ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
мNo edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕН</b> – түрк элдеринин оозеки
<b type='title'>ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕН</b> – түрк элдеринин оозеки чыгармаларындагы чечендик жана акылмандык жагынан элдик мүдөөнү туюндурган санжырга&shy;луу каарман. Жээренче чечен окуяларынын бир даарын алтай, крым, тобол (түмөн) татарларынан В. В. Радлов жазып алып (19-кылым) жарыялаган. Көпчүлүк иликтөөчүлөр анын чындыгын так&shy;тоого аракеттенгендигине карабастан, чечендин өмүр баяны, ата-теги жөнүндө так маалымат жок. Ал калк оозунда сөзгө устат, чечен, кара кыл&shy;ды как жарган калыс, жандуунун гана эмес, жансыздын да дилин, тилин түшүнгөн олуя, болжолу <i>Жаныбек хандын</i> ордосунда кеңешчи болуп кызмат өтөгөн акылман, кара өзгөй хан&shy;дын каарына калып, куугунтукка алынган та&shy;рыхый инсан катары сүрөттөлөт. Кыргыз фоль&shy;клору боюнча Жээренче чечен  <i>Асан Кайгы, Токтогул ырчы, Толубай сынчынын</i> замандашы болгон. Жээренче чечендин сөзгө чеберлиги, айлакердиги бала кезинде эле байкалган. Ал анын тоо элинен элчиликке ба&shy;рып, хандын бир дооматына чукугандай сөз таап, өз элин бүлгүнчүлүктөн куткарып калган&shy;дыгынан ачык көрүнөт. Жээренче чечен окуялары көп катмарлуу. Анда шарттуу түрдө чыгарманын түзүлгөн аймагы жөнүндө маалымат берилген. Бир учурда окуянын түзүлгөн орду катарында Сыр (Сыр-Дарыя) бою көрсөтүлсө, экинчи маалымат&shy;та Кыпчак талаасындагы (Дешт-и-Кыпчак) Жа&shy;ныбекти баласы Бердибек (бир кабарда иниси) өлтүрүп, ордуна хан болуп, «түрк балдары» кол&shy;доого алышы сыяктуу тарыхый окуялар чагыл&shy;дырылат. Жээренче чечен нускалуу сөздөрү менен калктын көркөм табитинен кеңири өңүт алып, кылым аралап өчпөй келе жатат.
чыгармаларындагы чечендик жана акылмандык жагынан элдик мүдөөнү туюндурган санжырга&shy;луу каарман. Жээренче чечен окуяларынын бир даарын алтай, крым, тобол (түмөн) татарларынан В. В. Радлов жазып алып (19-к.) жарыялаган. Көпчүлүк иликтөөчүлөр анын чындыгын так&shy;тоого аракеттенгендигине карабастан, чечендин
өмүр баяны, ата-теги жөнүндө так маалымат жок. Ал калк оозунда сөзгө устат, чечен, кара кыл&shy;ды как жарган калыс, жандуунун гана эмес, жансыздын да дилин, тилин түшүнгөн олуя, болжолу <i>Жаныбек хандын</i> ордосунда кеңешчи болуп кызмат өтөгөн акылман, кара өзгөй хан&shy;дын каарына калып, куугунтукка алынган та&shy;рыхый инсан катары сүрөттөлөт. Кыргыз фоль&shy;клору боюнча Жээренче чечен  <i>Асан Кайгы, Токтогул ырчы, Толубай сынчынын</i> замандашы болгон. Жээренче чечендин сөзгө чеберлиги, айлакердиги бала кезинде эле байкалган. Ал анын тоо элинен элчиликке ба&shy;рып, хандын бир дооматына чукугандай сөз таап, өз элин бүлгүнчүлүктөн куткарып калган&shy;дыгынан ачык көрүнөт. Жээренче чечен окуялары көп катмарлуу. Анда шарттуу түрдө чыгарманын түзүлгөн аймагы жөнүндө маалымат берилген. Бир учурда окуянын түзүлгөн орду катарында Сыр (Сыр-Дарыя) бою көрсөтүлсө, экинчи маалымат&shy;та Кыпчак талаасындагы (Дешт-и-Кыпчак) Жа&shy;ныбекти баласы Бердибек (бир кабарда иниси) өлтүрүп, ордуна хан болуп, «түрк балдары» кол&shy;доого алышы сыяктуу тарыхый окуялар чагыл&shy;дырылат. Жээренче чечен нускалуу сөздөрү менен калктын көркөм табитинен кеңири өңүт алып, кылым аралап өчпөй келе жатат.


