ЖЫРГАЛАҢ ПОЛИМЕТАЛЛ КЕНДЕРИ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖЫРГАЛАҢ ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНДЕРИ</b> Ысык- | <b type='title'>ЖЫРГАЛАҢ ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНДЕРИ</b> Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Каракол шаарынан чыгыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Жыргалаң, Каркыра суулары­нын аралыгында. Мында ондон ашык кен бар (Эки-Чат, Чаар-Кудук, Үч-Кашка, Каркыра, Таш-Дөбө, Темир-Төр-Булак, Жогорку Жырга­лаң ж. б.). Айрым кендери (Чаар-Кудук ж. б.) жергиликтүү элге илгертен белгилүү болсо да, көпчү­лүгүнө геологиялык чалгындоо 1950–60-жылдары гана жүргүзүлгөн. Аймагында каледон интрузияла­ры, ордовиктеги метаморфизмделген тектер, де­вондогу жанартоо, таш көмүр мезгилиндеги чөкмө тектер жатат. Морфологиясы, түзүлүшү ж-а курам өзгөчөлүктөрү боюнча кендер эки топко бөлүнөт. Биринчисине Темир-Төр-Булак, Жогор­ку Жыргалаң ж. б. кендер кирет. Булар тек­тоникалык жаракалардын брекчияланган аймакта­рындагы кварц ж-а кальцит тарамдарында кез­дешет. Экинчиси – акиташ тектери (калыңды­гы 40–80 <i>м</i>) м-н байланышкан стратиформдук кендер. Алардын ичинен эң негизгиси ж-а жак­шы изилденгени Эки-Чат, Чаар-Кудук, Таш- Дөбө. Мында жездүү ж-а коргошундуу геологиялык эки горизонт кезигет. Халькопирит, борнит, халько­зин минералдары бар жездүү горизонт акиташ катмарларынын төмөнкү жагында (калыңды­гы 3,5 <i>м</i>) жездин кондициялык өлчөмү 1%ке жетет. Анын үстүндө коргошундуу горизонт жа­тат, калыңдыгы 0,5–5,0 <i>м</i>. Коргошундун өлчөмү 0,5–5,6%. Кенташ негизинен галенит, кээде сфа­лерит, халькопирит минералдарынан турат. Га­ленит чачыранды же уюган түрдө, кээде каль­цит тарамдары м-н акиташ тектеринде кабат, линза түрүндө жолугат. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
Көл | |||
чөкмө тектер жатат. Морфологиясы, түзүлүшү | |||
ж-а курам өзгөчөлүктөрү | |||
катмарларынын төмөнкү жагында (калыңды­гы 3,5 <i>м</i>) жездин кондициялык өлчөмү 1%ке жетет. Анын үстүндө коргошундуу горизонт жа­тат, калыңдыгы 0,5–5,0 <i>м</i>. Коргошундун өлчөмү 0,5–5,6%. Кенташ негизинен галенит, кээде сфа­лерит, халькопирит минералдарынан турат. Га­ленит чачыранды же уюган түрдө, кээде каль­цит тарамдары м-н акиташ тектеринде кабат, линза түрүндө жолугат. [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
09:21, 1 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖЫРГАЛАҢ ПОЛИМЕТА́ЛЛ КЕНДЕРИ Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан. Каракол шаарынан чыгыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Жыргалаң, Каркыра сууларынын аралыгында. Мында ондон ашык кен бар (Эки-Чат, Чаар-Кудук, Үч-Кашка, Каркыра, Таш-Дөбө, Темир-Төр-Булак, Жогорку Жыргалаң ж. б.). Айрым кендери (Чаар-Кудук ж. б.) жергиликтүү элге илгертен белгилүү болсо да, көпчүлүгүнө геологиялык чалгындоо 1950–60-жылдары гана жүргүзүлгөн. Аймагында каледон интрузиялары, ордовиктеги метаморфизмделген тектер, девондогу жанартоо, таш көмүр мезгилиндеги чөкмө тектер жатат. Морфологиясы, түзүлүшү ж-а курам өзгөчөлүктөрү боюнча кендер эки топко бөлүнөт. Биринчисине Темир-Төр-Булак, Жогорку Жыргалаң ж. б. кендер кирет. Булар тектоникалык жаракалардын брекчияланган аймактарындагы кварц ж-а кальцит тарамдарында кездешет. Экинчиси – акиташ тектери (калыңдыгы 40–80 м) м-н байланышкан стратиформдук кендер. Алардын ичинен эң негизгиси ж-а жакшы изилденгени Эки-Чат, Чаар-Кудук, Таш- Дөбө. Мында жездүү ж-а коргошундуу геологиялык эки горизонт кезигет. Халькопирит, борнит, халькозин минералдары бар жездүү горизонт акиташ катмарларынын төмөнкү жагында (калыңдыгы 3,5 м) жездин кондициялык өлчөмү 1%ке жетет. Анын үстүндө коргошундуу горизонт жатат, калыңдыгы 0,5–5,0 м. Коргошундун өлчөмү 0,5–5,6%. Кенташ негизинен галенит, кээде сфалерит, халькопирит минералдарынан турат. Галенит чачыранды же уюган түрдө, кээде кальцит тарамдары м-н акиташ тектеринде кабат, линза түрүндө жолугат.