ДУНГАН, КАЛМАК ЖАНА УЙГУР ЖЕР КОТОРУУЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol3_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ДУНГАН, КАЛМАК ЖАНА УЙГУР ЖЕР КОТОРУУЛАРЫ''' – 19-к-дын 60-жылдарында Чы­гыш Түркстан ж-а Кытайдын түн.-батыш айма­гындагы дунгандардын көтөрүлүшүнүн басылы­шына байланышкан элдик кыймыл. Кытай бий­лигинин аёосуз жазалоосуна дуушар болуудан улам көтөрүлүшкө катышкандар Кырг-н м-н Ка­закстанга жер которууга мажбур болушкан. Аде­генде 1866-ж. Жети-Сууга ''сарткалмак'' уругунан зоргандар көчүп келип, 1869-ж. Россия мамле­кетинин букаралыгына кабыл алынышкан. Алты сумундар эки айыл болуп, бири Текес
'''ДУНГАН, КАЛМАК ЖАНА УЙГУР ЖЕР КОТОРУУЛАРЫ''' – 19-кылымдын 60-жылдарында [[Цин империясы]]нын түндүк-батыш айма­гында жана  Чы­гыш Түркстандагы [[дунгандардын көтөрүлүшү]]нүн басылы­шына байланышкан элдик кыймыл. Цин бий­лигинин аёосуз жазалоосуна дуушар болуудан улам көтөрүлүшкө катышкандар азыркы [[Кыргызстан]] менен [[Казакстан]]га жер которууга мажбур болушкан. Аде­генде 1866-жылы [[Жети-Суу]]га [[сарт калмак]] уругунан зоргандар көчүп келип, 1869-жылы [[Россия империясы]]нын букаралыгын кабыл алышкан. Эки айыл алты сумундардын бири (1317 түтүн) [[Текес]] өрөөнүндө, экинчиси (732 түтүн)  [[Верный]] уез­дине келип, эки болуштукту түзүшкөн. Россия күч менен ээлеп алган жерлер [[Иле]] аймагынын статусу жөнүндөгү Россия жана Цин империяларынын ортосундагы келишимге (кара: ''[[Петербург келиши­ми, 1881]]'') ылайык 1882-жылы кайра Кытайга кайтарылганда, 240 түтүн калмак өз ыктыяры менен Рос­сиянын ээлигине өтүүгө макул болушкан. Натыйжада алар Капкак (Те­кес өрөөнү) аркылуу өткөн жаңы чек ара такталгандан кийин көл кылаасына келип, Ка­ракол, Ырдык өзөндөрүнүн аралыгынан конуш алышкан. 1913-жылга карай 366 түтүн (2262 киши) Бөрү-Баш, Челпек, Бурма-Суу кыштактары пай­да болуп, 1916-жылы алардын саны 483 түтүнгө (2,9 миң киши) жеткен. Дунган калкынын Жети-Сууга келиши эки этапка бөлүнөт. 1-этабында (1877) орус-кытай чек арасынан үч багыт менен өтүп, Да-Сы-Фу жол­ башчылык кылган 1166 ганьсулук дунгандар­дын алгачкы тобу 1877-жылы ноябрдын башы ченде Беделди ашып, Караколго келишкен. 1878-жылы жазга маал келгиндерге Караколго жакын Ырдыктан жер бөлүнүп берилген. Кытай аскерлери куугунтуктаган синьцзяндык жана ганьсулук дунгандардын экинчи тобуна (2 миң­дей киши) Ма-Да-Жэнь жетекчилик кылып, алар Марал-Башы, Эркеч-Там аркылуу Түштүк Кыргызстанга өткөн. Шэньсилик дунгандардын [[Би­янху]] (Бай Янху) баш болгон топ [[Торугарт]], Кы­зыл-Бел ашууларын ашып, 1877-жылы [[Нарын]]га ке­лишип, андан декабрдын аягында 3314 дунган [[Токмок]]ко жеткен. Жол бою бардык кыргыз айылдары жолоочуларга мал, дан, баш калка­лаганга боз үй, алачык