ДУНГАНДАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДУНГАНДАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ''' – | '''ДУНГАНДАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ''' – [[Цин империясы]]нын курамына кирген [[дунган]] калкынын 1862–77-жылдардагы азаттык үчүн күрөшү. 1758-жылдары [[Жуңгар хандыгы]] күч менен Цин империясынын курамына киргизилгенден кийин мурунку Жуңгария жана [[Чыгыш Түркстан]]ды камтыган чоң аймактык-административдик бирдик – [[Синьцзян]] («Жаңы аймак» же «Жаңы чек») округу түзүлгөн. Мындан ары расмий негизде Жуңгария аймагы «Тяньшань бейлу» («Түндүк округу»), ал эми Чыгыш Түркстан – «Тяньшань нанлу» («Түштүк округ») атала баштаган. Жалпысынан «Жаңы Кулжа» (Хой Юаньчэнь) борбору болуп, жергиликтүү бийликтин башында императордун өзгөчө буйругу менен дайындалган [[манжур]] улутундагы аскер адамы (цзяньцзюн) турган. Чыгыш Түркстан шаар-шаарларга бөлүнүп, [[Пекин]] аркылуу дайындалган [[бек]]тер тарабынан башкарылган. Жүз жыл бою [[ислам дини]]ндеги дунгандар Цин бийлиги тарабынан катуу эзилүүгө туш келген. Алар [[манжур тили]]нде сүйлөп, алардын кийимдерин кийинип жүрүшкөнү менен өздөрүн чыныгы мусулман (ичимдик ичпей, тамеки, апийим чекпей) эсептешкен жана өзүлөрүн «турген» деп аташса, кытайлар аларды «хой-хой» ([[мусулмандар]]) деп чакырган. Күчкө салып эркектеринин чачтарын өрдүртүп, аялдарынын бут манжаларын бекем таңып алып басууга жана кыздарын жалаң манжу улутундагы күйөөгө берүүгө мажбурлашкан. Ошондуктан, бул көтөрүлүш мүнөзү жагынан [[феодал]]дык эзүүгө каршы деп эсптелгенине карабай, алдын-ала «мусулман» жана «[[каапыр]]лар» болуп бөлүнгөндүктөн, улут жана дин фактору өзгөчө роль ойногон. Көтөрүлүш 1862-жылы Шаньси провинциясындагы Синган шаарында башталып, ага себеп дунгандардын бир көпөсүн манжурлардын өлтүрүп коюшу шылтоо болгон. Дунгандарды [[уйгурлар]], ал эми мусулман эмес манжурларды [[калмактар]] (дөрбөт, тыргоот, сибо, солондор) колдоп, ислам дининдеги кожолор менен имамдар жашына карабай, бардык эркектерди «каапырларга» каршы «газават» жарыялоого чакырышкан. Манжурлардын кийимдерин ыргытып, [[орто азия]]лыктарча кийинип, шаардан чегинээрде балдары жана аялдары «каапыр» душманынын колунда кетпесин үчүн аларды өз колдору менен өлтүрүп кетишкен. Шэньси жана Шаньси аймактарында көтөрүлүштөр күч алганда Чыгыш Түркстан борбордук башкаруудан бөлүнүп калган. Анын натыйжасында 1864-жылы жай айында [[Үрүмчү]]дө көтөрүлүш чыгып, аскер гарнизону талкаланган. Август айында [[Иле өрөөнү]]ндө жайгашкан Синьцзяндын борбору Кулжа шаарындагы дунгандар көтөрүлгөн. Цин өкмөтү жардам сурап бир нече жолу [[Россия империясы]]нан кайрылган, бирок орус бийлиги бул көтөрүлүштүн [[Орто Азия]]га ооп кетүүсүнөн кооптонуп, оң жооп берген эмес. 1866-жылы Шэньси жана Ганьсу провинцияларынын губернаторлугуна Цзо Цзунтанды дайындалган. Үрүмчүлүк дунгандарды Сахан-жан, Кожо-тиду, Мапалар, Иле дунгандарын Ажы-акун башкарган. 