ДУНГАНДАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ДУНГАНДАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ''' – 1862–77-ж.
'''ДУНГАНДАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ''' – [[Цин империясы]]нын курамына кирген [[дунган]] калкынын 1862–77-жылдардагы азаттык үчүн күрөшү. 1758-жылдары [[Жуңгар хандыгы]] күч менен Цин империясынын курамына киргизилгенден кийин мурунку Жуңгария жана [[Чыгыш Түркстан]]ды камтыган чоң аймактык-административдик бирдик – [[Синьцзян]] («Жаңы аймак» же «Жаңы чек») округу түзүлгөн. Мындан ары расмий негизде  Жуңгария аймагы «Тяньшань бейлу» («Түндүк округу»), ал эми  Чыгыш Түркстан – «Тяньшань нанлу» («Түштүк округ») атала баштаган. Жалпысынан «Жаңы Кулжа» (Хой Юаньчэнь) борбору болуп, жергиликтүү бийликтин башында императордун өзгөчө буйругу менен дайындалган [[манжур]] улутундагы аскер адамы (цзяньцзюн) турган. Чыгыш Түркстан шаар-шаарларга бөлүнүп, [[Пекин]] аркылуу дайындалган [[бек]]тер тарабынан башкарылган. Жүз жыл бою [[ислам дини]]ндеги дунгандар Цин бийлиги тарабынан катуу эзилүүгө туш келген. Алар [[манжур тили]]нде сүйлөп, алардын кийимдерин кийинип жүрүшкөнү менен өздөрүн чыныгы мусулман (ичимдик ичпей, тамеки, апийим чекпей) эсептешкен жана өзү­лөрүн «турген» деп аташса, кытайлар аларды «хой-хой» ([[мусулмандар]]) деп чакырган. Күчкө салып эркектеринин чачтарын өрдүртүп, аялда­рынын бут манжаларын бекем таңып алып басууга жана кыздарын жалаң манжу улутундагы күйөөгө берүүгө мажбурлашкан. Ошондуктан, бул көтөрүлүш мүнөзү жагынан [[феодал]]дык эзүүгө каршы деп эсптелгенине карабай, алдын-ала «мусулман» жана «[[каапыр]]­лар» болуп бөлүнгөндүктөн, улут жана дин фактору өзгөчө роль ойногон. Көтөрүлүш 1862-жылы Шань­си провинциясындагы Синган шаарында башталып, ага себеп дунгандардын бир көпөсүн манжурлардын өлтүрүп коюшу шылтоо болгон. Дунгандарды [[уйгурлар]], ал эми мусулман эмес манжурларды [[калмактар]] (дөрбөт, тыргоот, сибо, солондор) колдоп, ислам дининдеги кожо­лор менен имамдар жашына карабай, бардык эр­кектерди «каапырларга» каршы «газават» жа­рыялоого чакырышкан. Манжурлардын кийимдерин ыргытып, [[орто азия]]лыктарча кийинип, шаардан чегинээрде  балдары жана аялда­ры «каапыр» душманынын колунда кетпесин үчүн аларды өз колдору менен өлтүрүп кетишкен. Шэньси жана Шаньси аймактарында көтөрүлүштөр күч алганда Чыгыш Түркстан борбордук башкаруудан бөлүнүп калган. Анын натыйжасында 1864-жылы жай айында [[Үрүмчү]]дө көтөрүлүш чыгып, аскер гарнизону талкаланган. Август айында [[Иле өрөөнү]]ндө жайгашкан Синьцзян­дын борбору Кулжа шаарындагы дунгандар көтө­рүлгөн. Цин өкмөтү жардам сурап бир нече жолу [[Россия империясы]]нан кайрылган, бирок орус бийлиги бул көтөрүлүштүн [[Орто Азия]]га ооп кетүүсүнөн кооптонуп, оң жооп берген эмес. 1866-жылы Шэньси жана Ганьсу провинцияларынын