Ад.: <i>Радлов В. В.</i> Образцы народной литературы северных тюркских племён. СПб. (1886–1872–1906),
Ад.: <i>Радлов В. В.</i> Образцы народной литературы северных тюркских племён. СПб. (1886–1872–1906), Ч. I, IV, VII; Казак ертегилери. Алматы, 1962. Т. I, III; Кыргыз эл жомоктору. Ф., 1975; <i>Потанин Г. Н</i>. Очерки Северо-Западной Монголии. – Вып. II. 1881; <i>Кебекова Б.</i> Кыргыз-казак фольклордук байланышы. Ф., 1982; КР УИАнын кол жазмалар фонду, инв. № 809, 378, 5516, 1640, 1021 ж. б.
Ч. I, IV, VII; Казак ертегилери. Алматы, 1962. Т. I,
 
III; Кыргыз эл жомоктору. Ф., 1975; <i>Потанин Г. Н</i>. Очерки Северо-Западной Монголии. – Вып. II. 1881; <i>Кебекова Б.</i> Кыргыз-казак фольклордук байланышы. Ф., 1982; КР УИАнын Кол жазмалар фонду, инв. ¹809, 378, 5516, 1640, 1021 ж. б.
<i>Б. Кебекова.</i>  
<i>Б. Кебекова.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]]
[[Категория:3-том, 327-448 бб]]

04:45, 4 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ЖЭЭРЕНЧЕ ЧЕЧЕН – түрк элдеринин оозеки чыгармаларындагы чечендик жана акылмандык жагынан элдик мүдөөнү туюндурган санжырга­луу каарман. Жээренче чечен окуяларынын бир даарын алтай, крым, тобол (түмөн) татарларынан В. В. Радлов жазып алып (19-кылым) жарыялаган. Көпчүлүк иликтөөчүлөр анын чындыгын так­тоого аракеттенгендигине карабастан, чечендин өмүр баяны, ата-теги жөнүндө так маалымат жок. Ал калк оозунда сөзгө устат, чечен, кара кыл­ды как жарган калыс, жандуунун гана эмес, жансыздын да дилин, тилин түшүнгөн олуя, болжолу Жаныбек хандын ордосунда кеңешчи болуп кызмат өтөгөн акылман, кара өзгөй хан­дын каарына калып, куугунтукка алынган та­рыхый инсан катары сүрөттөлөт. Кыргыз фоль­клору боюнча Жээренче чечен Асан Кайгы, Токтогул ырчы, Толубай сынчынын замандашы болгон. Жээренче чечендин сөзгө чеберлиги, айлакердиги бала кезинде эле байкалган. Ал анын тоо элинен элчиликке ба­рып, хандын бир дооматына чукугандай сөз таап, өз элин бүлгүнчүлүктөн куткарып калган­дыгынан ачык көрүнөт. Жээренче чечен окуялары көп катмарлуу. Анда шарттуу түрдө чыгарманын түзүлгөн аймагы жөнүндө маалымат берилген. Бир учурда окуянын түзүлгөн орду катарында Сыр (Сыр-Дарыя) бою көрсөтүлсө, экинчи маалымат­та Кыпчак талаасындагы (Дешт-и-Кыпчак) Жа­ныбекти баласы Бердибек (бир кабарда иниси) өлтүрүп, ордуна хан болуп, «түрк балдары» кол­доого алышы сыяктуу тарыхый окуялар чагыл­дырылат. Жээренче чечен нускалуу сөздөрү менен калктын көркөм табитинен кеңири өңүт алып, кылым аралап өчпөй келе жатат.

Ад.: Радлов В. В. Образцы народной литературы северных тюркских племён. СПб. (1886–1872–1906), Ч. I, IV, VII; Казак ертегилери. Алматы, 1962. Т. I, III; Кыргыз эл жомоктору. Ф., 1975; Потанин Г. Н. Очерки Северо-Западной Монголии. – Вып. II. 1881; Кебекова Б. Кыргыз-казак фольклордук байланышы. Ф., 1982; КР УИАнын кол жазмалар фонду, инв. № 809, 378, 5516, 1640, 1021 ж. б.

Б. Кебекова.