1866-жылы Борбордук Тянь-Шандын түштүк-чыгышында Карашаарга чейинки Баяндай, Манас, Гучан ж. б. шаарларды камтып, башында Лотай деген дунган турган кыска мезгилдеги дунган мамлекети түзүлгөн. Көп өтпөй кашкарлык кожолордун көтөрүлүшү башталып, адегенде Бузурук кожо, анан [[Йакуб бек]] бийликке келип, Кашкар шаары борбор болгон, башында Алты-Шаар, кийин Ж[[ети-Шаар мамлекети]] түзүлгөн. Натыйжада булардын ортосундагы саясий мамилелер курчуган. 1870-жылы Йакуб бек Үрүмчүгө чабуул жасаган. 1871-жылы өз коопсуздугун шылтоо кылган Россия империясы Илеге аскерин киргизген. 1873-жылы Цин аскери Ганьсу провинциясындагы көтөрүлүштү басууга жетишкен. Он ай даярдыктардан соң 1876-жылы февраль айында Цзо Цзунтан 70 миң аскери менен батышты карай жүрүшкө чыгып, 18-августта Үрүмчүнү алган. Андан ары Фукан, Манас шаарларын алышы менен дунгандардын көтөрүлүшү жеңилүүгө учураган. Айрым изилдөөчү-адистердин (мис., А. Ходжаев) пикиринде дунгандардын көтөрүлүшүн басууда Цин өкмөтү жалпысынан 150 миң сандуу аскерин колдонгон. Бул көтөрүлүштү Цин империясынын аймагында жашашкан кыргыздар менен казактар да активдүү колдошкон. | ||
Ад.: ''Гейнс А. К.'' О восстании мусульманского насе­ления или дунганей в Западном Китае // Известия ИРГО. Т. 2. Вып. 3; ''Сушанло М.'' Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Янь­ху. Ф., 1959. | Ад.: ''Гейнс А. К.'' О восстании мусульманского насе­ления или дунганей в Западном Китае // Известия ИРГО. Т. 2. Вып. 3; ''Сушанло М.'' Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Янь­ху. Ф., 1959; Ходжаев А. Цинская империя, Джунгария и Восточный Туркестан (колониальная политики цинского Китая во второй половине ХIХ в.) М., 1979; Моисеев В. А. Россия и Китай в Центральной Азии (вторая половина XIX в. – 1917 г.). Барнаул, 2003. | ||
''Э. Турганбаев.'' | ''Э. Турганбаев.'' | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
04:40, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ДУНГАНДАРДЫН КӨТӨРҮЛҮШҮ – Цин империясынын курамына кирген дунган калкынын 1862–77-жылдардагы азаттык үчүн күрөшү. 1758-жылдары Жуңгар хандыгы күч менен Цин империясынын курамына киргизилгенден кийин мурунку Жуңгария жана Чыгыш Түркстанды камтыган чоң аймактык-административдик бирдик – Синьцзян («Жаңы аймак» же «Жаңы чек») округу түзүлгөн. Мындан ары расмий негизде Жуңгария аймагы «Тяньшань бейлу» («Түндүк округу»), ал эми Чыгыш Түркстан – «Тяньшань нанлу» («Түштүк округ») атала баштаган. Жалпысынан «Жаңы Кулжа» (Хой Юаньчэнь) борбору болуп, жергиликтүү бийликтин башында императордун өзгөчө буйругу менен дайындалган манжур улутундагы аскер адамы (цзяньцзюн) турган. Чыгыш Түркстан шаар-шаарларга бөлүнүп, Пекин аркылуу дайындалган бектер тарабынан башкарылган. Жүз жыл бою ислам дининдеги дунгандар Цин бийлиги тарабынан катуу эзилүүгө туш келген. Алар манжур тилинде сүйлөп, алардын кийимдерин кийинип жүрүшкөнү менен өздөрүн чыныгы мусулман (ичимдик ичпей, тамеки, апийим чекпей) эсептешкен жана өзүлөрүн «турген» деп аташса, кытайлар аларды «хой-хой» (мусулмандар) деп чакырган. Күчкө салып эркектеринин чачтарын өрдүртүп, аялдарынын бут манжаларын бекем таңып алып басууга жана