ж. б. жагынан жардам берип турушкан. Дунгандардын Жети-Сууга ке­лишинин 2-этабы орус өкмөтүнүн Цин бийли­гине Иле чөлкөмүн кайтарып беришине байла­ныштуу болуп, 1881-ж. Петербургда түзүлгөн орус-кытай келишиминде макулдашылган. Ага ылайык, дунгандар менен уйгурларга Ата журтун­да ([[Синьцзян]]да) калуу же Россия ээлигине кетүү эркиндиги берилгенде, кыйла бөлүгү Кытайда калуудан баш тартып, 1884-жылдын аягына карата 4682 адам ооп келип, баш-аягы 10 миң­ден ашуун дунган, 45 миңдей [[уйгур]] Жети-Суу облусунан орун алган. Уйгур улутундагы калк негизинен Вер­ный (Алматы), Жаркен (Панфилов), дунгандар [[Бишкек]] (Пишпек), [[Ысык-Көл]] уезддерине жайгашкан. Түштүк Кыргызстанга келген дунган, уйгурлар адеген­де [[Ош]]ко жакын жерде ([[Кара-Суу району]]) туруп кал­ган. Падышачылыктын баскынчыл-колониялдык саясаты жер-­суу маселесинде даана байкалган же мыкты жерлер келгин орус дыйкандарына, [[казак-орус­]]тарга бөлүштүрүлүп, кыргыз, казактар тоо-таш­ка, чөл-талаага сүрүлгөн. Токмокко келген дун­гандарга [[Чүй суусу]]нун оң жээгинен 10306 теше жер берилгенде (1878), алар үй, короо-жай са­лып алышкан (азыркы Масанчын айылы). Со­кулукка келген дунгандардын 33 үй-бүлөсүнө 1883-жылы дыйканчылыкка ыңгайлуу 2064 теше жер бөлүнүп, кийин ал жер орус падышасы [[Александр III]]нүн урматына «Александровка» деп аталган. Бишкек менен Токмокто дунган слобод­калары (шаар четиндеги кыштак) 1882-жылы пай­да болгон. Жети-Сууга отурукташкандан кийин бул аймакта Мариинск (Ырдык), Кара-Коңуз (кийин Николаевск), Александровка (Сокулук), Жаркен (Казакстан), Жалпак-Дөбө (Тараздан 5– 6 ''км'' аралыкта) [[болуштук]]тары уюшулуп, болуш­тар атайын шайлоочулардын жыйынында үч жылдык мөөнөткө шайланышкан.
өрөөнүндө (1317 түтүн), экинчиси Верный уез­динде (732 түтүн) эки болуштукту түзүшкөн. Россия күч м-н ээлеп алган жерлер 1882-ж. кайра Кытайга кайтарылганда (к. ''Петербург келиши­ми, 1881''), 240 түтүн калмак өз каалоосу м-н Рос­сиянын ээлигине өтөрү тууралуу бүтүмгө келип, Кытай м-н Россиянын ортосундагы Капкак (Те­кес өрөөнү) аркылуу өткөн жаңы чек ара тактал­гандан кийин алар көл кылаасына келип, Ка­ракол, Ырдык өзөндөрүнүн аралыгынан конуш алып, Бөрү-Баш, Челпек, Бурма-Суу кыш. пай­да болгон ж-а 1913-ж. 366 түтүнгө (2262 киши), 1916-ж. 483 түтүнгө (2,9 миң киши) жеткен.
<br>Дунган калкынын Жети-Сууга келиши эки этапка бөлүнөт. 1-этабында (1877) орус-кытай
чек арасынан үч багыт м-н өтүп, Да-Сы-Фу жол&shy;башчылык кылган 1166 ганьсулук дунгандар&shy;дын алгачкы тобу 1877-ж. ноябрдын башы
ченде Беделди ашып, Караколго келишкен. 1878-ж. жазга маал келгиндерге Караколго жа-


Ад.: ''Сушанло М.'' Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Янь-ху. Ф., 1959; Очерки истории советских дунган. Ф., 1967.


