ДУНГАН АДАБИЯТЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
мNo edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДУНГАН АДАБИЯТЫ''' – дунган элинин адабия­ты. Орто Азиялык дунгандардын Октябрь революциясы­на чейин жазмасы болгон эмес. Бирок алардын бай фольклору болгон. Оозеки чыгармаларын­да негизги орун баатырдык баяндарга таандык. Дунган фольклорунун кеңири тараган дагы бир түрү – ыр (песня), ошондой эле ар кыл жанрдагы | '''ДУНГАН АДАБИЯТЫ''' – дунган элинин адабия­ты. Орто Азиялык дунгандардын Октябрь революциясы­на чейин жазмасы болгон эмес. Бирок алардын бай фольклору болгон. Оозеки чыгармаларын­да негизги орун баатырдык баяндарга таандык. Дунган фольклорунун кеңири тараган дагы бир түрү – ыр (песня), ошондой эле ар кыл жанрдагы жана мүнөздөгү жомокторго да бай. Айбанаттар, акыл­ман адамдар жана башкалар жөнүндөгү жомокторунда кедей­лердин мүдөөсүн көздөгөн идея берилет; жомок­торунун кыйласы дунган көтөрүлүштөрү жөнүндө. Дунган макал-ылакаптарында кылымдардан берки элдик акыл-насаат чагылдырылган. Оозе­ки чыгармалар Дунган адабиятынын жаралышы жана өнүгүшү үчүн эстетикалык негиз болгон. 1930-жылдар­дын башында дунган жазмасынын иштелип чы­гышы дунган адабиятынын пайда болушуна реалдуу шарт түзгөн. 1932-жылдан «Дун хуошир» («Чыгыш учкуну») гезити чыга баштаган. Ал гезитте Я. ''Шиваза'', Ю. Яншансин, Х. Макэ, К. Маев, Ю. Цунваза өңдүү акын-жазуучулардын алгач­кы чыгармалары жарыяланган. Дунган адабиятынын пай­да болушу жана өнүгүшү акын Я. Шивазанын ысмы менен тыгыз байланыштуу. 1932-жылы «Эмгек гүлү» аттуу альманах чыгарылган. Хусе Макэ­нин «Гунку хуа» («Эмгек гүлү», 1934), «Туйгы гунку» («Туңгуч эмгек», 1936), «Вэди Жищен» («Эскерүүлөр», 1958) деген ыр жыйнактары жа­рык көргөн. 1950-жылдары Дунган адабиятынын майданына А. Арбуду, Махмуд Хасанов кошулган. А. Ар­будунун «Аял жүрөгү», «Кыз кыялы» деген по­весттери, «Бир таштын тарыхы», «Эне мээрими» сыяктуу аңгемелери бар. М. Хасановдун да аң­гемелери, повесттери белгилүү. Кийин Дунган адабиятынын катары И. Шысыр, Х. Ливазхажиева сыяктуу таланттар менен толукталды. Азыркы учурда Дунган адабияты көп жанрдуу өнүккөн адабиятка айланды. Я. Шивазанын, А. Арбудунун айрым чыгарма­лары кыргыз тилине которулган. | ||
[[Категория:3-том, 86-170 бб]] | [[Категория:3-том, 86-170 бб]] |
04:06, 4 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ДУНГАН АДАБИЯТЫ – дунган элинин адабияты. Орто Азиялык дунгандардын Октябрь революциясына чейин жазмасы болгон эмес. Бирок алардын бай фольклору болгон. Оозеки чыгармаларында негизги орун баатырдык баяндарга таандык. Дунган фольклорунун кеңири тараган дагы бир түрү – ыр (песня), ошондой эле ар кыл жанрдагы жана мүнөздөгү жомокторго да бай. Айбанаттар, акылман адамдар жана башкалар жөнүндөгү жомокторунда кедейлердин мүдөөсүн көздөгөн идея берилет; жомокторунун кыйласы дунган көтөрүлүштөрү жөнүндө. Дунган макал-ылакаптарында кылымдардан берки элдик акыл-насаат чагылдырылган. Оозеки чыгармалар Дунган адабиятынын жаралышы жана өнүгүшү үчүн эстетикалык негиз болгон. 1930-жылдардын башында дунган жазмасынын иштелип чыгышы дунган адабиятынын пайда болушуна реалдуу шарт түзгөн. 1932-жылдан «Дун хуошир» («Чыгыш учкуну») гезити чыга баштаган. Ал гезитте Я. Шиваза, Ю. Яншансин, Х. Макэ, К. Маев, Ю. Цунваза өңдүү акын-жазуучулардын алгачкы чыгармалары жарыяланган. Дунган адабиятынын пайда болушу жана өнүгүшү акын Я. Шивазанын ысмы менен тыгыз байланыштуу. 1932-жылы «Эмгек гүлү» аттуу альманах чыгарылган. Хусе Макэнин «Гунку хуа» («Эмгек гүлү», 1934), «Туйгы гунку» («Туңгуч эмгек», 1936), «Вэди Жищен» («Эскерүүлөр», 1958) деген ыр жыйнактары жарык көргөн. 1950-жылдары Дунган адабиятынын майданына А. Арбуду, Махмуд Хасанов кошулган. А. Арбудунун «Аял жүрөгү», «Кыз кыялы» деген повесттери, «Бир таштын тарыхы», «Эне мээрими» сыяктуу аңгемелери бар. М. Хасановдун да аңгемелери, повесттери белгилүү. Кийин Дунган адабиятынын катары И. Шысыр, Х. Ливазхажиева сыяктуу таланттар менен толукталды. Азыркы учурда Дунган адабияты көп жанрдуу өнүккөн адабиятка айланды. Я. Шивазанын, А. Арбудунун айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.