ЖЫРГАЛАҢ (шаар калдыгы): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖЫРГАЛАҢ 2 to ЖЫРГАЛАҢ (шаар калдыгы)) |
(Айырма жок)
|
05:56, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫРГАЛАҢ – орто кылымга таандык шаар калдыгы. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка кыштагынын батышындагы Жыргалаң булуңунда жайгашкан. Төрт бурчтуу дубалынын бийиктиги 1,5–2,5, туурасы 2 м. Тегерете кенен казылган терең аң менен курчалган. Ичинде көптөгөн курулуш калдыктары калган. 1949-жылы А. Н. Бернштам изилдеп, I–XV кылымдарга таандык шаар деген жыйынтыкка келген. 1961-жылдагы Д. Ф. Винник жүргүзгөн изилдөөдө Жыргалаң VIII кылымда пайда болуп, XIII кылымдын башында моңгол чабуулунан кыйрагандыгын айкындаган.
Ад.: Бернштам А. Н. Историко-археологические очерки Центрального Тянь-Шаня и Памиро-Алая. М.; Л., 1952.