губернаторлугуна Цзо Цзунтанды дайындалган. Үрүмчүлүк дунгандарды Сахан-жан, Кожо-тиду, Мапалар, Иле дунгандарын Ажы-акун башкар­ган. 1866-жылы Борбордук Тянь-Шандын түштүк-чыгы­шында Карашаарга чейинки Баяндай, Манас, Гучан ж. б. шаарларды камтып, башында Лотай де­ген дунган турган кыска мезгилдеги дунган мам­лекети түзүлгөн. Көп өтпөй кашкарлык кожо­лордун көтөрүлүшү башталып, адегенде Бузурук кожо, анан [[Йакуб бек]] бийликке келип, Каш­кар шаары борбор болгон, башында Алты-Шаар, кий­ин Ж[[ети-Шаар мамлекети]] түзүлгөн. Натыйжа­да булардын ортосундагы саясий мамилелер курчуган. 1870-жылы Йакуб бек Үрүмчүгө чабуул жасаган. 1871-жылы өз коопсуздугун шыл­тоо кылган Россия империясы Илеге аскерин киргизген. 1873-жылы Цин аскери Ганьсу провинциясындагы көтөрүлүштү басууга жетишкен. Он ай даярдыктардан соң 1876-жылы февраль айында Цзо Цзунтан  70 миң аскери менен батышты карай жүрүшкө чыгып, 18-августта Үрүмчүнү алган.  Андан ары Фу­кан, Манас шаарларын алышы менен дунгандардын көтөрүлүшү же­ңилүүгө учураган. Айрым изилдөөчү-адистердин (мис., А. Ходжаев) пикиринде дунгандардын көтөрүлүшүн басууда Цин өкмөтү жалпысынан 150 миң сандуу аскерин колдонгон. Бул көтөрүлүштү Цин импе­риясынын аймагында жашашкан кыргыздар менен казактар да активдүү колдошкон.
''Цин империясынын'' курамына кирген дунган калкынын азаттык үчүн күрөшү. 19-к-дын 1-жа­рымында ислам динин тааныган дунгандарды Цин бийлиги катуу эзген. Алар кытай тилинде сүйлөп, кытай кийимдерин кийинип жүрүшкөнү м-н, өздөрүн чыныгы мусулман деп (ичимдик ичпей, тамеки, апийим чекпей) эсептешип, өзү­лөрүн «турген» деп аташса, кытайлар аларды
«хой-хой» (мусулмандар) деп чакырып, күчкө
салып эркектеринин чачтарын өрдүртүп, аялда­рынын буттарын таңып басууга ж-а кыздарын жалаң кытайларга берүүгө мажбурлашкан. Ошондуктан, бул көтөрүлүш мүнөзү жагынан феодалдык эзүүгө каршы чыкканы м-н, башта­лардан мурун эле «мусулмандар» ж-а «каапыр­лар» болуп бөлүнгөндүктөн, улут ж-а дин ажы­рымы өзгөчө роль ойногон. Д. к. 1862-ж. Шань­си провинциясындагы Синган ш-нда башталып, анын башталышына дунгандардын бир көпөсүн манжурлардын өлтүрүп коюшу шылтоо болгон. Дунгандарды уйгурлар, ал эми мусулман эмес манжурларды калмактар (дөрбөт, тыргоот), сибо, солондор) колдоп, ислам дининдеги кожо­лор м-н имамдар жашына карабай бардык эр­кектерди «каапырларга» каршы «газават» жа­рыялоого чакырышкан. Балдарын ж-а аялда­рын душманынын колуна кетпесин деген дун­гандар шаарды калтырарда аларды өз колдору м-н өлтүрүп кетишкен. 1864-ж. жай айында
Үрүмчүнүн аскер гарнизону талкаланып, август айында Иле өрөөнүндө жайгашкан Синьцзян­дын борбору Кулжа ш-ндагы дунгандар көтө­рүлүшкөн. Цин бийлиги Россия империясынан жардам сурап бир нече жолу кайрылган, бирок орус бийлиги бул көтөрүлүштүн О. Азияга ооп
кетүүсүнөн кооптонуп, оң жооп берген эмес.
