ЖЫЛУУЛУК КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫЛУУЛУК КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ</b> – жылуу­лук энергиясын | <b type='title'>ЖЫЛУУЛУК КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ</b> – жылуу­лук энергиясын механикалык жумушка айландыруучу курал. Жылуулук кыймылдаткычы табигый энергетикалык ресурстар­ды химиялык же ядролук күйүүчү отун катары пай­даланат. Жылуулук кыймылдаткычы термодинамикалык пайдалуу аракет коэффициенти ар­кылуу аныкталат. Жумушчу термодинамика­лык процесстерди аткаруучу машиналардын түрү б-ча жылуулук кыймылдаткычы поршендүү, ротордуу ж-а реактивдүү кыймылдаткычтар болуп бөлүнөт. Ошондой эле ара­лашкан түрлөрү дагы колдонулат, мисалы, турбо­реактивдүү ж-а Ванкель кыймылдаткычтары. Жылуулук кыймылдаткычы ысытуучу жылуулукту алып келүү ыкма­сы боюнча ичинен ж-а тышынан күйүүчү кыймыл­даткычтар болуп да бөлүнөт. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычта – күйүүчү майдын күйүү про­цесси ж-а андан чыккан жылуулуктун механикалык жумушка айланышы бир эле жумушчу көң­дөйдө (цилиндрде) жүрөт; ал эми сыртынан күйүүчү кыймылдаткычта – бул процесстер тыш­та, атайын түзүлүштө ишке ашырылат (мисалы, Стирлинг кыймылдаткычы, буу машинасы). Жылуулук кыймылдаткычынын чыныгы жумушу, башкача айтканда натыйжалуу пайдалуу аракет коэффициенти – анын чыгуучу валындагы механикалык жу­муштун жалпы жылуулук кубатына болгон катышы. Жылуулук кыймылдаткычынын натыйжалуу пайдалуу аракет коэффициенти 0,1– 0,6 чегинде өзгөрүп турат. | ||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
03:15, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫЛУУЛУК КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ – жылуулук энергиясын механикалык жумушка айландыруучу курал. Жылуулук кыймылдаткычы табигый энергетикалык ресурстарды химиялык же ядролук күйүүчү отун катары пайдаланат. Жылуулук кыймылдаткычы термодинамикалык пайдалуу аракет коэффициенти аркылуу аныкталат. Жумушчу термодинамикалык процесстерди аткаруучу машиналардын түрү б-ча жылуулук кыймылдаткычы поршендүү, ротордуу ж-а реактивдүү кыймылдаткычтар болуп бөлүнөт. Ошондой эле аралашкан түрлөрү дагы колдонулат, мисалы, турбореактивдүү ж-а Ванкель кыймылдаткычтары. Жылуулук кыймылдаткычы ысытуучу жылуулукту алып келүү ыкмасы боюнча ичинен ж-а тышынан күйүүчү кыймылдаткычтар болуп да бөлүнөт. Ичинен күйүүчү кыймылдаткычта – күйүүчү майдын күйүү процесси ж-а андан чыккан жылуулуктун механикалык жумушка айланышы бир эле жумушчу көңдөйдө (цилиндрде) жүрөт; ал эми сыртынан күйүүчү кыймылдаткычта – бул процесстер тышта, атайын түзүлүштө ишке ашырылат (мисалы, Стирлинг кыймылдаткычы, буу машинасы). Жылуулук кыймылдаткычынын чыныгы жумушу, башкача айтканда натыйжалуу пайдалуу аракет коэффициенти – анын чыгуучу валындагы механикалык жумуштун жалпы жылуулук кубатына болгон катышы. Жылуулук кыймылдаткычынын натыйжалуу пайдалуу аракет коэффициенти 0,1– 0,6 чегинде өзгөрүп турат.