кын Ырдыктан жер бөлүнүп берилген. Кытай аскерлери куугунтуктаган синьцзяндык ж-а ганьсулук дунгандардын экинчи тобуна (2 миң&shy;дей киши) Ма-Да-Жэнь жетекчилик кылып, алар Марал-Башы, Эркеч-Там аркылуу Түш. Кыр-нга өткөн. Шэньсилик дунгандардын Бы&shy;янху (Бай Янху) баш болгон топ Торугарт, Кы&shy;зыл-Бел ашууларын ашып, 1877-ж. Нарынга ке&shy;лишип, андан декабрдын аягында 3314 дунган Токмокко жеткен. Жол бою бардык кыргыз айылдары жолоочуларга мал, дан, баш калка&shy;лаганга боз үй, алачык ж. б. жагынан жардам берип турушкан. Дунгандардын Жети-Сууга ке&shy;лишинин 2-этабы орус өкмөтүнүн Цин бийли&shy;гине Иле чөлкөмүн кайтарып беришине байла&shy;ныштуу болуп, 1881-ж. Петербургда түзүлгөн орус-кытай келишиминде макулдашылган. Ага ылайык, дунгандар м-н уйгурларга Ата журтун&shy;да (Синьцзянда) калуу же Россия ээлигине кетүү эркиндиги берилгенде, кыйла бөлүгү Кытайда калуудан баш тартып, 1884-жылдын аягына карата 4682 адам ооп келип, баш-аягы 10 миң&shy;ден ашуун дунган, 45 миңдей уйгур Жети-Суу обл-нан орун алышкан. Уйгурлар негизинен Вер&shy;ный (Алматы), Жаркен (Панфилов), дунгандар Бишкек, Ысык-Көл уезддерине жайгашкан. Түш. Кырг-нга келген дунган, уйгурлар адеген&shy;де Ошко жакын жерде (Кара-Суу р-ну) туруп кал&shy;ган. Падышачылыктын оторчул саясаты жер&shy;суу маселесинде даана байкалган же мыкты жерлер келгин орус дыйкандарына, казак-орус&shy;тарга бөлүштүрүлүп, кыргыз, казактар тоо-таш&shy;ка, чөл-талаага сүрүлгөн. Токмокко келген дун&shy;гандарга Чүй суусунун оң жээгинен 10306 теше жер берилгенде (1878), алар үй, короо-жай са&shy;лып алышкан (азыркы Масанчын айылы). Со&shy;кулукка келген дунгандардын 33 үй-бүлөсүнө 1883-ж. дыйканчылыкка ыңгайлуу 2064 теше жер бөлүнүп, кийин ал жер Александровка деп аталган. Бишкек м-н Токмокто дунган слобод&shy;калары (шаар четиндеги кыштак) 1882-ж. пай&shy;да болгон. Жети-Сууга отурукташкандан кийин бул аймакта Мариинск (Ырдык), Кара-Коңуз (кийин Николаевск), Александровка (Сокулук), Жаркен (Казакстан), Жалпак-Дөбө (Тараздан 5– 6 ''км'' аралыкта) болуштуктары уюшулуп, болуш&shy;тар атайын шайлоочулардын жыйынында үч жылдык мөөнөткө шайланышкан.
Ад.: ''Сушанло М.'' Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Янь-ху. Ф., 1959; Очерки истории советских дунган. Ф., 1967.
''Т. Өмүрбеков.'' [[Категория:3-том, 86-170 бб]]
''Т. Өмүрбеков.'' [[Категория:3-том, 86-170 бб]]

02:16, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ДУНГАН, КАЛМАК ЖАНА УЙГУР ЖЕР КОТОРУУЛАРЫ – 19-кылымдын 60-жылдарында Цин империясынын түндүк-батыш айма­гында жана Чы­гыш Түркстандагы дунгандардын көтөрүлүшүнүн басылы­шына байланышкан элдик кыймыл. Цин бий­лигинин аёосуз жазалоосуна дуушар болуудан улам көтөрүлүшкө катышкандар азыркы Кыргызстан менен Казакстанга жер которууга мажбур болушкан. Аде­генде 1866-жылы Жети-Сууга сарт калмак уругунан зоргандар көчүп келип, 1869-жылы Россия империясынын букаралыгын кабыл алышкан. Эки айыл алты сумундардын бири (1317 түтүн) Текес өрөөнүндө, экинчиси (732 түтүн)  Верный уез­дине келип, эки болуштукту түзүшкөн. Россия күч менен ээлеп алган жерлер Иле аймагынын статусу жөнүндөгү Россия жана Цин империяларынын ортосундагы келишимге (кара: Петербург келиши­ми, 1881) ылайык 1882-жылы кайра Кытайга кайтарылганда, 240 түтүн калмак өз ыктыяры менен Рос­сиянын ээлигине өтүүгө макул болушкан. Натыйжада алар Капкак (Те­кес өрөөнү) аркылуу өткөн жаңы чек ара такталгандан кийин көл кылаасына келип, Ка­ракол, Ырдык өзөндөрүнүн аралыгынан конуш алышкан. 