<br>Үрүмчүлүк дунгандарды Сахан-жан, Кожо-тиду, Мапалар, Иле дунгандарын Ажы-акун башкар&shy;ган. 1866-ж. Борб. Тянь-Шандын түш.-чыгы&shy;шында Кара-Шаарга чейинки Баяндай, Манас, Гучан ж. б. ш-ды камтып, башында Лотай де&shy;ген дунган турган кыска мезгилдеги дунган мам&shy;лекети түзүлгөн. Көп өтпөй кашкарлык кожо&shy;лордун көтөрүлүшү башталып, адегенде Бузурук кожо, анан ''Йакуб бек'' бийликке келип, Каш&shy;кар ш. борбор болгон, башында Алты-Шаар, кий&shy;ин ''Жети-Шаар мамлекети'' түзүлөт. Натыйжа&shy;дабулардынортосундагымамилелеркурчуган. 1870-ж. Йакуб бек Үрүмчүгө чабуул жасаган. 1871-ж. Россия империясы өз коопсуздугун шыл&shy;тоо кылып, аскерин Илеге киргизет. 1873-ж. Цин аскери Ганьсу провинциясындагы көтөрүлүштү басып,1876-ж.жай-күзайларындаГучан,Фу&shy;кан, Үрүмчү, Манас ш-н алышы м-н Д. к. же&shy;ңилүүгө учурайт. Бул көтөрүлүштү Цин импе&shy;риясынын аймагында жашашкан кыргыздар м-н казактар да активдүү колдошкон.


Ад.: ''Гейнс А. К.'' О восстании мусульманского насе&shy;ления или дунганей в Западном Китае // Известия ИРГО. Т. 2. Вып. 3; ''Сушанло М.'' Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Янь&shy;ху. Ф., 1959. ''Э. Турганбаев.'' [[Категория:3-том, 86-170 бб]]
Ад.: ''Гейнс А. К.'' О восстании мусульманского насе&shy;ления или дунганей в Западном Китае // Известия ИРГО. Т. 2. Вып. 3; ''Сушанло М.'' Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Янь&shy;ху. Ф., 1959; Ходжаев А. Цинская империя, Джунгария и Восточный Туркестан (колониальная политики цинского Китая во второй половине ХIХ в.) М., 1979; Моисеев В. А. Россия и Китай в Центральной Азии (вторая половина XIX в. – 1917 г.). Барнаул, 2003.


''Э. Турганбаев.''
[[Категория:3-том, 86-170 бб]]

04:40, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ДУНГАНДАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮЦин империясынын курамына кирген дунган калкынын 1862–77-жылдардагы азаттык үчүн күрөшү. 1758-жылдары Жуңгар хандыгы күч менен Цин империясынын курамына киргизилгенден кийин мурунку Жуңгария жана Чыгыш Түркстанды камтыган чоң аймактык-административдик бирдик – Синьцзян («Жаңы аймак» же «Жаңы чек») округу түзүлгөн. Мындан ары расмий негизде  Жуңгария аймагы «Тяньшань бейлу» («Түндүк округу»), ал эми  Чыгыш Түркстан – «Тяньшань нанлу» («Түштүк округ») атала баштаган. Жалпысынан «Жаңы Кулжа» (Хой Юаньчэнь) борбору болуп, жергиликтүү бийликтин башында императордун өзгөчө буйругу менен дайындалган манжур улутундагы аскер адамы (цзяньцзюн) турган. Чыгыш Түркстан шаар-шаарларга бөлүнүп, Пекин аркылуу дайындалган бектер тарабынан башкарылган. Жүз жыл бою ислам дининдеги дунгандар Цин бийлиги тарабынан катуу эзилүүгө туш келген. Алар манжур тилинде сүйлөп, алардын кийимдерин кийинип жүрүшкөнү менен өздөрүн чыныгы мусулман (ичимдик ичпей, тамеки, апийим чекпей) эсептешкен жана өзү­лөрүн «турген» деп аташса, кытайлар аларды «хой-хой» (мусулмандар) деп чакырган. Күчкө салып эркектеринин чачтарын өрдүртүп, аялда­рынын бут манжаларын бекем таңып алып басууга жана кыздарын жалаң манжу