ЖЫРГАЛАҢ БУЛУҢУ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫРГАЛАҢ БУЛУҢУ</b> Ысык-Көлдүн чыгыш | <b type='title'>ЖЫРГАЛАҢ БУЛУҢУ</b> Ысык-Көлдүн чыгыш | ||
бөлүгүндө. Каракол | бөлүгүндө. Каракол шаарынан 7 <i>км</i> аралыкта. Узундугу 18 <i>км</i>, туурасы 1,5–2,5 <i>км</i>, жээк сызыгынын узундугу 42 <i>км</i>. Тереңдиги булуңдун оозунда 59 <i>м</i>. Бу­луң Жыргалаң суусунун өрөөнүнүн уландысы; синклиналдык ийилиште жайгашкан. Голоцен­де көлдүн суусу көтөрүлүп, өрөөндү каптап ка­луусунан пайда болгон. Өрөөндүн суу астында­гы уландысы 25 <i>км</i> аралыкка (120 <i>м</i> тереңдик­ке) чейин созулат. Жээги тик, тектирлүү, көлдүн деңгээлинен 15–37 <i>м</i>ге көтөрүлүп жатат. Жыр­галаң суусу булуңга куярда салааланып, дель­таны пайда кылат. Ал жылына 90 миң тдан ашык ылай, шиленди агызып келет. Жыргалаң­дын көл суусун тузсуздандырууда мааниси зор: анын чатынан 300 <i>м</i> аралыктагы туздуулу­гу 3,5 <i>г/л</i>, оозунда 5,9 <i>г/л</i>. Булуңдун төрүндө сейши кубулушу байкалат. Жээгинде Каракол пристаны, байыркы шаар чалдыбары (8-к.), сая­катчы Н. М. <i>Пржевальскийдин</i> мүрзөсү, эстели­ги ж-а мемориал музейи бар. Кийин белгилүү окумуштуу Х. <i>Карасаев</i> да ошол жерге коюл­ган. Булуңдан балык кармалат. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
07:54, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫРГАЛАҢ БУЛУҢУ Ысык-Көлдүн чыгыш бөлүгүндө. Каракол шаарынан 7 км аралыкта. Узундугу 18 км, туурасы 1,5–2,5 км, жээк сызыгынын узундугу 42 км. Тереңдиги булуңдун оозунда 59 м. Булуң Жыргалаң суусунун өрөөнүнүн уландысы; синклиналдык ийилиште жайгашкан. Голоценде көлдүн суусу көтөрүлүп, өрөөндү каптап калуусунан пайда болгон. Өрөөндүн суу астындагы уландысы 25 км аралыкка (120 м тереңдикке) чейин созулат. Жээги тик, тектирлүү, көлдүн деңгээлинен 15–37 мге көтөрүлүп жатат. Жыргалаң суусу булуңга куярда салааланып, дельтаны пайда кылат. Ал жылына 90 миң тдан ашык ылай, шиленди агызып келет. Жыргалаңдын көл суусун тузсуздандырууда мааниси зор: анын чатынан 300 м аралыктагы туздуулугу 3,5 г/л, оозунда 5,9 г/л. Булуңдун төрүндө сейши кубулушу байкалат. Жээгинде Каракол пристаны, байыркы шаар чалдыбары (8-к.), саякатчы Н. М. Пржевальскийдин мүрзөсү, эстелиги ж-а мемориал музейи бар. Кийин белгилүү окумуштуу Х. Карасаев да ошол жерге коюлган. Булуңдан балык кармалат.