1913-жылга карай 366 түтүн (2262 киши) Бөрү-Баш, Челпек, Бурма-Суу кыштактары пай­да болуп, 1916-жылы алардын саны 483 түтүнгө (2,9 миң киши) жеткен. Дунган калкынын Жети-Сууга келиши эки этапка бөлүнөт. 1-этабында (1877) орус-кытай чек арасынан үч багыт менен өтүп, Да-Сы-Фу жол­ башчылык кылган 1166 ганьсулук дунгандар­дын алгачкы тобу 1877-жылы ноябрдын башы ченде Беделди ашып, Караколго келишкен. 1878-жылы жазга маал келгиндерге Караколго жакын Ырдыктан жер бөлүнүп берилген. Кытай аскерлери куугунтуктаган синьцзяндык жана ганьсулук дунгандардын экинчи тобуна (2 миң­дей киши) Ма-Да-Жэнь жетекчилик кылып, алар Марал-Башы, Эркеч-Там аркылуу Түштүк Кыргызстанга өткөн. Шэньсилик дунгандардын Би­янху (Бай Янху) баш болгон топ Торугарт, Кы­зыл-Бел ашууларын ашып, 1877-жылы Нарынга ке­лишип, андан декабрдын аягында 3314 дунган Токмокко жеткен. Жол бою бардык кыргыз айылдары жолоочуларга мал, дан, баш калка­лаганга боз үй, алачык ж. б. жагынан жардам берип турушкан. Дунгандардын Жети-Сууга ке­лишинин 2-этабы орус өкмөтүнүн Цин бийли­гине Иле чөлкөмүн кайтарып беришине байла­ныштуу болуп, 1881-ж. Петербургда түзүлгөн орус-кытай келишиминде макулдашылган. Ага ылайык, дунгандар менен уйгурларга Ата журтун­да (Синьцзянда) калуу же Россия ээлигине кетүү эркиндиги берилгенде, кыйла бөлүгү Кытайда калуудан баш тартып, 1884-жылдын аягына карата 4682 адам ооп келип, баш-аягы 10 миң­ден ашуун дунган, 45 миңдей уйгур Жети-Суу облусунан орун алган. Уйгур улутундагы калк негизинен Вер­ный (Алматы), Жаркен (Панфилов), дунгандар Бишкек (Пишпек), Ысык-Көл уезддерине жайгашкан. Түштүк Кыргызстанга келген дунган, уйгурлар адеген­де Ошко жакын жерде (Кара-Суу району) туруп кал­ган. Падышачылыктын баскынчыл-колониялдык саясаты жер-­суу маселесинде даана байкалган же мыкты жерлер келгин орус дыйкандарына, казак-орус­тарга бөлүштүрүлүп, кыргыз, казактар тоо-таш­ка, чөл-талаага сүрүлгөн. Токмокко келген дун­гандарга Чүй суусунун оң жээгинен 10306 теше жер берилгенде (1878), алар үй, короо-жай са­лып алышкан (азыркы Масанчын айылы). Со­кулукка келген дунгандардын 33 үй-бүлөсүнө 1883-жылы дыйканчылыкка ыңгайлуу 2064 теше жер бөлүнүп, кийин ал жер орус падышасы Александр IIIнүн урматына «Александровка» деп аталган. Бишкек менен Токмокто дунган слобод­калары (шаар четиндеги кыштак) 1882-жылы пай­да болгон. Жети-Сууга отурукташкандан кийин бул аймакта Мариинск (Ырдык), Кара-Коңуз (кийин Николаевск), Александровка (Сокулук), Жаркен (Казакстан), Жалпак-Дөбө (Тараздан 5– 6 км аралыкта) болуштуктары уюшулуп, болуш­тар атайын шайлоочулардын жыйынында үч жылдык мөөнөткө шайланышкан.

Ад.: Сушанло М. Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Янь-ху. Ф., 1959; Очерки истории советских дунган. Ф., 1967.

Т. Өмүрбеков.