КАЗЫБЕКТИН КАЗАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
мNo edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАЗЫБЕКТИН КАЗАЛДАРЫ</b> – кыргыз жерге­сине совет бийлиги жаңыдан орной баштаган мезгилде бай-манаптарды кулакка тартып, абак­ка салып, сүргүнгө айдап турган кыйын кезең­дерде <i>Казыбек</i> Мамбетемин уулунун моноримде (саптары бир уйкаштыкта) жаралган ырлары. Жазма да, оозеки да түрдө | <b type='title'>КАЗЫБЕКТИН КАЗАЛДАРЫ</b> – кыргыз жерге­сине совет бийлиги жаңыдан орной баштаган мезгилде бай-манаптарды кулакка тартып, абак­ка салып, сүргүнгө айдап турган кыйын кезең­дерде <i>Казыбек</i> Мамбетемин уулунун моноримде (саптары бир уйкаштыкта) жаралган ырлары. Жазма да, оозеки да түрдө Казыбектин казалдары деген ат менен кыргыз элине кеңири тараган. Азыркы күнгө чейин толук изилдене элек. Эл-журтту сагынуу, бейпил-жыргал турмушту эңсөө, эркиндикти самоо, адилетсиздикке нааразылык, түрмөдөгү кордук турмуш, жол азабы, чоочун чет жер жана башка Казыбектин казалдарынын негизин түзөт. Казыбектин казалдары турмушка, жашоо­го, башка түшкөн азапка карата сабырдуулук көрсөтүү, оорчулукту көтөрүү, жашоо маңызын акыл элегинен, дил сезиминен кайра баштан өткөрүү сыяктуу философиялык ой-толгоолору, опти­мизм, жеринин кооздугун даңазалоо, коомдогу болуп жаткан окуяларды таасын байкап, элес­түү чагылдыруусу менен элге жакын болгон. Казы­бектин ырлары башка акындардын чыгарма­ларынан айырмаланып, эл ичинде <i>казал</i> деп аталат. Жалпы адабият таануу илиминде ка­зал формасы ашыктык ырларынын өзгөчө фор­масы катары биринчи жолу биздин замандагы 5–6-кылымда араб жазма поэзиясында пайда болгон делет. Бирок мындай монорим ырлар байыркы кыргыздарда биздин. заманга чейинки мезгилдерде эле болгонун, анын жалпы кыргыз поэзиясында басымдуулук кылганын эстен чыгарууга болбойт. Ал эми Казыбектин казалдарынын же­ңил темп менен баштан-аяк бир ыргакта айты­лышы Казыбектин чыгармачылыгынын кайталангыс өзгөчөлүгүн түзөт. | ||
чейин толук изилдене элек. Эл-журтту сагынуу, бейпил-жыргал турмушту эңсөө, эркиндикти | |||
самоо, адилетсиздикке нааразылык, түрмөдөгү кордук турмуш, жол азабы, чоочун чет жер | |||
өткөрүү сыяктуу | |||
өзгөчөлүгүн түзөт. | |||
<p align='right'><i type='author'>Ы. Кадыров.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Ы. Кадыров.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
11:17, 31 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы
КАЗЫБЕКТИН КАЗАЛДАРЫ – кыргыз жергесине совет бийлиги жаңыдан орной баштаган мезгилде бай-манаптарды кулакка тартып, абакка салып, сүргүнгө айдап турган кыйын кезеңдерде Казыбек Мамбетемин уулунун моноримде (саптары бир уйкаштыкта) жаралган ырлары. Жазма да, оозеки да түрдө Казыбектин казалдары деген ат менен кыргыз элине кеңири тараган. Азыркы күнгө чейин толук изилдене элек. Эл-журтту сагынуу, бейпил-жыргал турмушту эңсөө, эркиндикти самоо, адилетсиздикке нааразылык, түрмөдөгү кордук турмуш, жол азабы, чоочун чет жер жана башка Казыбектин казалдарынын негизин түзөт. Казыбектин казалдары турмушка, жашоого, башка түшкөн азапка карата сабырдуулук көрсөтүү, оорчулукту көтөрүү, жашоо маңызын акыл элегинен, дил сезиминен кайра баштан өткөрүү сыяктуу философиялык ой-толгоолору, оптимизм, жеринин кооздугун даңазалоо, коомдогу болуп жаткан окуяларды таасын байкап, элестүү чагылдыруусу менен элге жакын болгон. Казыбектин ырлары башка акындардын чыгармаларынан айырмаланып, эл ичинде казал деп аталат. Жалпы адабият таануу илиминде казал формасы ашыктык ырларынын өзгөчө формасы катары биринчи жолу биздин замандагы 5–6-кылымда араб жазма поэзиясында пайда болгон делет. Бирок мындай монорим ырлар байыркы кыргыздарда биздин. заманга чейинки мезгилдерде эле болгонун, анын жалпы кыргыз поэзиясында басымдуулук кылганын эстен чыгарууга болбойт. Ал эми Казыбектин казалдарынын жеңил темп менен баштан-аяк бир ыргакта айтылышы Казыбектин чыгармачылыгынын кайталангыс өзгөчөлүгүн түзөт.
Ы. Кадыров.