кыздарын жалаң манжу улутундагы күйөөгө берүүгө мажбурлашкан. Ошондуктан, бул көтөрүлүш мүнөзү жагынан феодалдык эзүүгө каршы деп эсптелгенине карабай, алдын-ала «мусулман» жана «каапырлар» болуп бөлүнгөндүктөн, улут жана дин фактору өзгөчө роль ойногон. Көтөрүлүш 1862-жылы Шаньси провинциясындагы Синган шаарында башталып, ага себеп дунгандардын бир көпөсүн манжурлардын өлтүрүп коюшу шылтоо болгон. Дунгандарды уйгурлар, ал эми мусулман эмес манжурларды калмактар (дөрбөт, тыргоот, сибо, солондор) колдоп, ислам дининдеги кожолор менен имамдар жашына карабай, бардык эркектерди «каапырларга» каршы «газават» жарыялоого чакырышкан. Манжурлардын кийимдерин ыргытып, орто азиялыктарча кийинип, шаардан чегинээрде балдары жана аялдары «каапыр» душманынын колунда кетпесин үчүн аларды өз колдору менен өлтүрүп кетишкен. Шэньси жана Шаньси аймактарында көтөрүлүштөр күч алганда Чыгыш Түркстан борбордук башкаруудан бөлүнүп калган. Анын натыйжасында 1864-жылы жай айында Үрүмчүдө көтөрүлүш чыгып, аскер гарнизону талкаланган. Август айында Иле өрөөнүндө жайгашкан Синьцзяндын борбору Кулжа шаарындагы дунгандар көтөрүлгөн. Цин өкмөтү жардам сурап бир нече жолу Россия империясынан кайрылган, бирок орус бийлиги бул көтөрүлүштүн Орто Азияга ооп кетүүсүнөн кооптонуп, оң жооп берген эмес. 1866-жылы Шэньси жана Ганьсу провинцияларынын губернаторлугуна Цзо Цзунтанды дайындалган. Үрүмчүлүк дунгандарды Сахан-жан, Кожо-тиду, Мапалар, Иле дунгандарын Ажы-акун башкарган. 1866-жылы Борбордук Тянь-Шандын түштүк-чыгышында Карашаарга чейинки Баяндай, Манас, Гучан ж. б. шаарларды камтып, башында Лотай деген дунган турган кыска мезгилдеги дунган мамлекети түзүлгөн. Көп өтпөй кашкарлык кожолордун көтөрүлүшү башталып, адегенде Бузурук кожо, анан Йакуб бек бийликке келип, Кашкар шаары борбор болгон, башында Алты-Шаар, кийин Жети-Шаар мамлекети түзүлгөн. Натыйжада булардын ортосундагы саясий мамилелер курчуган. 1870-жылы Йакуб бек Үрүмчүгө чабуул жасаган. 1871-жылы өз коопсуздугун шылтоо кылган Россия империясы Илеге аскерин киргизген. 1873-жылы Цин аскери Ганьсу провинциясындагы көтөрүлүштү басууга жетишкен. Он ай даярдыктардан соң 1876-жылы февраль айында Цзо Цзунтан 70 миң аскери менен батышты карай жүрүшкө чыгып, 18-августта Үрүмчүнү алган. Андан ары Фукан, Манас шаарларын алышы менен дунгандардын көтөрүлүшү жеңилүүгө учураган. Айрым изилдөөчү-адистердин (мис., А. Ходжаев) пикиринде дунгандардын көтөрүлүшүн басууда Цин өкмөтү жалпысынан 150 миң сандуу аскерин колдонгон. Бул көтөрүлүштү Цин империясынын аймагында жашашкан кыргыздар менен казактар да активдүү колдошкон.
Ад.: Гейнс А. К. О восстании мусульманского населения или дунганей в Западном Китае // Известия ИРГО. Т. 2. Вып. 3; Сушанло М. Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Яньху. Ф., 1959; Ходжаев А. Цинская империя, Джунгария и Восточный Туркестан (колониальная политики цинского Китая во второй половине ХIХ в.) М., 1979; Моисеев В. А. Россия и Китай в Центральной Азии (вторая половина XIX в. – 1917 г.). Барнаул, 2003.
Э. Турганбаев.