улутундагы күйөөгө берүүгө мажбурлашкан. Ошондуктан, бул көтөрүлүш мүнөзү жагынан феодалдык эзүүгө каршы деп эсптелгенине карабай, алдын-ала «мусулман» жана «каапыр­лар» болуп бөлүнгөндүктөн, улут жана дин фактору өзгөчө роль ойногон. Көтөрүлүш 1862-жылы Шань­си провинциясындагы Синган шаарында башталып, ага себеп дунгандардын бир көпөсүн манжурлардын өлтүрүп коюшу шылтоо болгон. Дунгандарды уйгурлар, ал эми мусулман эмес манжурларды калмактар (дөрбөт, тыргоот, сибо, солондор) колдоп, ислам дининдеги кожо­лор менен имамдар жашына карабай, бардык эр­кектерди «каапырларга» каршы «газават» жа­рыялоого чакырышкан. Манжурлардын кийимдерин ыргытып, орто азиялыктарча кийинип, шаардан чегинээрде  балдары жана аялда­ры «каапыр» душманынын колунда кетпесин үчүн аларды өз колдору менен өлтүрүп кетишкен. Шэньси жана Шаньси аймактарында көтөрүлүштөр күч алганда Чыгыш Түркстан борбордук башкаруудан бөлүнүп калган. Анын натыйжасында 1864-жылы жай айында Үрүмчүдө көтөрүлүш чыгып, аскер гарнизону талкаланган. Август айында Иле өрөөнүндө жайгашкан Синьцзян­дын борбору Кулжа шаарындагы дунгандар көтө­рүлгөн. Цин өкмөтү жардам сурап бир нече жолу Россия империясынан кайрылган, бирок орус бийлиги бул көтөрүлүштүн Орто Азияга ооп кетүүсүнөн кооптонуп, оң жооп берген эмес. 1866-жылы Шэньси жана Ганьсу провинцияларынын губернаторлугуна Цзо Цзунтанды дайындалган. Үрүмчүлүк дунгандарды Сахан-жан, Кожо-тиду, Мапалар, Иле дунгандарын Ажы-акун башкар­ган. 1866-жылы Борбордук Тянь-Шандын түштүк-чыгы­шында Карашаарга чейинки Баяндай, Манас, Гучан ж. б. шаарларды камтып, башында Лотай де­ген дунган турган кыска мезгилдеги дунган мам­лекети түзүлгөн. Көп өтпөй кашкарлык кожо­лордун көтөрүлүшү башталып, адегенде Бузурук кожо, анан Йакуб бек бийликке келип, Каш­кар шаары борбор болгон, башында Алты-Шаар, кий­ин Жети-Шаар мамлекети түзүлгөн. Натыйжа­да булардын ортосундагы саясий мамилелер курчуган. 1870-жылы Йакуб бек Үрүмчүгө чабуул жасаган. 1871-жылы өз коопсуздугун шыл­тоо кылган Россия империясы Илеге аскерин киргизген. 1873-жылы Цин аскери Ганьсу провинциясындагы көтөрүлүштү басууга жетишкен. Он ай даярдыктардан соң 1876-жылы февраль айында Цзо Цзунтан  70 миң аскери менен батышты карай жүрүшкө чыгып, 18-августта Үрүмчүнү алган.  Андан ары Фу­кан, Манас шаарларын алышы менен дунгандардын көтөрүлүшү же­ңилүүгө учураган. Айрым изилдөөчү-адистердин (мис., А. Ходжаев) пикиринде дунгандардын көтөрүлүшүн басууда Цин өкмөтү жалпысынан 150 миң сандуу аскерин колдонгон. Бул көтөрүлүштү Цин импе­риясынын аймагында жашашкан кыргыздар менен казактар да активдүү колдошкон.

Ад.: Гейнс А. К. О восстании мусульманского насе­ления или дунганей в Западном Китае // Известия ИРГО. Т. 2. Вып. 3; Сушанло М. Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Янь­ху. Ф., 1959; Ходжаев А. Цинская империя, Джунгария и Восточный Туркестан (колониальная политики цинского Китая во второй половине ХIХ в.) М., 1979; Моисеев В. А. Россия и Китай в Центральной Азии (вторая половина XIX в. – 1917 г.). Барнаул, 2003.

Э. Турганбаев.