздашкан эки уруунун капшабы менен кайрадан күнөөлөнгөн. 1931-жылы өз айылына келип, ошол эле жылы басмачыларга кошулуп, Кытай тарапка кеткен. Какшаал жергесинде качкын абалында үч жылга жакын жашап, 1934-жылы Кытайдан кайра Кыргызстанга өтүп келе жатканда кармалып, 1935-жылы атууга өкүм кылынган. Бирок өкүм 10 жылдык түрмө менен алмаштырылып, Өзбекстандын Чирчик деген жеринде түрмөдө болгон. Анын кайтыш болгону жөнүндө карама-каршылыктуу маалыматтар айтылат. Бирлери совет бийлигин, Октябрь революциясын мактаган ырларынын аркасы менен түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, жолдо келе жатканда каза болгон дешсе, айрым маалыматтарга, айрыкча ырларындагы кээ бир маалыматтарга караганда 1938-жылы каза болгон. Анын бүткүл өмүрү кордук, ачуу ыза, эл-жерден алыста арман менен өтүп, тубаса талантын толук ачып бере албай, мүмкүнчүлүгүн өзү каалагандай жүзөгө ашыра албай кеткен. Анын «Орунбордон каты» элге кеңири тараган. Казыбектин дээрлик бүт өмүрү эли-жеринен алыста жапа чегип, жабыр тартуу менен өтсө, анын казалдары да андан өткөн оор тагдырга кабылган. Совет мезгилинде анын ырларын айтмак түгүл, атын атаганга тыюу салынган. Ошондой болсо да анын ырлары бүгүнкү күнгө чейин эл арасында оозеки сакталып, түшүнүктүүлүгүнөн, жугумдуулугунан улам ар бир адамдын жүрөгүнөн түнөк таап келатат. Ысмы өзү туулган айылга жана Ат-Башы айылындагы орто мектепке берилген.
Ад.: Казыбек. Б., 2007.
Ы. Кадыров.